Жалал- Абад облусунун Тогуз-Торо районунун 4 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары аныкталды

24 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 24-апрелиндеги жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай,Көк-Ирим ,Каргалык жана Сары-Булун  айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Тогуз-Торо  аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун бекитти.

Тогуз-Торо  аймактык шайлоо комиссиясына шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттоо жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшыруу жүктөлдү.

Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине,  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 51,62-беренелерине ылайык кабыл алынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү