Нарын облусунун Ат-Башы районунун 10 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары аныкталды
26 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-апрелиндеги жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Баш,Ак-Жар,Ак-Талаа,Ача-Кайың,Ак-Муз,Ак-Моюн,Баш-Кайынды,Кара-Суу,Кара-Коюн жана Талды -Суу айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун бекитти.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшыруу жүктөлдү.
Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40,51,62-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
