Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

30 апреля 2021

2021-жылдын 11-апрелинде Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Жалал-Абад шаарындагы жалпы шайлоочулардын саны 50126 болсо, анын 20077 шайлоочусу шайлоого катышкан, бул 40,05%ды түзөт.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчү Жалал-Абад шаарынын аймагында 25 шайлоо участкасы жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн.

2021-жылы 11-мартта Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери менен 5 саясий партиянын тизмесинде 293 талапкер катталган (алардын ичинен: 194 эркек, 99 аял).

2021-жылы 23-апрелде Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 7% тоскоолдуктан өтүп, катталган 5 партиянын ичинен 3 партия өттү:
1. «Ата-Журт Кыргызстан» - 61,19%
2. «Өнүгүү-Прогресс» - 14,32%
3. «Ыйман Нуру» - 12,20%

Жалал- Абад шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын ортосундагы мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
1. «Ата-Журт Кыргызстан» - 22 мандат;
2. «Өнүгүү-Прогресс» - 5 мандат;
3. «Ыйман Нуру» - 4 мандат.

"Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын БШКсы тийешелүү аймактагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.

КР БШК Маалымат бөлүмү