Ысык-Көл облусунун  Түп районунун 13 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

29 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 29-апрелиндеги жыйынында 11-апрелде өткөн Ысык-Көл облусунун  Түп районундагы Кудургу, Ак-Булуң, Ак-Булак, Сары-Булак, Түп, Талды-Суу, Чоң-Таш, Санташ, Карасаев, Арал, Тогуз-Булак, Ысык-Көл, Михайловка айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитти.

Түп аймактык шайлоо комиссиясы 3 күндүн ичинде жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарын каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырат.

Бул чечим "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 37-38-40-51-59-1, 62-беренелерине ылайык кабыл алынды.

КР БШК Маалымат бөлүмү