Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

01 апреля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 1-апрелиндеги жыйналышында Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону болуп өттү деп таануу токтомун кабыл алды.

2021-жылы 26-мартта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 12-мартындагы №56 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары көрсөткөн 1 талапкер – Сабиров Алимбек Ибрахимович катталган.

Добуш берүүгө Ак-Сай айылдык кеңешинин 21 депутатынын 19у катышкан. Добуш берүүдө А.И. Сабиров 18 добуш алган, “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилген.

Шайлоонун натыйжасы тууралу Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 26-мартындагы протоколу менен Сабиров Алимбек Ибрахимович Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп аныкталган.

Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжасы боюнча арыз, даттануулар түшкөн эмес.

Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу 2021-жылдын 26-мартындагы протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык менен Сабиров Алимбек Ибрахимович Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таануу чечими кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү