БШК 7 шайлоо участогунда референдумдун добуштарын кайра санайт
20 апреля 2021
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 20-апрелдеги жыйынында Кыргыз Республикасынын референдумундагы (жалпы элдик добуш берүү) берилген добуштарды №1028,1029,1107, 1243, 1246, 1336, 1339 шайлоо участокторунда кайра саноону чечкен чечим кабыл алды. Мындай чечим КР БШКга 18-апрелде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн чечимдин, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 36-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесине ылайык кабыл алды.
КР БШК Маалымат бөлүмү
