Бүгүн Кыргызстанда – “жымжырттык күнү”

10 апреля 2021

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шайлоо алдында үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда б.а. 2021-жылдын 10-апрелинде саат 8:00дөн тартып токтотулат.

Ошону менен бирге мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жайгаштырылган басылма үгүт материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берүү күнү мурдагы орундарында сакталат.

Бардык каржылык операциялар, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен атайын эсептер боюнча эсептешүү добуш берүү күнүнөн мурунку күнү б.а. 2021-жылдын 10-апрелинде саат 18де токтотулат.

Укукка каршы үгүт иштери жүргүзүлгөн учурда бузуучуларга карата тиешелүү чаралар колдонулат.

Кыргыз Республикасынын 448 жергиликтүү кеңешине, анын ичинде 420 – айылдык, 28 шаардык кеңешке шайлоо эртең – 2021-жылы 10-апрелде өтөт.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү