Шайлоо жарыяланган күндөн баштап, БШКнын Жумушчу тобуна шайлоо процессинин катышуучуларынан 34 арыз келип түшкөн
11 апреля 2021
9-февралдан 10-апрелге чейин КР БШКнын шайлоо жана референдум өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча жумушчу топ шайлоо процессинин субъекттеринен 34 арыз кабыл алды. Алардын алтоо кийинчерээк кайтарылып алынган.
Аймактар боюнча кайрылуулар төмөнкүдөй: Бишкек - 15, Чүй облусу - 9, Ош - 2, Жалал-Абад облусу - 1, Ош облусу - 3, Баткен облусу - 3, Талас облусу - 1.
Арыздарды кароонун жыйынтыгы боюнча БШК 17 чечим кабыл алды. Алардын үчөө сотко даттанылып, 8 арыз боюнча маалыматтык жана түшүндүрмө мүнөздөгү каттар жөнөтүлдү.
Келип түшкөн арыздардын мүнөзү боюнча: шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнүн шарттарын бузуу - 6, АШКнын аракеттерине даттануу - 16, административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу боюнча - 1, талапкерди каттоо же жокко чыгаруу - 1, талапкер тууралуу жалган маалыматты атайылап таркатуу жөнүндө - 2 жана ар кандай арыздан - 1.
Бардык арыздар АШК жана БШК тарабынан текшерилет, айрым арыздар укук коргоо органдары менен биргеликте каралат.
КР БШК Маалымат бөлүмү
