Шайлоого – 3,3 млн, референдумга 3,6 млн адам шайлоочулардын тизмесине киргизилген

11 апреля 2021

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоочулардын тизмесине бардыгы 3 318 130 шайлоочу, ал эми референдумдун катышуучуларынын тизмесине 3 606 201 адам киргизилген. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо бүт бардык шаарларда жана аймактарда жана чет өлкөлөрдө өткөрүлбөгөндүгүнө байланыштуу шайлоочулардын тизмеси референдумдун катышуучуларынын тизмесинен айырмаланып турат.

Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо партиялардын талапкерлеринин тизмеси үчүн добуш берилет, орундар шайлоочулардын 7%дан ашык добушун алган саясий партиялардын ортосунда шайлоочулардын добушун алган санына пропорциялуу бөлүштүрүлөт.

Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуучу 59 саясий партия 11 782 талапкерди көрсөттү жана атаандаштык орточо алганда бир орунга 14 талапкерди түзөт.

Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү көп мандаттуу шайлоо округдарында ишке ашырылат, аларда шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган талапкерлер шайланды деп эсептелет. Мында ар бир айылдык кеңештеги орундардын 30%ы аялдар үчүн резервге калтырылган.

Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 18 772 талапкер катталган, атаандаштык орточо алганда бир орунга 2ден ашык адамды түзөт.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү