Оштогу жалпыга маалымдоо каражаттары жана ЖКУлар шайлоодо саясий партияларды көзөмөлдөө механизмдери жөнүндө айтып беришти

17 марта 2021

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жалпыга маалымат каражаттарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү үчүн “Шайлоо кампанияларын каржылоого мониторинг” деп аталган  тренинг өткөрдү.

Бул тренингдер сериясы БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен Кыргыз Республикасында ЖКУ өкүлдөрүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарын глобалдык жана улуттук масштабда саясий каржылоонун негизги аспектилери менен тааныштыруу максатында уюштурулган.

Тренингдин катышуучуларына үгүт иштерин каржылоонун институционалдык негиздери, саясий каржы жаатындагы эл аралык стандарттар жана түшүнүктөр түшүндүрүлдү, алар кирешелердин, чыгымдардын мониторингине, отчеттуулукка жана саясий партиялар тарабынан үгүт иштерин каржылоо боюнча маалыматтарды ачып берүүгө жардам берет.

Тренингдин жүрүшүндө саясий ишмердикти каржылоо тутумунун ачыктыгын жогорулатуу зарылчылыгы жөнүндө түшүнүк жогорулады, байкалган жана жарыяланган кирешелер менен чыгымдардын ортосундагы олуттуу айырмачылыктарды аныктоочу инструменттер көрсөтүлдү, алар кийинчерээк саясий партияларды жоопко тартуу үчүн колдонулушу мүмкүн, ошондой эле колдонуудагы эрежелерди натыйжалуу жүзөгө ашырууга колдоо көрсөтүү жана ачык-айкындуулуктун жогорку деңгээлин талап кылуу белгиленди.

Жарандар, жарандык коом уюмдары (ЖКУ) жана ЖМК мамлекеттик органдардын өз функцияларын аткаруусунун сапатын текшерүүдө маанилүү роль ойноого жөндөмдүү. Алар шайлоо кампанияларынын чыгымдарына мониторинг жасап, анын жыйынтыгында саясий партиялар жана талапкерлер саясий каржылоонун тиешелүү мыйзамдарына баш иерин, ошондой эле бул тармактагы текшерүү органдарына талаптагыдай укук колдонууну камсыз кылышаарын көрсөтөт.

КР БШК Маалыматы болот