Кара-Кулжа районунун мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарына мобилдик автобустар жардам көрсөтүштү
04 марта 2021
Шайлоочулардан биометрикалык маалыматтарды чогултуу өнөктүгүнүн алкагында Кыргызстандын аймактарына жөнөп кеткен мобилдик автобустар арыз менен кайрылган Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарынын үйлөрүн кыдырып чыгышты.
БШКнын жана МККнын кызматкерлери Кара-Кулжа районундагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга биометрикадан өтүүдө жардам көрсөтүштү, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдында шайлоо процесси боюнча консультация беришти.
ПРООНдун колдоосу менен БШК жана МКК тарабынан уюштурулган мобилдик автобустар шайлоочуларга биометрикалык маалыматтарды каттоого, паспорт алмаштырууга, туруктуу жашаган жерине каттоого (жашап турууга уруксат) жана электрондук санарип кол тамга алууга жардам берет.
Мобилдик автобустардын региондор боюнча кетүү графигин бул жерден таба аласыз




КР БШК Маалыматтык бөлүмү
