Некролог – Өмүралиев Бактыбек Касымович
15 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы орду толгус жоготууга учурады. 58 жашка караган курагында КР БШКнын Тоң жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлү Өмүралиев Бактыбек Касымович дүйнөдөн кайтты.
Өмүралиев Бактыбек Касымович 1963-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. Бактыбек Касымович өз эмгек жолун Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Карл Маркс атындагы колхозунда курулуш бригадасынын бригадири болуп баштаган. Андан кийин Ысык-Көл облусунун Тоң районунун «Бакыт» чакан ишканасында директордун курулуш иштери боюнча орун басары болуп иштеген. 1993 – 1996-жылдары Балыкчы шаарында Ысык-Көл нефть өнүмдөр өндүрүштүк бирикмесинин оператору болуп эмгектенген.
1996-2003-жылдары Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Дыйкан чарбасынын, «Кара-Коо» агрохимтексервисинин, «Касым-Ата», «Кара-Коо» дыйкан чарбаларынын жетекчиси болуп иштеген.
2005-жылы Бактыбек Касымович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин “Ысык-Көл” биосфера аймагында инспекторлукка дайындалган. Тоң райондук кеңешинин депутаттыгына шайланган.
Өмүрүнүн акыркы он жылында Бактыбек Касымович Борбордук шайлоо комиссиясынын Тоң жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларында атайын өкүл кызмат ордун ээлеп турган.
Бактыбек Касымовичтин бүткүл кесиптик иши Ысык-Көл облусун өнүктүрүүгө жана анын тургандарына кызмат кылууга байланышкан.
Өмүралиев Бактыбек Касымович өз ишинин кесипкөйү болгон, уюштуруучулук жакшы жөндөмдөрү бар эле, алдына коюлган милдеттерди ыкчам жана сапаттуу чече билчү.
Бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, алардын орду толгус кайгысын тең бөлүшөбүз.

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
