Бишкек АШКсы шайлоо процессинин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде добуш берүүнүн купуялыгын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралгандыгын эскертет!
11 апреля 2021
Бишкек шаарынын шайлоо участкаларына добушканадан тышкары жерде добуш берүү үчүн 4 990 арыз келип түштү, анын ичинен 4001 шайлоочу добуш берди.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына "Жалпы иш" коомдук фондунан жана "Республика" саясий партиясынан добушканадан тышкары жерде добуш берүүдө шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы жөнүндө арыздар/ даттануулар келип түшкөн.
Даттануу менен арыздарда мүмкүн добуш сатып алуу, добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу жана ар кандай кысым көрсөтүү жөнүндө айтылат (добуш берүүнүн купуялыгын бузгандыгы жөнүндө жүйөлөр видео жазуулар менен тастыкталат).
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине ылайык: "Шайлоочу бюллетенди башка адамдардын катышуусуна жол берилбеген атайын жабдылган жерде толтурат. Атайын жабдылган жер шайлоо бюллетенин толтурууда шайлоочунун эркинин купуялуулугун жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана байкоочулар тарабынан шайлоочунун аракеттерин контролдоо мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен орнотулушу же даярдалышы керек. "
Добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуунун бир түрү болуп саналат. Жарандардын бул укугун эч кандай жол менен чектөөгө болбойт. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде добуш берүүнүн купуялыгын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралган (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 191-беренеси).
Бишкек АШКсы жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук жаратуунун ар кандай формасына жол берилбестиги жөнүндө маалымдайт.
2021-жылдын 10-апрелинде Бишкек АШКсы өз арызында ушул даттанууларды карап чыгып, Бишкек шаарындагы төмөнкү шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарды:
- Ленин району боюнча: № 1028, 1029, 1026 УШКларда;
- Свердлов району боюнча: №1309, 1312, 1311 УШКларда.
