Нарын шаарындагы укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоонун ар бир этабында шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жөнүндө айтылды

18 марта 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Нарын шаарындагы укук коргоо органдары үчүн “Шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна чара көрүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуудагы укук коргоо органдарынын ролу” аталышта тренинг болуп өттү. Тренингди КР БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев өткөрдү.

Борбордук шайлоо комиссиясы биринчи жолу укук коргоо органдары үчүн жаңы форматтагы тренинг өткөрдү, анын максаты - мыйзам бузууларга жооп кайтаруунун туруктуу тутумун түзүү. Окуу процессине жаңыча мамиленин калыптанышын эске алуу менен, тренингдерге тергөө жана иликтөө органдарынын эң квалификациялуу, тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматкерлери, ошондой эле укук коргоо органдарынын билим берүү мекемелеринин окутуучулары чакырылган.

Катышуучуларга КР БШК тарабынан укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү планы, паракорчулукка жана административдик ресурстарга каршы күрөшүү боюнча укуктук негиз иштелип чыккандыгы маалымдалды. Шайлоонун ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жаңы жоболор иш жүзүндө колдонулушу керек. Өз ара аракеттенүү шайлоо кампаниясынын ар бир этабындагы милдеттердин өзгөчөлүктөрүнө ылайык, артыкчылыктуу милдеттерге ылайык жүргүзүлүшү керек.

Тренингде белгиленгендей, шайлоо процессине киришип жатып укук коргоо органдарынын кызматкерлери өз иштерин толугу менен ачык жүргүзүшү керек, айрыкча талапкерлер менен партиялар байланышкан мыйзам бузууларга байланыштуу.

Шайлоо учурундагы мыйзам бузууларды кароонун мөөнөтү маанилүү жагдай болуп саналат. Мыйзамдарга ылайык, шайлоонун кыска мөөнөттөрүн эске алуу менен, мыйзам бузууларды кароонун кыска мөөнөттөрү дагы бар. Бул эки күндүк жана үч күндүк убакыт, бул шайлоо учурунда укук коргоо органдарына өтө чоң күч келтирет.

КР БШК Маалымат бөлүмү