БТИК: добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө

14 апреля 2021

Шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен саноонун натыйжалары боюнча аныкталат.

 Участок боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол УШК тарабынан эки нускада түзүлөт жана ага катышкан шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү кол коет. АШКнын протоколуна тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча эки нускада түзүлгөн жыйынтыктуу таблицасы, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири, ошондой эле келип түшкөн даттануулар (арыздар) жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер тиркелет (37-берене. "Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы).

Бишкек АШКсы добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен, шайлоонун натыйжаларын УШКлардан келип түшкөн протоколдордун негизинде аныктайт ("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 38-беренеси).

Шайлоочулардын эркин билдирүүгө таасирин тийгизген мыйзам бузуулар деп, жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылуу менен байланышкан, добуш берүү учурунда шайлоочулардын өз эркин билдирүүсүнө таасир эткен мыйзам бузуулар эсептелет, буга чейин Бишкек АШК арыздардын негизинде, 8 шайлоо участогундагы добушканадан тышкары жерде добуш берүүлөрдү жараксыз деп тапкан.

 Шайлоо процесстеринин бардык катышуучуларына шайлоо мыйзамдарында участкалык шайлоо комиссияларында добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча арыздарды берүүнүн үч күндүк мөөнөтү каралгандыгын маалымдайбыз. Ошол эле учурда, бардык арыздар далилденип, далилдер менен тастыкталууга тийиш экендигин эскертебиз.

 Ошентип, Бишкек АШК үч күндүк мөөнөттү күтөт (2021-жылдын 14-апрелине чейин), андан кийин шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө чечим кабыл алат.

Ошондой эле укук коргоо органдарынын кароосунда турган мыйзам бузуу фактылары боюнча иш улантыларын белгилейбиз. Тиешелүү чаралар компетенттүү органдардын корутундусу боюнча кабыл алынат.