КР БШК Баткен облусунун бир катар айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындады

26 мая 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-майындагы жыйналышында Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак, Кадамжай районунун Ак-Турпак, Лейлек районунун Жаңы-Жер жана Кулунду айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.

Айыл кеңешинин аталышы

(шайланган дата)

Мандаттардын саны

Жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоо датасы

Жергиликтүү кеңештердин шайланган төрагалары

ЖӨБО башчыларын шайлоону өткөрүү датасы

Баткен облусу

Баткен району

1

Кара-Бак айыл кеңеши

31

19.05.2021

Шадимова Жамыйла

Жолдошбаевна

15-июнь 2021
саат 9:00дөн 12:00гө чейин

Кадамжай району

1

Ак-Турпак айыл кеңеши

21

17.05.2021

Имаров Алмарсбай Торалиевич

14-июнь 2021
саат 15:00дөн 18:00гө чейин

Лейлек району

1

Жаңы-Жер айыл кеңеши

21

17.05.2021

Эгембердиев Саатбек Искендерович

15-июнь 2021
саат 9:00дөн 12:00гө чейин

2

Кулунду айыл кеңеши

31

18.05.2021

Орозалиев Шайырбек Нишанбаевич

15-июнь 2021
саат 15:00дөн 18:00гө чейин

 

Чечимдер “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.

Аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү