БШК «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын даттануусун канааттандыруудан баш тартты
16 марта 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 16-мартындагы жыйналышында Сүлүктү АШКнын 2021-жылдын 11-мартындагы №18 чечими мыйзамдуу болгондугуна байланыштуу «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Сүлүктү шаары боюнча координатору М.И. Шадиевдин даттануусу боюнча талаптарды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.
2021-жылы 13-мартта КР БШКга «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Сүлүктү шаары боюнча координатору М.И. Шадиевдин ишеним каты боюнча өкүлү С.А. Топбаевден Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11-мартындагы №18 чечимине даттануу түшкөн.
Арызда арыз ээси “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык пропорциялуу система боюнча шайлоодо саясий партия – ар бир бирдиктүү шайлоо округу боюнча ошол жергиликтүү кеңеш үчүн белгиленген депутаттык орундардын санынан бир жарым эседен кем эмес ашкан сандагы талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу экендигин көрсөтөт. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы Сүлүктү АШКга документтерди берген учурда көрсөтүлгөн тизмеде 47 талапкер болгон, бул жогоруда көрсөтүлгөн ченемге ылайык келет (Сүлүктү шаардык кеңеште – 31 мандат).
Арыз ээси “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 4-бөлүгүнө шилтеме берип, Сүлүктү АШК талапкерлердин тизмесин каттабаганга укуксуз болчу, себеби АШК 53-берененин 8-бөлүгүн жетекчиликке алууга тийиш эле, ал талапкерлерди каттоодон баш тартуу үчүн толук негиз берет деп эсептейт.
Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) даттанууда баяндалган жагдайлар боюнча бардык жагдайларды алдын ала аныктоо жана изилдөө үчүн Сүлүктү АШКдан түшүндүрмө алган.
Документтерди кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы берген документтерди текшерип, тизмеде 35 эркек жана 12 аял бар экендигин жана эркектердин саны 70%га ашык экендигин, 37 номурунан кийинки 8 позицияда – эркектер болгондугун, тизмедеги үч талапкердин жарактуу мөөнөтү бүткөндүгүн, 1 талапкер белгиленген жаш куракка жетпегендигин аныктады.
Сүлүктү шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүүдө «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүндө белгиленген талаптарды сактабагандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-мартындагы №18 чечиминде Сүлүктү АШК көрсөтүлгөн ченемге туура шилтеме жасаган деген тыянакка келди.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41, 42, 49, 53-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы №212 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сүлүктү АШКнын 2021-жылдын 11-мартындагы №18 чечими мыйзамдуу болгондугуна байланыштуу «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Сүлүктү шаары боюнча координатору М.И. Шадиевдин даттануусу боюнча талаптарды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
