КР БШК жана чет өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрү шайлоонун аныктыгын камсыздоо боюнча тажрыйба алмашты
10 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында чет өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга төмөнкүлөр катышты: Чимил Дорин – Молдова Республикасынын БШК төрагасы, Даштевски Александар – Македония Республикасынын Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын төрагасы, бул өлкөлөрдүн, Азербайжандын, Тажикстандын, Украинанын жана Белорустун шайлоо органдарынын, Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин өкүлдөрү.
Шайлоону жана референдумду уюштурууда шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын күч-аракеттери жана тажрыйбасы белгиленди.
КР БШК төрагасы катышуучуларга алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу өзгөчөлүктөр, анын ичинде айылдык кеңештерде мандаттардын 30 пайызын аялдар үчүн резервге калтыруу, саясий партиялардын жана талапкерлердин шайлоо фонддорунун каржылык айкындуулугу жөнүндө маалымат берди.
Македониянын МШК төрагасы Даштевски Александар өз өлкөсүндө шайлоо тутумуна Кыргызстандыкына окшош механизмди киргизүүгө даярданып жаткандыгына байланыштуу шайлоочуларды идентификациялоо жана добуштарды автоматтык түрдө саноо технологиялары аркылуу шайлоонун аныктыгын камсыздоо боюнча Кыргызстандын тажрыйбасына кызыккандыгын айтты.
Молдованын БШК төрагасы Чимил Дорин чет өлкөлөрдө добуш берүүнү уюштуруу тажрыйбасы менен бөлүшүп, тышкы мигранттардын саны көп экендигине карабастан, өлкөсү чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн 400 миң шайлоочунун эрк-ниетин билдирүүсүн эки турда камсыздай алгандыгын белгиледи.
Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин мүчөсү Акгюн Махмут шайлоо пандемия мезгилинде өткөнүнө басым жасап, бардык зарыл шарттар көрүлгөндүгүн канааттануу менен белгиледи.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

