Бишкек шаарынын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү жөнүндө айтылды

20 марта 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте ЕККУнун колдоосу алдында Бишкек шаарында укук коргоо органдары үчүн “Шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча чараларды иштеп чыгууда жана аларга чара көрүүдө укук коргоо органдарынын ролу” деген темада тренинг өткөрдү.

КР БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев өткөргөн тренинг Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутууда жаңы алгоритмди жайылтуу алкагында уюштурулду. шайлоо процессинин бардык этаптарында бузууларга чара көрүүдө укук коргоо органдарынын квалификациясын жогорулатууда туруктуулукту жана тутумдуулукту камсыздоо БШКнын ишинин жаңы форматынын максаты болуп саналат.

Окутуу процессине жаңы ыкма түзүү зарылдыгын эске алып, тренингге тергөө, алгачкы териштирүү органдарынын кыйла кесипкөй, тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери, ошондой эле укук коргоо органдарынын окуу жайларынын окутуучулары чакырылды.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн окутууда алдыдагы шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

2021-жылдын 11-апрелинде 448 жергиликтүү кеңешинин, алардын ичинде 420 айылдык кеңештин жана 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо, анын ичинде  ыйгарым укуктары 2020-жылдын декабрында аяктаган 386 кеңешке ыйгарым укуктары 2021-жылдын майында аяктоочу 32 кеңешке шайлоо өтөрү айтылды.

 Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү шайлоо процессинин алкагында ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү, анын ичинде талапкерлердин шайлоо мыйзамдарына ылайыктуулугун текшерүү үчүн “Түндүк” тутуму аркылуу өз ара аракеттешүү маселелери менен тааныштырылды. БШК – МКК: КР жарандыгын жана жашаган жерин текшерүү; БШК – МКК – ИИМ: соттолгондуктун бар/жогун текшерүү; БШК – Билим берүү министрлиги: билими тууралуу документтердин аныктыгын текшерүү; БШК – Минюст: партиялардын катталган мөөнөттөрүн текшерүү; БШК – Улуттук статком: жергиликтүү кеңештерге шайлоодо шайлоо округдарын аныктоо, жалпы улуттук шайлоодо кошумча участоктордун божомолу (ички миграция боюнча) үчүн калктын саны тууралуу статистикалык маалыматтарды алмашуу; БШК – ЖӨБЭММА: ЖӨБ боюнча статистиканы жаңылоо; БШК – Соцөнүктүрүү, Саламаттыкты сактоо министрликтери, ЖАМК: шайлоочулардын өзгөчө категориялары тууралуу эсептик маалыматтарды алуу ж.б.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү