КР БШК Талас облусунун 5 айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады
20 мая 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-майындагы жыйналышында Талас облусунун Манас районунун Кайыңды, Покровка, Үч-Коргон, Май жана Кыргызстан айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аталышы |
Мандаттардын саны |
Жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоо датасы |
Кеңештин шайланган төрагасы |
Шайлоо өткөрүү датасы жана убактысы |
|
|
|
Талас облусу |
|||||||
|
Манас району |
|||||||
|
|
1 |
Кайыңды айыл өкмөтү |
11 |
14.05.2021 |
Узенбеков Кубатбек Каныбекович |
9-июнь 2021 саат 9-00дөн 12-00гө чейин |
|
|
|
2 |
Покровка айыл өкмөтү |
21 |
17.05.2021 |
Джапаркулов Турусбек Уваделдаевич |
9-июнь 2021 саат 9-00дөн 12-00гө чейин |
|
|
|
3 |
Үч-Коргон айыл өкмөтү |
21 |
14.05.2021 |
Жакыпбеков Аскарбек Калдыбаевич |
7-июнь 2021 саат 15-00дөн 18-00гө чейин |
|
|
|
4 |
Май айыл өкмөтү |
11 |
15.05.2021 |
Турсунова Салтанат Калиаскаровна |
8-июнь 2021 саат 15-00дөн 18-00гө чейин |
|
|
|
5 |
Кыргызстан айыл өкмөтү |
11 |
15.05.2021 |
Оморов Кемел Раимбабаевич |
8-июнь 2021 саат 9-00дөн 12-00гө чейин |
|
Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
Манас аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
