Ноокен жана Сакалды айыл өкмөттөрүнүн тургундары мобилдик автобустун кызматынан пайдаланышты

04 марта 2021

2021-жылдын 4-мартында, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ноокен жана Сакалды айыл өкмөттөрүнүн жергиликтүү тургундары мобилдик автобустардын кызматынан пайдаланышты.

БШКнын жана МККнын кызматкерлери жергиликтүү калкка биометрикалык маалыматтарды каттоодо, паспорт алмаштырууга документтерди тапшырууда, туруктуу жашаган (катталган) жерге каттоодо, электрондук санарип кол тамгасын алууда мобилдик жардам көрсөтүштү, ошондой 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу суроолорго жооп беришти. 

Жалпысынан Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандардын саны 7990 адамды түзөт.

Көчмө автобустардын иши калкты биометрикалык каттоону камтууну кеңейтүү максатында жүргүзүлөт, анын негизинде шайлоочулардын тизмеси түзүлүп, шайлоолордо жана референдумдарда добуштарды эсептөөнүн ишенимдүүлүгү камсыздалат.

Мобилдик автобустардын аймактар боюнча кетүү графиги менен бул жерден таанышууга болот.

КР БШК Маалымат бөлүмү