Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды

02 июня 2021

2021-жылы 2-июнда 2021-жылдын 19-майында дайындалган Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү. Атай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Жалилов Бакай Жакыпбекович, Бобукеев Бакдөөлөт Рыскулбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эки талапкер Атай айылдык кеңешинин баардык депутаттарынын добуштарынын тең санын алышты. Ошого байланыштуу Атай айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү