Ысык-Көл облусунун укук коргоо органдарына көрүлгөн чаралар боюнча шайлоо процессинин катышуучуларына ыкчам маалымдоо зарылдыгы тууралуу айтылды

19 марта 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин колдоосу алдында Ысык-Көл облусунун укук коргоо органдары үчүн “Шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча чараларды иштеп чыгууда жана аларга чара көрүүдө укук коргоо органдарынын ролу” деген темада тренинг өткөрдү. Тренингди КР БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев өткөрдү.

Тренинг Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутууда жаңы алгоритмди жайылтуу алкагында уюштурулду. Шайлоо процессинин бардык этаптарында бузууларга чара көрүүдө укук коргоо органдарынын квалификациясын жогорулатууда туруктуулукту жана тутумдуулукту камсыздоо БШКнын ишинин жаңы форматынын максаты болуп саналат.

Окутуу процессине карата жаңы ыкма түзүү зарылдыгын эске алып, тренингге тергөө, алгачкы териштирүү органдарынын кыйла кесипкөй, тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери, ошондой эле укук коргоо органдарынын окуу жайларынын окутуучулары чакырылды.

БШК тараптан жарандарга андан ары маалымдоо, ыйгарым укуктардын алкагында коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо, шайлоочуларды сатып алууга бөгөт коюу, жарандардын укуктарын бузган же шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылган ар кандай аракеттер боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу күн сайын ыкчам маалымдоо үчүн бузуу фактылары боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу толук маалымат берип туруу зарылдыгы баса белгиленди.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө ар бир билдирүү, кайрылуу, арыз боюнча аракеттердин алгоритмдерин жакшыртуу, ЫЧКТнын аймактык бөлүмчөлөрүнө ыкчам тапшырмаларды берүү, шайлоо мыйзамдарын бузууларды каттоо Реестрин, түшкөн бузуу фактылары тууралуу жалпы статистикалык маалыматтарды түзүүнү өркүндөтүү жаатында КР БШК көрүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү