Ош облусунун Кара-Суу районунун 10 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
28 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-апрелиндеги жыйынында 11-апрелде өткөн Ош облусунун Кара- Суу районундагы Жаңы-Арык, Жоош, Катта-Талдык, Кашкар- Кыштак, Кызыл-Суу, Мады, Сары-Колот, Савай, Сарай жана Шарк айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитти.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы 3 күндүн ичинде жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарын каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырат.
Бул чечим "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 37-38-40-51-59-1, 62-беренелерине ылайык кабыл алынды.


КР БШК Маалымат бөлүмү
