БШК КР ЖК  депутаты Жумалиев Кубанычбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

21 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 21- апрелиндеги өз жыйналышында “Бир Бол”парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жумалиев Кубанычбек Мырзабековичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Токтом «Бир Бол» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жумалиев Кубанычбек Мырзабековичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча келип түшкөн жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын  73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жумалиев Кубанычбек Мырзабековичтин күбөлүгү анык эмес деп табылды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү