Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого "Ак-Тан Би" КФ байкоо жүргүзөт

01 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 1-апрелиндеги отурумунда, КР БШКсына "Ак-Тан Би" коомдук фондусунан 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүү ниети жөнүндө билдирүү келип түшкөн. Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына белгиленген формадагы күбөлүктөрдү берүү менен коммерциялык эмес уюмдун коомдук байкоочуларын каттоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.

Чечим "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-1-беренесине, "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7, 18-беренелерине, КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы УП №21 "КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө" жарлыгына, КР БШКнын 2017-жылдын 11-июлунда бекитилген "КР Президентин, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана КР референдумунда коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө" №226 жобосуна ылайык жана "Ак-Тан Би" коомдук фондунун билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынды.

КР БШК Маалымат бөлүмү