Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун 12 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
28 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-апрелиндеги жыйынында 11-апрелде өткөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр, Тамчы, Чоң-Сары-Ой, Темир, Садыр Аке, Семеновка, Абдрахман, Өрүктү, Бостери, Ананьев, Кара-Ой жана Күмбел айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитти.
Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы 3 күндүн ичинде жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарын каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырат.
Бул чечим "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 37-38-40-51-59-1, 62-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалымат бөлүмү
