КР БШК Ош облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындады
09 июня 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 9-июнундагы жыйналышында 2021-жылдын 8-июнуна дайындалган шайлоодо талапкерлер айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү добушун албагандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчылары шайланбай калгандыктан Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор, Кашка-Жол, Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор жана Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоо жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 23-июнуна дайындалды.
Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Кара-Кулжа жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
