Жалал-Абад шаарынын ЖМКларына жана ЖКУларына шайлоонун каржылык айкындуулугун контролдоо механизмдери түшүндүрүлдү
19 марта 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргызстандагы БУУ ӨПнүн колдоосу менен Жалал-Абад шаарында “Шайлоо өнөктүктөрүн каржылоого байкоо жүргүзүү” деген темада тренинг өткөрдү.
Тренингдердин бул сериясы өлкө боюнча жарандык коомдун уюмдарынын (ЖКУ) жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрүн дүйнөлүк жана улуттук масштабда саясий каржылоонун негизги өңүттөрү менен тааныштыруу максатында уюштурулду.
ЖКУ жана ЖМК өкүлдөрүнө алардын шайлоо процессиндеги ролу жөнүндө айтып беришти. Маселен, ЖКУ курч маселелерди козгоп, укукту колдонуудагы кемчиликтерге басма сөздүн жана коомчулуктун көңүлүн бура алат, ошентип, мыйзамдардын аткарылышынын сапатын арттырууга түрткү берет.
Өз кезегинде ЖМК саясий партиялардын жана шайлоо комиссияларынын ишинин каржы маселелерин, ошондой эле акча менен саясаттын ортосундагы өз ара байланышка тийиштүү жалпы проблемаларды чагылдыра алат. ЖМК жарыялануучу каржы отчётторуна сын көз менен талдоо жүргүзүп, мүмкүн болгон бузуулар тууралуу коомчулукка өз убагында маалымат берет, кыянат пайдалануулардын кесепеттеринин зыяндуулугун түшүндүрүп, кеңири коомчулукту саясий каржылоо чөйрөсүндөгү маселелер боюнча агарта алат. Бүтүндөй алганда ЖКУ жана ЖМК жарандардын эрк-ниетин билдирүүгө конституциялык укуктарын ишке ашырууга көмөктөшөт.
Тренингдин катышуучуларына шайлоо комиссияларын каржылоо кандай ишке ашырылары жана шайлоо процессин республикалык бюджеттен каржылоодогу айкындуулукту камсыздоо үчүн КР БШК кандай чараларды көрүп жаткандыгы түшүндүрүлдү. Каржылоодогу айкындуулукту арттыруу максатында бюджеттен бөлүнгөн каражаттар боюнча эсепке алуу жана отчёттуулук жаатындажаңы ыкмалар түзүлдү. АШКлар менен УШКлардын чыгымдарынын корголгон беренелери боюнча гана акча каражаттарын АШКларга өткөрүп берүү шайлоо комиссияларынын чыгымдар сметасын түзүүдөгү жана төмөн турган комиссияларды андан ары каржылоодогу жаңы ыкмалар болуп саналат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү










