Ош шаарынын укук коргоо кызматкерлери шайлоо процесси учурунда мыйзам бузууларга жооп кайтаруунун жаңы алгоритминин үстүнөн иштөөгө үйрөтүлдү

18 марта 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош шаарынын укук коргоо органдары үчүн "Шайлоо мыйзамдарын бузууда чараларды иштеп чыгууда жана аларга чара көрүүдө ички иштер органдарынын ролу" аттуу тренинг өткөрдү. Тренингди КР БШК мүчөсү Тынчтык Шайназаров өткөрүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы биринчи жолу укук коргоо органдары үчүн жаңы форматтагы тренингдерди өткөрүүдө, анын максаты - мыйзам бузууларга жооп кайтаруунун туруктуу тутумун түзүү.

Окуу процессине жаңыча мамиленин калыптанышын эске алуу менен, тренингге тергөө жана иликтөө органдарынын эң квалификациялуу, тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери, ошондой эле укук коргоо органдарынын билим берүү мекемелеринин окутуучулары чакырылды.

Шайлоонун маанилүү принциби бул ачыктык жана калыс болуусу. Шайлоонун калыс өтүшү шайлоодо иштеген бардык органдардын калыс болушун талап кылат. Тренингде алар шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн, ошондой эле ыкчам аракет кылуучу (ЫАККТ) координациялык тобунун алкагында ачык, калыс, биргелешип иштөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Шайлоо процессинде шайлоо кампаниясынын убактысы эске алынышы керек. Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор учурдагы мыйзамдарга ылайык эки айдын ичинде, парламенттики үч айдын ичинде жана президенттики төрт айдын ичинде өткөрүлөт. Мыйзамдарга ылайык, шайлоонун кыска мөөнөттөрүн эске алуу менен, мыйзам бузууларды кароонун кыска мөөнөттөрү дагы бар – алар 2-3 күн. Шайлоо процессине кирүүдө укук коргоо органдарынын кызматкерлери айрыкча талапкерлер менен партиялар байланышкан мыйзам бузууларга байланыштуу өз ишин толугу менен ачык жүргүзүшү керек.

КР БШК Маалымат бөлүмү