Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары аныкталды

26 мая 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-майындагы жыйналышында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколун бекитти.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3-майындагы № 45 чечими менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылдык кеңешинин № 2199 шайлоо участогунда 2021-жылдын 16-майында кайра добуш берүү өткөрүлдү.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы 3 күндүк мөөнөттө жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк, төш белги тапшырат.

Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү