Ысык-Көл облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү

08 июня 2021

2021-жылдын 8-июнунда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Булуң, Жыргалаң, Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой, Кара-Ой, Жети-Өгүз районунун Ырдык, Липенка айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү.

Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Торогелдиев Эркинбек Кашымбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Торогелдиев Эркинбек Кашымбекович Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ак-Булуң айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20сы добуш беришти.

Жыргалаң айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Мукалаев Талгат Абдыкадырович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Мукалаев Талгат Абдыкадырович Жыргалаң айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Жыргалаң айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты добуш беришти.

Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Абдырахманов Уланбек Кадыркулович, Кожокеев Элдияр Базарбекович, Барыктабасов Улан Асангазыевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Абдырахманов Уланбек Кадыркулович Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин 21 депутатынын 12си добуш беришти.

Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Абдыкалыков Абайбек Курманович, Жумеков Эрлан Кемелович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жумеков Эрлан Кемелович Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кара-Ой айылдык кеңешинин 11 депутатынын 6 депутаты добуш беришти.

Ырдык айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Дыйканбаев Аскатбек Шарипович, Келгенбаев Анвар Исмаилович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Дыйканбаев Аскатбек Шарипович Ырдык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ырдык айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш беришти.

Липенка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Докоев Урматбек Сырдыбаевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Докоев Урматбек Сырдыбаевич Липенка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Липенка айылдык кеңешинин 11 депутатынын 10у добуш беришти.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү