Чүй облусунун Аламүдүн районунун 14 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
29 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 29-апрелиндеги жыйынында 11-апрелде өткөн Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ак-Дөбө, Аламүдүн, Арашан, Ала-Арча, Грозд, Кара-Жыгач, Көк-Жар, Лебединовка, Ленин, Маевка, Октябрь, Пригород, Таш-Дөбө жана Таш-Мойнок айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитти.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы 3 күндүн ичинде жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарын каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырат.
Бул чечим "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 37-38-40-51-59-1, 62-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалымат бөлүмү
