Ысык-Көл облусунун кээ бир айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү
06 июня 2021
2021-жылдын 6-июнунда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке, Каракол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Тепке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Айтбосунов Азиз Васкеевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Айтбосунов Азиз Васкеевич Тепке айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Тепке айылдык кеңешинин 11 депутатынын баардык депутаттары добуш беришти.
Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Акматов Камчыбек Токтогожоевич, Калмакиев Азамат Турсуналиевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Акматов Камчыбек Токтогожоевич Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Каракол айылдык кеңешинин баардык 11 депутатынын 10у добуш беришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
