БШК Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
08 апреля 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 8-апрелиндеги жыйналышында Баткен облусунун Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мусурманкулов Байышбек Жусупович, Шамши уулу Сражидин комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Өмүрзакова Чынара Зиядиновна, Сейдалиев Элмурат Акрамалиевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Чечим Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Б.Ж. Мусурманкуловдун жана С. Шамши уулунун арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 14, 18, 19-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
