Жалал-Абад облусунун Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды

11 июня 2021

Катталган талапкерлер айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы добушун албагандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды.

Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – райондун мамлекеттик администрациясы көрсөткөн Нурматов Кудайкул Эргешович, айылдык кеңештин депутаттары көрсөткөн Пирназаров Турсуналы, Ташбаев Зулумбек Арзыгулович, Турдуматов Руслан Стамбекович катталган.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү