Ноокат, Кара-Суу, Ноокен жана Өзгөн АШКнын айрым шайлоо участкаларында добуштарды кайра саноо жүргүзүлдү

20 апреля 2021

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына Кыргыз Ата айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Алиев А., Мамасалиева Н., Боркошов М., Зулпуев Р., Эркебаев Б., Кыпчакова А., Ташбаева Ж., Матраимова А., Жайлообаевалардан №5382-участкалык шайлоо комиссиясындагы добуштарды кайра саноо жөнүндө арыздар келип түшкөн.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 37-беренесинин 6-пунктуна ылайык, Ноокат АШКсы №5382-шайлоо участкасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсүнүн, АШКнын, УШКнын өкүлдөрү, талапкерлер жана арыз берүүчүлөрдүн  катышуусунда добуштарды кайра эсептөө чечимин кабыл алды.

№5382-УШКдагы добуштарды кайра саноонун натыйжасында жараксыз 20 бюллетендин ичинен 6 бюллетень жарактуу деп табылды, кайра саноонун жыйынтыгы боюнча добуштар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

  1. Абдикеримов М. – 455
  2. Адинаев М. – 133
  3. Акимов С. – 70
  4. Алибаев К. – 310
  5. Алиев А. – 298
  6. Анарбаева У. – 167
  7. Боркошов М. – 263
  8. Жайлобаев М. -272
  9. Зулпуев Р. – 231
  10. Каримова Г. – 218
  11. Келдибек уулу Б. – 303
  12. Кыпчакова А. – 123
  13. Мамасалыев Н. – 206
  14. Матраимов А. – 203
  15. Ташалиева С. – 266
  16. Ташбаев мЖ. – 164
  17. Эркебаев Б. – 235
  18. Эсенали уулу У. – 311
  19. Бардыгына каршы - 0

Ошол эле учурда добуштарды кайталап саноонун натыйжасы, добуштарды алгачкы саноого ылайык шайланган депутаттардын тизмесине таасирин тийгизген жок.

Ошондой эле Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерден №5047-участкалык шайлоо комиссиясындагы добуштарды кайра саноо жөнүндө арыздар келип түшкөн.

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 37-беренесинин 6-пунктуна ылайык, Өзгөн АШКсы №5047-шайлоо участкасында добуштарды Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн, АШКнын, УШКнын, талапкерлердин жана арыз берүүчүлөрдүн катышуусунда кайра санап чыгуу чечимин кабыл алды.

№5047-УШКдагы добуштарды кайра саноонун натыйжасында жараксыз 17 бюллетендин ичинен 5 бюллетень жарактуу деп табылды.

Добуштарды кайра саноого ылайык, жарактуу деп табылган 5 бюллетенди эске алуу менен, кайра саноонун жыйынтыгы боюнча шайлоочулардын добуштары төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

 1. Абдуллаева Г. – 204

2. Абдразаков А. – 152

3. Азизбек уулу З. – 96

4. Айтимбетова Э. – 139

5. Ашимов О. – 102

6. Ашимов Б. – 154

7. Ашимова А. – 137

8. Бекташов А. – 201

9. Жолдошов А.  – 119

10. Маматалиев И. – 86

11. Матмунсаев М.  – 40

12. Мисиралиев О. – 111

13 Сатыбаев Р. – 178

14. Суранбаев Ж. – 124

15. Шаамшиев А. – 115

16. Эгемкулова З. – 74

17. Бардыгына каршы– 0 

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына Папан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Бактыбаев К.К.дан арыз келип түшүп, ал №5261-участкалык шайлоо комиссиясындагы добуштарды кайра эсептөө жөнүндө суранган.

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 37-беренесинин 6-пунктуна ылайык, Кара-Суу АШКсы №5261-шайлоо участкасында Борбордук комиссиянын мүчөсүнүн, АШКнын, УШКнын, талапкерлердин жана арыз берүүчүлөрдүн катышуусунда добуштарды кайра санап чыгуу чечимин кабыл алды.

 №5261-УШКдагы добуштарды кайталап саноонун натыйжасында, буга чейин жараксыз деп табылган 1 (бир) бюллетень, комиссиянын чечими менен жарактуу деп табылды, буга байланыштуу Папан айылдык кеңешине депутаттыкка талапкерлердин К.Бактыбаев, Н.Сайдазим уулу, Р.Кожобаева, Эсенбаева М., Аттокурова К. добуштарынын саны 1 (бир) добушка көбөйдү.

Ошол эле учурда добуштарды кайталап саноонун натыйжасы, добуштарды алгачкы саноого ылайык шайланган депутаттардын тизмесине таасирин тийгизген жок.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына Бүргөндү айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Н.Айдаралиев, З.Арстанбеков, К.Каратаевден №2401-участкалык шайлоо комиссиясындагы добуштарды кайра саноо боюнча арыз келип түшкөн.

№2401-УШКдагы добуштарды кайра саноонун жыйынтыктары боюнча, добуштар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

 Айдаралиев Нажимидин Макамбаевичч - 168

Арстанбеков Зайырбек Советбекович - 275

Ахмедов Кенжебек Абдивалиевич - 162

Бекмурат уулу Жылдызбек - 11

Ибрайимова Анаркан Абакуловна - 65

Карабекова Эльнура Талайбековна - 18

Каратаев Калдарбек Эшбаевич  - 132

Кыдыров Аширбек Омурзакович - 88

Матиев Равшан Махаматумарович - 91

Молдокеримова Бермет Абдибаитовна - 197

Наркулова Жазгүл Шахабидиновна - 185

Сейталиев Расулбек Азалиевич - 145

Усен уулу Чыңгыз - 142

Шайдуллаев Талантбек Бегимкулович - 95

Бардыгына каршы - 0

Добуштарды кайталап саноонун натыйжалары боюнча №2401-УШКда добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго өзгөртүүлөр киргизилген.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү