БШК «Эмгек Партиясынын» даттануусун канааттандыруудан баш тартты
18 марта 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында «Эмгек Партиясы» саясий партиясынын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11-мартындагы №17/1 чечимине даттануусун канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.
2021-жылы 14-мартта КР БШКга «Эмгек Партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү М.Узюровдон талапкер Ж.Б. Абировго кат жүзүндө эскертүү берүү жөнүндө (шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин бузгандыгы жөнүндө жаран М.К. даттануусунун негизинде) Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары – Бишкек АШК) 2021-жылдын 11-мартындагы №17/1 чечимине даттануу түшкөн.
2021-жылы 17-мартта Шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ жана Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ кызыкдар тараптардын катышуусунда «Эмгек Партиясы» саясий партиясынын арызын карап чыгышты. Жыйынтыгында төмөнкүлөр белгиленди:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №21 ПЖ Жарлыгы менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-апрелине дайындалды.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары – шайлоо жөнүндө мыйзам) 22-беренесинин 13-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык шайлоо өткөрүүдө үгүт төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн: басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таркатуу жолу менен.
Мында шайлоо жөнүндө мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык шайлоо алдында үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат.
Шайлоо жөнүндө мыйзамдын 2-беренесине ылайык “үгүт материалдары – шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыган жана шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жапырт таратуу, элге жарыялоо үчүн арналган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар;
шайлоо алдындагы үгүт - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын, саясий партиялардын тигил же бул талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) үчүн же болбосо аларга каршы добуш берүүгө шайлоочуларды түртүү же түрткү берүү максаты бар шайлоо өнөктүгүнүн менчигиндеги маалымат даярдоо жана таратуу боюнча иши”.
Ушуга байланыштуу Жумушчу топтордун мүчөлөрү Бишкек АШКнын аракеттери мыйзам алкагында болгон, чечими укук ченемдүү жана негиздүү кабыл алынган деп септешет.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 22, 28, 42-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин, КР БШКнын 2020-жылдын 26-июнундагы № 115 токтому менен бекитилген “Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ” Жобону, КР БШКнын 2017-жылдын 10-июлундагы №117 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары кароо боюнча Жумушчу топ жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Эмгек Партиясы» саясий партиясынын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11-мартындагы №17/1 чечимине даттануусун канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
