Чүй облусунун Кемин районунун 8 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары аныкталды
25 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 24-апрелиндеги жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чуй облусунун Кемин районунун Ак-Түз, Ильичевка, А.Дүйшеев, Боролдой, Чоң-Кемин, Кызыл-Октябрь, Чым-Коргон жана Алмалын айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун бекитти.
Кемин аймактык шайлоо комиссиясына шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттоо жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшыруу жүктөлдү.
Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40,51,62-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
