КР БШК Чүй облусунун Чүй айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер А.В.Токобаеванын арызын канааттандыруудан баш тартты
23 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 23-апрелиндеги жыйынында Чүй районунун Чүй айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер А.В.Токобаеванын арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.
2021-жылдын 19-апрелинде, Кыргыз Республикасынын БШКсына Чүй облусунун Чүй айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Айнура Викторовна Токобаевадан Чүй айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Т.Калыковага байланыштуу арыз келип түшкөн.
Өзүнүн билдирүүсүндө А. В. Токобаева А. Т. Калыкова Чүй айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер катары катталып, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн башкы адиси болуп саналаарын көрсөтөт. Ушуга байланыштуу, ал бул “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-беренесинин ченемдерине жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 22-беренесинин ченемдерине каршы келет деп эсептейт.
Буга байланыштуу А. Т. Калыкова мамлекеттик жарандык кызматкер болгондуктан аны жергиликтүү кеңештин депутаты катары каттоодон баш тартууну суранат.
Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо үчүн Жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) отурумуна берилген арызда көрсөтүлгөн бардык жагдайларды тактоо үчүн, 2021-жылдын 21-апрелинде арыз ээси - Токобаева А.В жана Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы - Н.Эсенбекова (онлайн режиминде катышышты) чакырылган.
Материалдарды карап чыгып, кызыкдар тараптардын жүйөөлөрүн угуп, Жумушчу топ төмөнкүдөй жыйынтыкка келди.
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамынын (мындан ары - мыйзам) 49-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, "Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоолор дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт."
Мыйзамдын 17-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, “Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин талапкер төмөндөгүдөй учурларда кызматтык же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турат, эгерде ал:
1) Жогорку Кеңештин депутатынан же Президенттен тышкары, мамлекеттик саясий кызматкер болсо;
2) мамлекеттик кызматтын түрүнө карабастан (жарандык, аскердик, укук коргоо, дипломатиялык) мамлекеттик кызматкер болсо;
3) жергиликтүү кеңештин депутатын кошпогондо, муниципалдык саясий кызматкер болсо;
4) муниципалдык кызматкер болсо;
5) мамлекеттик (муниципалдык) үлүшү 30 пайыздан жогору болгон мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, мекеменин, ишкананын жетекчиси жана алардын бөлүмүнүн жетекчиси болсо;
6) жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкери болсо”.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын 2021-жылдын 4-мартындагы №26 / п буйругуна ылайык талапкер А.Т.Калыкованын кызматтык ыйгарым укуктары КР МККнын Борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн башкы адиси кызматынын ыйгарым укугу токтотулган. Белгилей кетүүчү нерсе, катталган талапкер аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган учурдан тартып, талапкердин статусуна байланыштуу укуктарынан ажырайт жана милдеттерден бошотулат.
Жогоруда аталган мыйзамдын 51-беренесинин 2-бөлүгүндө “Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жарыялагандан кийин жана депутаттыкка шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусуна дал келбеген кызматтан кетүү жөнүндө арыздарды алгандан кийин 3 күндүн ичинде , шайланган депутаттарды каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини тапшырат" деп жазылган.
Ушуга байланыштуу, бүгүнкү күндө Калыкова А.Т. жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер статусуна ээ, ал эми шайлоонун жыйынтыктары аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан аныктала элек.
Жогоруда келтирилгендердин негизинде, “Жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 17-49-59-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 6-7-18-беренелерин, 2017-жылдын 7-июлунда КР БШКнын №212-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдум өткөрүүдө шайлоо процессинин жана башка субьектилердин (катышуучулардын) жана шайлоочулардын арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссияларынын кароосунун тартиби жөнүндөгү жобону жетекчиликке алуу менен, Чүй районунун Чүй айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер А. В. Токобаеванын арызын канааттандыруудан баш тартуу чечими кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
