Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 12 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
29 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 29-апрелиндеги жыйынында 11-апрелде өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы С.Атабеков, Багыш, Барпы, Кара-Алма, Кара-Дарыя, Курманбек, Кыз-Көл, Кызыл-Туу, Ленин, Сузак, Таш-Булак жана Ырыс айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитти.
Сузак аймактык шайлоо комиссиясы 3 күндүн ичинде жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарын каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырат.
Бул чечим "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 37-38-40-51-59-1, 62-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалымат бөлүмү
