Исфана шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

28 апреля 2021

2021-жылдын 11-апрелинде Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Исфана шаарындагы жалпы шайлоочулардын саны 19635 болсо, анын 7176 шайлоочусу шайлоого катышкан, бул 36,55%ды түзөт.

Исфана шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Исфана шаарынын аймагында 10 шайлоо участкасы жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн.

2021-жылы 11-мартта Кочкор-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери менен 9 саясий партиянын тизмесинде 467 талапкер катталган (алардын ичинен: 288 эркек, 179 аял).

2021-жылы 23-апрелде Исфана аймактык шайлоо комиссиясы Исфана шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктады.

Исфана шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:

Исфана шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 7% тоскоолдуктан өтүп, катталган 5 партиянын ичинен 5 партия өттү:
1. «Народно-демократическая партия Кыргызстана» - 23,12% 
2. «Мурас» - 18,35% 
3. «Өнугуу-Прогресс» - 15,37% 
4. «Республика» - 9,85% 
5. «Ынтымак» - 9,46%

Исфана шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын ортосундагы мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
1. «Народно-демократическая партия Кыргызстана» - 9 мандатов;
2. «Мурас» - 8 мандат; 
3. «Онугуу-Прогресс» - 6 мандат; 
4. «Республика» - 4 мандат; 
5. «Ынтымак» - 4 мандат.

"Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын БШКсы тийешелүү аймактагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.

КР БШК Маалымат бөлүмү