Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузуу боюнча даттанууларга байланыштуу Бишкек АШКнын маалыматы

05 апреля 2021

2021-жылдын 4-апрелинде Бишкек АШК жыйналышында бир катар чечимдерди кабыл алды:

Бишкек АШКга «Ишеним» саясий партиясы тараптан шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузуу боюнча даттануу түштү. Анда «Ишеним» саясий партиясынын жана анын лидеринин «Ынтымак» муниципалдык паркында жаш көчөт тиккени, бул кайрымдуулук кылуу белгилерине туура келери айтылат. Бул акцияны Бишкек АШК шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандык деп эсептеп, «Ишеним» саясий партиясына кат жүзүндө эскертүү берди.

«Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы тарабынан эстрада жылдыздарынын катышуусунда Жеңиш аянтында концерттик иш-чара өткөрүлггөн факты боюнча санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдуу юштуруунун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча аракеттердин алгоритмин бузгандыгы үчүн Бишкек АШК чечими менен «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясына кат жүзүндө эскертүү берди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү