БШК Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
07 июня 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 7-июнундагы жыйналышында Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды.
- «Республика» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сариева Гулаим Жаанбаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Айтбаева Жылдыз Сагымбаевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Чечим Ош аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Г.Ж. Сариеванын Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
