Талас облусунун 2 айыл өкмөт башчысын шайлоо болуп өттү
07 июня 2021
2021-жылдын 7-июнунда Талас облусунун Манас районунун Кайыңды, Үч-Коргон айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Изабеков Азизбек Абасович, Узенбеков Кубатбек Каныбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Узенбеков Кубатбек Каныбекович, Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кайыңды айылдык кеңешинин 11 депутатынын 8и добуш беришти.
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Акимбаев Алмазбек Абдижалилович, Акматов Алмазбек Рашатович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Акимбаев Алмазбек Абдижалилович Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Үч-Коргон айылдык кеңешинин 21 депутатынын 12си добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
