КР БШК Талас облусунун Бекмолдо айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады

01 июня 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 1-июнундагы жыйналышында Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.

Талас облусунун Талас районунун жаңы шайланган Бекмолдо айылдык кеңешинин биринчи сессиясы 2021-жылдын 31-майында болуп өттү.

Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөт башчысын шайлоо 2021-жылдын 20-июнуна дайындалды.

Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.

Талас аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү