Ош облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү
08 июня 2021
2021-жылдын 8-июнунда Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо, Төө-Моюн, Алай районунун Жаңы-Алай, Кара-Суу районунун Мады, Өзгөн районунун Дөң-Булак, Ак-Жар, Чоң-Алай районунун Жекенди, Чоң-Алай, Ноокат районунун Т.Зулпуев, Мирмахмудов айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү.
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Эшматов Рахманали Суюмбаевич, Шамуратов Абдилашим Орозович, Ахматов Аскарбек Исматуллаевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Эшматов Рахманали Суюмбаевич Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Керме-Тоо айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш беришти.
Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Орозбаев Мирланбек Абдимиталипович, Баймурзаев Дилмурат Кулмурзаевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Орозбаев Мирланбек Абдимиталипович Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Төө-Моюн айылдык кеңешинин баардык 21 депутатынын 16сы добуш беришти.
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Таалайбеков Чыңгыз Таалайбекович, Тажибаев Нурсултан Эшеналиевич, Урайимов Бактияр Жапарович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Тажибаев Нурсултан Эшеналиевич Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 11 депутатынын 8и добуш беришти.
Мады айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 5 талапкер – Абдивалиев Союзбек Суранович, Абдраимова Элнура Тайировна, Балтабаев Айбек Зундуевич, Боронов Сабыр Топчуевич, Олжобаев Уланбек Муркамилович катталган. Добуш берүү 2 турда өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Олжобаев Уланбек Муркамилович Мады айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Мады айылдык кеңешинин 21 депутатынын 13 депутаты добуш беришти.
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Бактыбаев Дыйканбай Мисиратилаевич, Барамбеков Нурбек Рахматилаевич, Нышанбаев Болотбек Нурулаевич, Турдукулов Момунбай Шералиевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Нышанбаев Болотбек Нурулаевич Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Жекенди айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11 депутаты добуш беришти.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Абдылдаев Аманилла Кудуратиллаевич, Мамажакыпов Өскөнбай Кубатидинович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Мамажакыпов Өскөнбай Кубатидинович Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Чоң-Алай айылдык кеңешинин 21 депутатынын 12 депутаты добуш беришти.
Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Шамши уулу Мелисбек, Жусупбеков Жаныш Жусупбекович, Мамазияев Алмазбек Жунусович, Мурзакулов Советбек Сыдыкович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Мурзакулов Советбек Сыдыкович Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Т.Зулпуев айылдык кеңешинин 31 депутатынын 17 депутаты добуш беришти.
Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Гаффаров Шукурилло Иномжанович, Сайтбаев Юсупжан Якубжанович катталган. Добуш берүү 2 турда өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Сайтбаев Юсупжан Якубжанович Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Мирмахмудов айылдык кеңешинин 31 депутатынын 20 депутаты добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
