Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого «Гүлнур вей» КФ байкоо жүргүзөт
01 апреля 2021
2021-жылдын 1-апрелиндеги отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы "Гүлнур вей" коомдук фондунан КР БШКга келип түшкөн 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүү ниети жөнүндө билдирүүсүнө көңүл бурду. Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына белгиленген формадагы күбөлүктөрдү берүү менен коммерциялык эмес уюмдун коомдук байкоочуларын каттоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.
Чечим "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-1-беренесине, "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7, 18-беренелерине, КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы УП №21 "КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө" жарлыгына, КР БШКнын 2017-жылдын 11-июлунда бекитилген "КР Президентин, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана КР референдумунда коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө" №226 жобосуна ылайык жана "Гүлнур вей" коомдук фондунун билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынды.
КР БШК Маалымат бөлүмү
