КР БШК Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады

28 мая 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-майындагы жыйналышында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл өкмөт башчысын шайлоо 2021-жылдын 16-июнуна дайындалды.

Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун жаңы шайланган Арстанбап айыл кеңешинин биринчи сессиясы 2021-жылдын 24-майында болуп өттү.

Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү