Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2011-жылдын 2-июлу N 68
Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө
(КР 2011-жылдын 25-ноябрындагы N 221, 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88, 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2020-жылдын 30-июнундагы N 68, 2020-жылдын 11-ноябрындагы N 2, 2021-жылдын 15-июлундагы N 84, 2021-жылдын 26-августундагы N 103, 2022-жылдын 18-октябрындагы N 97, 2023-жылдын 6-апрелиндеги N 81, 2025-жылдын 19-февралындагы N 39, 2025-жылдын 7-апрелиндеги N 73, 2025-жылдын 28-апрелиндеги N 82, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(Преамбула КР 2021-жылдын 26-августундагы N 103 Мыйзамына ылайык алып салынды)
1-глава
Жалпы жоболор. Жарандардын шайлоо укуктары
1-берене. Ушул конституциялык Мыйзамда пайдаланылуучу негизги терминдер
Ушул конституциялык Мыйзамда төмөнкү терминдер пайдаланылат:
үгүт материалдары - шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыган жана шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө көпчүлүккө таратууга, элге жарыялоого арналган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар;
жарандардын жигердүү шайлоо укугу - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо укугу;
жакын туугандары - жубайы, ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энесинин бирөө өгөй ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң ата-таяталар, чоң энелер-таенелер, неберелер;
жарандардын шайлоо укуктарынын кепилдиктери - Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуунун уюштуруучулук, укуктук, маалыматтык жана башка каражаттары;
мамлекеттик портал - шайлоо участоктору, райондор, шаарлар жана бүтүндөй республика боюнча электрондук форматтагы, мыйзамдарда белгиленген тартипте түзүлгөн жана актуалдашкан шайлоочулардын тизмелери жөнүндө маалыматты камтыган, шайлоо дарегинин (шайлоо участогунун номеринин) өзгөрүүсү тууралуу, жарандардын шайлоолорго жана референдумдарга катышуусу тууралуу маалымат киргизилген, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген идентификация жана аутентификация боюнча талаптарды сактоодо шайлоочуларга өздөрүнүн маалыматтарына тактоосуна жана өзгөртүүсүнө мүмкүндүк берген мамлекеттик органдын интернет-сайты;
шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ - мыйзамдарда белгиленген Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык типтери;
мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы - туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча бийлик өкүлүнүн ишмилдетин жүзөгө ашыруучу же мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында уюштуруучулук-тескөөчүлүк, администрациялык-чарбалык, көзөмөлдөө-көзөмөлгө алуу ишмилдеттерин аткаруучу адам;
катталган талапкер - Кыргыз Республикасынын Конституциясында (мындан ары - Конституция), ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарга туура келген жана шайлоо аркылуу Президенттин, Жогорку Кеңештин депутатынын кызмат ордун ээлөөгө талапкер катары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) катталган адам;
шайлоочулар - жигердүү шайлоо укугуна ээ, Кыргыз Республикасынын жарандары;
ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар - активдүү шайлоо укугуна ээ, жалпы шарттарда шайлоо укуктарын толук кандуу жүзөгө ашырууну чектөөгө алып келген угуу, көрүү, таяныч-кыймыл аппаратынын функциялары бузулган, оорулар, жаракаттардын же кемчиликтердин кесепеттери менен шартталган, организм функциялары туруктуу бузулган, ден соолугу начар Кыргыз Республикасынын жарандары;
шайлоо документтери - шайлоочулардын тизмелери, анык, анык эмес, бузулган (каталар менен толтурулган) бюллетендер, ошондой эле идентификациялоодон өткөнү жөнүндө чектер, идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчёттор, автоматтык эсептөөчү урнанын нөлдүк жана жыйынтык отчеттору, шайлоо комиссияларынын протоколдору, электрондук протоколдор, алардын шайлоо маселелери боюнча чечимдери, талапкерлердин, саясий партиялардын каттоо документтери, добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө жыйынды таблицалар;
шайлоо комиссиялары - Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуучу коллегиялуу органдар;
шайлоо мыйзамдары - Кыргыз Республикасында шайлоо өткөрүүнүн тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы;
жарандардын шайлоо укуктары - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, анын ичинде талапкерлерди көрсөтүү, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү, шайлоону өткөрүүгө байкоо жүргүзүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнү жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону кошуп алганда, шайлоо комиссияларынын ишине байкоо жүргүзүү, ошондой эле башка шайлоо аракеттерине катышуу укугу;
шайлоону маалыматтык камсыз кылуу - шайлоочуларды кабарландыруу жана жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө, шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшүүчү шайлоо алдындагы үгүт;
шайлоочуларга маалымдоо - шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын иши, шайлоо участоктору, шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жана өзгөртүүнүн тартиби, добуш берүүгө катышуунун тартиби, добуш берүүнүн тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө маалыматтарды даярдоо жана таркатуу боюнча иш; талапкер (талапкерлер) жана саясий партия (партиялар), алардын программалары жөнүндө, кайсыл бир талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга (партияларга) артыкчылык бербеген жана тигил же бул талапкер, саясий партия үчүн же болбосо аларга каршы шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган расмий маалыматты даярдоо жана таратуу боюнча шайлоо комиссияларынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши;
маалыматтык материал - шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын иши, шайлоо участоктору, шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жана өзгөртүүнүн тартиби, добуш берүүгө катышуунун тартиби, добуш берүүнүн тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө маалыматтарды камтыган басылма, көрмө-укма жана башка материалдар; шайлоо комиссияларынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын талапкер (талапкерлер) жана саясий партия (саясий партиялар), алардын программалары жөнүндө, кайсыл бир талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга (саясий партияларга) артыкчылык бербеген жана тигил же бул талапкер, саясий партия үчүн же аларга каршы шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган расмий маалымат;
шайлоо дареги - шайлоочунун ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте билдирилген, анын туруктуу жашаган жери болуп саналбаган, бирок ал добуш берүүнү каалаганын билдирген дареги;
талапкер - ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте шайлануу аркылуу ээленүүчү Президенттин кызмат ордуна жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн адам;
шайлоочулардын контролдук тизмеси - шайлоочулар тууралуу жана добуш берүү күнүнө чейинки 35 календардык күндө, шайлоочулардын тизмесин тактоо мезгилинде келип түшкөн шайлоочулардын арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн өзгөртүүлөр жөнүндө актуалдашкан маалыматты камтыган жана мамлекеттик порталда жарыялануучу, добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганда шайлоо участогуна илинүүчү шайлоочулардын тизмеси;
эл аралык байкоочу - мыйзамда белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан чыгуучу адам;
байкоочу - талапкер тарабынан, мыйзамда каралган тартипте шайлоону даярдоого, добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды саноого, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүү үчүн дайындалган адам;
принтери бар идентификациялоочу түзүлүш (ПИТ) - бюллетендерди басып чыгаруу функциясы бар, шайлоочуларды алардын биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча идентификациялоого арналган түзүлүш;
коомдук байкоочу - мыйзамдарда белгиленген тартипте шайлоону даярдоого, добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды саноого, шайлоонун жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюму (мындан ары - коммерциялык эмес уюм) тарабынан дайындалган адам;
шайлоочулардын биротоло тизмеси - шайлоочулардын тизмесин тактоо мезгилинде алардын арыздарынын негизинде бардык өзгөртүүлөр киргизилген, мамлекеттик порталда жарыялануучу жана добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күн калганда шайлоо участокторуна илинүүчү шайлоочулардын такталган тизмеси;
жарандардын пассивдүү шайлоо укугу - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлануу укугу;
туруктуу жашаган жер - калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жашаган жеринин дарегин каттоо, же болбосо жарандын паспортуна каттоо белгисин коюу менен тастыкталган, жарандын Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турган жери;
укук коргоо органдары - ички иштер, улуттук коопсуздук, прокуратура органдары, бажы кызматы;
шайлоочулардын алдын ала тизмеси - жарандар өздөрүнүн маалыматтарын тактоо же шайлоо дарегин өзгөртүү үчүн мамлекеттик порталда жарыялануучу жана участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан илинүүчү, добуш берүү күнүнө чейин 80 календардык күн калгандагы абалы боюнча шайлоочулардын тизмеси;
шайлоо алдындагы үгүт - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын шайлоочуларды тигил же бул талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) үчүн же аларга каршы добуш берүүгө түрткөн, же түртүү максаты бар же иштери;
талапкердин өкүлү - шайлоо комиссияларындагы өкүл, ыйгарым укуктуу өкүл, ишенимдүү адам, талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын атынан чыгуучу байкоочу;
диний ишмер - дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык диний уюмдун атынан, анын ичинде ЖМК жана Интернет тармагы аркылуу диний ишти жүзөгө ашыруучу адам;
талапкердин соттуулугу жөнүндө маалыматтар - эгерде талапкер колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде кылмыш деп таанылган жосундары үчүн тиешелүү мыйзам актыларына ылайык соттолгон болсо, талапкердин соттолуусуна негиз берген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин беренесинин (беренелеринин) номерин (номерлерин) жана аталышын (аталыштарын), чет мамлекеттин мыйзамынын беренесин (беренелерин) көрсөтүү менен, талапкердин кайсыл бир учурда соттолгондугу же соттуулугунун жоктугу жөнүндө болгон же бар маалыматтар;
(абзац КР 2021-жылдын 26-августундагы N 103 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
шайлоочулардын тизмеси - Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде электрондук жана кагаз түрүндө түзүлүүчү, даяр болуу деңгээлине жана арналышына жараша алдын ала, контролдук жана биротоло бүткөн болуп бөлүнүүчү, добуш берүү күнүндө жигердүү шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмеси;
(абзац КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
талапкердин катар номери - талапкерлердин тизмесинде талапкерге ыйгарылган цифра;
оператор - участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү же болбосо Борбордук шайлоо комиссиясы ишке тарткан, шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө жарандарды идентификациялоо боюнча же добуш берүү күнү шайлоо участогунда автоматтык эсептөөчү урнаны тейлөө боюнча техникалык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуучу адам;
автоматтык эсептөөчү урна - шайлоочулардын добуштарын автоматтык саноого арналган түзүлүш;
туруктуу орнотулган үкөк - добуш берүү үчүн тунук урна;
добуш берүү үчүн үкөктөр - автоматтык эсептөөчү урналар же туруктуу орнотулган үкөктөр;
добуш берүү үчүн көчмө үкөк - шайлоочунун добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүсү үчүн арналган үкөк;
бузулуу - автоматтык эсептөөчү урнанын, принтери бар идентификациялоочу түзүлүштүн убактылуу ишке жөндөмдүүлүгүн жоготкондугу;
интернет - маалыматты сактоо жана берүү үчүн глобалдык (бүткүл дүйнөлүк) компьютердик тарам (бириккен компьютердик тарамдардын тутуму);
интернет-басылма - эгерде интернет-басылмага кирүүчүлөрдүн саны суткасына 500 уникалдуу кирүүчүдөн же айына 1000 уникалдуу кирүүчүдөн ашса, социалдык тарамдардагы интернет-блогдордон жана жеке адамдардын персоналдык барактарынан тышкары, жаңылыктык, маалыматтык-талдоочулук, көңүл ачуучулук жана башкача мүнөздөгү материалдарды камтыган, Кыргыз Республикасында администрацияланган (модернизацияланган) же Кыргыз Республикасынын жарандары жана (же) юридикалык жактары ээлик кылуучулары болуп саналган, интернет тарамына кирүүчүлөрдүн эркин кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берген интернет сайт (портал, форум);
уникалдуу кирүүчү же уникалдуу IP-дареги бар кирүүчү - уникалдуу мүнөздөмөлөргө ээ жана интернет-басылмага белгилүү бир убакыттын аралыгынын ичинде кирип турган, кайталангыс пайдалануучу;
көп мандаттуу шайлоо округу - Жогорку Кеңештин үч депутаты шайлануучу шайлоо округу;
бирдиктүү республикалык шайлоо округу - Президентти шайлоо боюнча Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагын өзүнө камтыган шайлоо округу";
жергиликтүү жамааттын мүчөсү - көп мандаттуу шайлоо округунун курамына киргизилген тиешелүү айыл аймагында, шаарда туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү добуш берүү күнүнө чейинки 90 күндөн кем эмес мөөнөттө жарандын паспортунда, паспорттун тибинде жазылган жашаган жерин каттоо жөнүндө белги же болбосо калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жашаган жеринин дарегин каттоо менен аныкталат;
онлайн идентификациялоо - добуш берүү күнү катталган жерине карабастан, шайлоочуну анын жеке жана биометрикалык маалыматтары боюнча идентификациялоо;
оффлайн идентификациялоо - катталган жери боюнча шайлоо участогунда добуш берүү күнү болгон шайлоочуну анын жеке жана биометрикалык маалыматтары боюнча идентификациялоо;
аралыктан добуш берүү - шайлоочунун катталган жерине карабастан, шайлоо участогунда электрондук жана (же) кагаз түрүндөгү шайлоо бюллетенин жана электрондук тутумда добуш берүү маалыматтарынын автоматтык жыйнагын пайдалануу менен добуш берүү;
электрондук добуш берүү - электрондук шайлоо бюллетенин жана электрондук тутумдагы добуш берүүнүн маалыматтарынын автоматтык жыйындысын пайдалануу менен шайлоо участогунан тышкары добуш берүү;
электрондук шайлоо бюллетени - аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүүдө колдонулуучу, программалык-техникалык каражаттар менен электрондук түрдө даярдалган бюллетень.";
(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88, 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2021-жылдын 26-августундагы N 103, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-1-берене. Жөнгө салуу предмети
Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу тартибин жана алардын кепилдиктерин, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо тартибин аныктайт жана шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
(КР 2021-жылдын 26-августундагы N 103 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Жарандардын шайлоого катышуу принциптери
1. Кыргыз Республикасында шайлоо жашыруун добуш берүү менен, жалпыга тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасында шайлоо республиканын жарандарынын өздөрүнүн шайлоо укуктарын эркин жана ыктыярдуу жүзөгө ашырууларына негизденет. Жарандарды шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо максатында, ошондой эле өз эрктерин эркин билдирүүлөрүндө аларга таасир тийгизүүгө эч кимдин укугу жок.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган же анын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, ушул конституциялык Мыйзамга ылайык шайлоо укуктарына ээ болот.
Шайлоо мезгилинде анын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктары, өздөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу, тышкы иштер маселелерин алып барган мамлекеттик орган тарабынан камсыз кылынат.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары аккредитациялоочу өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын сунушу боюнча түзүлгөн шайлоо участокторунда, эреже катары, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин аймагында добуш беришет.
3. Аялдарга эркектер менен бирдей Президенттин кызматына жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлануу укугун ишке ашыруунун тең мүмкүнчүлүктөрү камсыз кылынат.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2021-жылдын 26-августундагы N 103 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-берене. Жалпыга бирдей шайлоо укугу
1. Кыргыз Республикасынын 18 жашка чыккан жараны шайлоого, ал эми Конституцияда жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген жашка жеткенде - мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын жарандары тегине, жынысына, расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, майыптыгына, билимине, кызматтык жана мүлктүк абалына, тутунган динине, саясий жана башка ишенимдерине карабастан шайлоого, шайланууга укуктуу.
3. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого, шайланууга укуксуз.
4. Соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар, ошондой эле диний ишмерлер өздөрүнүн диний ишин токтоткондон кийин 5 жыл ичинде Президенттин кызматына жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укуксуз.
5. Жарандар ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарды сактоодо шайлоого жана шайланууга өз укуктарын ишке ашырышат.
(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88, 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-берене. Тең шайлоо укугу
Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасында шайлоого тең негиздерде катышат.
5-берене. Тикелей шайлоо укугу
Кыргыз Республикасынын жарандары Президенттин кызмат ордуна жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына өз өкүлдөрүн түздөн-түз шайлайт.
(КР 2025-жылдын 7-апрелиндеги N 73 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Жашыруун добуш берүү
Кыргыз Республикасында шайлоодо добуш берүү, жарандардын эркин билдирүүлөрүн кандайдыр бир көзөмөлдөө мүмкүндүгүн болтурбайт, жашыруун болуп саналат.
Добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Шайлоонун милдеттүүлүгү жана мезгилдүүлүгү
1. Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү Конституцияда белгиленет.
2. Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо милдеттүү болуп саналат жана мезгил-мезгили менен Конституцияда белгиленген мөөнөттөрдө өткөрүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын бардык аймагында өзгөчө же аскердик абал киргизилген учурда шайлоо өткөрүлбөйт.
8-берене. Шайлоо жүрүмүндөгү айкындуулук
1. Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү айкын жана ачык жүзөгө ашырылат.
2. Тиешелүү шайлоо комиссиясынын жыйналыштарына жогору турган шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, талапкерлер, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү, ошондой эле байкоочулар, эл аралык байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууга укуктуу.
3. Добуш берүүнүн жүрүшүнө жана жыйынтыктарына байкоо жүргүзүү үчүн төмөн турган шайлоо комиссияларынан жогору турган шайлоо комиссияларына протоколдордун маалыматтарын берүү жолу менен шайлоо маалыматтык тутуму пайдаланылат. Шайлоо маалыматтык тутум аркылуу алынган добуш берүүнүн жүрүшү жана жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар юридикалык мааниге ээ эмес, алдын ала маалыматтар болуп саналат. Шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан аныкталат.
9-берене. Байкоочу
1. Талапкер мыйзамдарда белгиленген тартипте, шайлоого даярдык көрүүгө, добуш берүүнү жүргүзүүгө, добуштарды саноого, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу байкоочу дайындоого укуктуу.
Талапкер ар бир участкалык шайлоо комиссиясына экиден ашык эмес байкоочу дайындай алат, алар добуш берүүнү өткөрүүгө жана добуш берүү үчүн жайдагы башка шайлоо аракеттерине кезектешип байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ болушат. Шайлоо комиссиясынын жайында, добуш берүү үчүн жайда катталган бир талапкердин кызыкчылыктарын билдирүүчү эки же андан көп байкоочунун бир убакта байкоочунун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууларына жол берилбейт.
2. Байкоочу ушул конституциялык Мыйзамда каралган байкоочунун укуктарына жана милдеттерине аны дайындаган талапкерден тиешелүү шайлоо комиссиясына жолдомо келип түшкөндөн кийин ээ болот. Жолдомодо байкоочунун фамилиясы, аты жана атасынын аты, жашаган жери, ал жиберилген шайлоо участкаларынын номурлары, шайлоо комиссияларынын аталыштары көрсөтүлөт, ошондой эле анда ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган чектөөлөрдүн жок экени тууралуу жазуу жазылат. Жолдомо паспортту же аны алмаштыруучу документти көрсөткөндө, талапкердин койгон колу болгондо жарактуу болуп эсептелет. Байкоочуну жиберүү жөнүндө алдын ала кабарлоо талап кылынбайт.
3. Жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары байкоочу болууга укуктуу.
Төмөнкүлөр байкоочу болууга укуксуз: Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер, саясий, атайын мамлекеттик кызматты жана саясий муниципалдык кызматты ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, шайлоо комиссиясынын мүчөсү; талапкердин шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрү; судьялар, прокурорлор, башка укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматчылары, аскер кызматчылары.
4. Байкоочу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кандай гана болбосун деңгээлдеги шайлоо комиссиясынын курамын түзүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
2) шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
3) шайлоочуларды эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
4) шайлоону маалыматтык камсыз кылууга байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
5) шайлоо комиссиясында турган шайлоочулардын тизмеси менен, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен таанышууга;
6) добуш берүү күнү сутканын каалаган убагында добуш берүүчү жайда болууга;
7) шайлоочулардын добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүлөрүнө катышууга;
8) көпчүлүк алдында, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин баяндоого, билдирүү жасоого;
9) ары-бери эркин жүрүүгө жана кайсы гана болбосун шайлоо участкаларында жана шайлоо комиссияларында болууга;
10) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузбастан, ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген уюштуруу жана добуш берүү тартибине, анын ичинде шайлоо бюллетендеринин берилишине байкоо жүргүзүүгө; шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын, шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин, жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин санын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; шайлоо бюллетендеринин мазмунун көрүүнү камсыз кылган аралыкта жана шарттарда шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; шайлоочулардын добуштарын саноодо толтурулган же толтурулбаган кандай болбосун шайлоо бюллетени менен таанышууга; шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду жана башка документтерди түзүүлөрүнө байкоо жүргүзүүгө;
11) өзү жиберилген участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына, ал эми ал жокто - аны алмаштырган адамга добуш берүүнү уюштуруу маселелери боюнча сунуштар жана сын пикирлер менен кайрылууга;
12) ал өзү жиберилген шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга;
13) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
14) өзү жиберилген шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга;
15) тиешелүү шайлоо комиссияларында шайлоочулардын добуштарын кайра саноого катышууга;
16) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, талапкердин аты жана фамилиясы же аны шайлоо комиссиясына жиберген уюмдун аталышы белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө;
17) шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга тоскоол болбостон, жеке өзү фото-, көрмө тартууга, укма жазууну жүргүзүүгө.
5. Байкоочу төмөнкүлөргө укуксуз:
1) шайлоочуларга шайлоо бюллетендерин берүүгө;
2) шайлоочунун өтүнүчү боюнча, шайлоочу үчүн шайлоо бюллетендерин алганына кол коюуга;
3) шайлоочунун өтүнүчү боюнча, ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга;
4) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуучу аракеттерди жасоого;
5) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жүргүзүп жаткан шайлоо бюллетендерин саноого түздөн-түз катышууга;
6) шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылуучу аракеттерди жасоого;
7) шайлоочулардын арасында үгүт жүргүзүүгө;
8) тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан чечимдерди кабыл алууга катышууга.
6. Байкоочулардын иши шайлоо мыйзамдарында жөнгө салынат.
(КР 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2021-жылдын 26-августундагы N 103, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
10-берене. Эл аралык байкоочулар
1. Эл аралык байкоочулар шайлоо дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин Президент, Жогорку Кеңеш, Министрлер Кабинети, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жиберилген чакыруу болгондо, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланат. Чакырууларды жиберүү жөнүндө сунуштар шайлоо мыйзамдары жана шайлоо маселелери боюнча, ошондой эле адам укуктарын коргоо жаатында адистешкен эл аралык жана улуттук коммерциялык эмес уюмдар тарабынан берилиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын жарандары эл аралык байкоочулар катары аккредитацияланышы мүмкүн эмес.
2. Эл аралык байкоочунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Борбордук шайлоо комиссиясы аны аккредитацияланган күндөн тартып башталат жана шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган күнү аяктайт.
3. Эл аралык байкоочулар ары-бери эркин жүрүүгө жана каалаган шайлоо участокторунда жана шайлоо комиссияларында болууга укуктуу.
4. Эл аралык байкоочулар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин көпчүлүк алдында баяндоого;
2) басма сөз-жыйындарын өткөрүүгө жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылууга;
3) шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жашыруундуулугун бузбастан фото-, көрмө тартууну, укма жазууну жүзөгө ашырууга;
4) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, ал атынан чыккан уюмдун аталышы белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө;
5) кандай гана болбосун деңгээлдеги шайлоо комиссиясынын курамдарын түзүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
6) шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
7) шайлоочуларды эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
8) шайлоону маалыматтык камсыз кылууга байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга.
5. Эл аралык байкоочулар өз статусун, шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүгө байланышпаган ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга укуксуз.
6. Эл аралык байкоочу ушул конституциялык Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы анын аккредитациясын чакырып алууга укуктуу.
7. Эл аралык байкоочулардын иши шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынат.
(КР 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2021-жылдын 26-августундагы N 103 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
10-1-берене. Коомдук байкоочулар
1. Коммерциялык эмес уюмдар өздөрүнүн уставдарында белгиленген тартипте, шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышуу жана өздөрүнүн коомдук байкоочуларын жиберүү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.
2. Коомдук байкоочунун ыйгарым укуктары ушул коомдук байкоочу кызыкчылыктарын билдирүүчү коммерциялык эмес уюмдун мөөрү менен ырасталган жазуу жүзүндөгү жолдомодо аныкталууга тийиш. Жолдомодо коомдук байкоочунун фамилиясы, аты-жөнү, анын жашаган жеринин дареги, байкоочу жиберилген шайлоо участогунун номуру, комиссиянын аталышы көрсөтүлөт, ошондой эле ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган чектөөлөрдүн жоктугу тууралуу жазуу кылынат. Жолдомо коомдук байкоочу Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдун шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышуу жөнүндө чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн көрсөткөндө жарактуу болот.
Шайлоого байкоону жүзөгө ашырууга ниеттенген коммерциялык эмес уюм, коммерциялык эмес уюмду мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсүн тиркөө менен, Борбордук шайлоо комиссиясына, аймактык шайлоо комиссиясына билдирме жөнөтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы, аймактык шайлоо комиссиясы шайлоого жарандык мониторинг жүргүзүү ниетин жарыялаган коммерциялык эмес уюмдардын тизмегин участкалык шайлоо комиссияларына жөнөтөт.
3. Коомдук байкоочулар ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди көрсөткөндө, тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан катталат. Шайлоо комиссияларынын алдында коомдук байкоочуларды каттоонун шарттары жана тартиби, каттоо жөнүндө документтин формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.
Коммерциялык эмес уюм ар бир шайлоо комиссиясында үчтөн ашпаган коомдук байкоочуну каттата апат. Ошол эле учурда бир шайлоо участогунда бир эле убакта бир коммерциялык эмес уюмдан бир гана коомдук байкоочу боло алат.
4. Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер, саясий, атайын мамлекеттик кызматты жана саясий муниципалдык кызматты ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчы, шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкердин, талапкерлерди киргизген саясий партиянын өкүлдөрү жана байкоочулары, судьялар, прокурорлор, башка укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматчылары шайлоо комиссияларында коомдук байкоочу болуп дайындала алышпайт.
5. Коомдук байкоочунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ал тиешелүү шайлоо комиссиясында катталган күндөн тартып башталат жана шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күнү аяктайт.
6. Коомдук байкоочулар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кандай гана болбосун деңгээлдеги шайлоо комиссиясынын курамын түзүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
2) шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
3) шайлоочуларды эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
4) шайлоону маалыматтык камсыз кылууга байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
5) шайлоо комиссиясында турган шайлоочулардын тизмелери, добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен, тиешелүү шайлоо комиссиясына келип түшкөн арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен таанышууга;
6) добуш берүү күнүндө добуш берүү үчүн жайда сутканын кандай болбосун убагында болууга;
7) шайлоочулардын добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүсүндө катышууга;
8) көпчүлүккө, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өз пикирин баяндоого, шайлоонун даярдалышы жана өткөрүлүшү жөнүндө билдирүү жасоого;
9) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнү уюштуруунун жана добуш берүүнүн ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартибине, анын ичинде шайлоо бюллетендерин берүүгө; шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын, шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин, жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин санын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; шайлоо бюллетендеринин мазмунун көрүүнү камсыз кылган аралыкта жана шарттарда шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө кандай болбосун толтурулган же толтурулбаган шайлоо бюллетени менен таанышууга; шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун жана башка шайлоо документтеринин түзүлүүсүнө байкоо жүргүзүүгө;
10) өзү жиберилген участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына, ал болбогон учурда - аны алмаштырган адамга добуш берүүнү уюштуруу маселелери боюнча сын-пикирлер жана сунуштар менен кайрылууга;
11) өзү жиберилген шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга;
12) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
13) тиешелүү шайлоо комиссияларында шайлоочулардын добуштарын кайра саноого катышууга;
14) шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү аны шайлоо комиссиясына жөнөткөн уюмдун аталышы бар төш белгисин тагынып жүрүүгө;
15) шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жашырындуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга тоскоол болбостон жеке өзү фото-, көрмө тартууга, укма жазууну жүргүзүүгө;
16) ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптарды сактоо менен, ал катталган шайлоо участокторунда эркин жүрүүгө жана болууга.
7. Коомдук байкоочулар төмөнкүлөргө укуксуз:
1) шайлоочуларга шайлоо бюллетендерин берүүгө;
2) шайлоо бюллетендерин алууда шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн кол коюуга;
3) шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга;
4) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуучу аракеттерди жасоого;
5) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан шайлоо бюллетендерин саноого түздөн-түз катышууга;
6) шайлоо комиссиясынын ишине жолтоо болгон аракеттерди жасоого;
7) шайлоочулардын арасында үгүт жүргүзүүгө;
8) тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечимдерди кабыл алуусуна катышууга.
8. Коомдук байкоочулар өз статусун шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүгө байланышпаган ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга укуксуз.
9. Коомдук байкоочу ушул конституциялык Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурда, тиешелүү шайлоо комиссиясы коомдук байкоочунун каттоосун жокко чыгарууга укуктуу.
(КР 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2021-жылдын 26-августундагы N 103, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
11-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү
1. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жазуу жүзүндө билдирме келип түшкөндөн кийин, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланат.
2. Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышуучу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;
2) шайлоо комиссиясынын протоколдору менен таанышууга;
3) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
4) шайлоого даярдык көрүү мезгилинде, ал эми добуш берүү күнү шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга тоскоол болбостон, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы аныктаган жерден фото- жана көрмө-тартууну жүзөгө ашырууга;
5) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, алар атынан чыккан уюмдардын аталышы белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлүнүн талабы боюнча шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу же шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдун көчүрмөсүн күбөлөндүрүп берүүгө милдеттүү.
4. Жалпыга маалымдоо каражаты шайлоо мыйзамдарын бузган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы анын аккредитациясын чакыртып алууга укуктуу.
5. Жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлүнүн шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилиндеги иштери шайлоо мыйзамдарында жөнгө салынат.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-глава
Шайлоо комиссиялары жана шайлоо округу
12-берене. Шайлоо комиссиялары
1. Шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылат.
2. Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын бирдиктүү тутумун төмөнкүлөр түзөт:
1) Борбордук шайлоо комиссиясы;
1-1) округдук шайлоо комиссиялары;
2) аймактык шайлоо комиссиялары;
3) участкалык шайлоо комиссиялары.
3. Шайлоо комиссиялары өз ишин төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырат:
1) мыйзамдуулук;
2) айкындык;
3) ачыктык;
4) көз карандысыздык;
5) коллегиалдуулук;
6) адилеттүүлүк;
7) калыстык.
4. Шайлоо комиссияларынын укуктук абалы, ишин уюштуруу жана иш тартиби, ошондой эле көз карандысыздыгынын кепилдиктери шайлоо комиссияларынын иш тартибин жөнгө салуучу мыйзамда, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында, ушул конституциялык Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленет.
5. Округдук шайлоо комиссиялары Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине Борбордук шайлоо комиссиясы аныктаган тартипте, тиешелүү шайлоо округдарында иштеп жаткан тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн ичинен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлөт.
Округдук шайлоо комиссиялары өз ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча токтотот.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2021-жылдын 26-августундагы N 103 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
13-берене. Шайлоо округу. Шайлоо округдарын түзүү
1. Президентти шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы бирдиктүү республикалык шайлоо округу болуп саналат.
2. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлөт, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты шайланат.
3. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү шайлоо күнү дайындалгандан кийин 3 календардык күндөн кечиктирбестен, калкты каттоо жана документтештирүү, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү маалыматтардын негизинде түзүлүүчү шайлоо округдарында жүзөгө ашырылат.
4. Шайлоо күнү дайындалгандан кийин 7 календардык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын түзөт жана бекитет.
Шайлоо округдарынын схемасында шайлоо округдарынын чек аралары, ар бир шайлоо округуна кирген калктуу конуштардын (көчөлөрдүн, үйлөрдүн) тизмеги, ар бир шайлоо округунун аталышы, номери жана борбору, ар бир шайлоо округундагы шайлоочулардын саны көрсөтүлүүгө тийиш.
5. Шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:
- шайлоочулардын саны боюнча шайлоо округдарынын болжолдуу теңдиги шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 20 пайыздан ашпаган четтөөгө жол берилет;
- шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, өз ара чектешпеген аймактардан шайлоо округун түзүүгө жол берилбейт.
6. Ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн талаптарды сактоодо, эреже катары, республиканын административдик-аймактык бөлүнүшү эске алынат.
7. Шайлоо округдарынын тизмелери алардын чек араларын жана округдук, аймактык шайлоо комиссияларынын даректерин, анын ичинде алардын графикалык сүрөттөлүшүн көрсөтүү менен, шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
8. Шайлоо комиссияларынын жайгашкан жерлерин өзгөртүү округдук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
9. Президентти шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же жүргөн шайлоочулар бирдиктүү шайлоо округуна катталган болуп эсептелет.
10. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же жүргөн шайлоочулар Кыргыз Республикасынын аймагындагы көп мандаттуу шайлоо округдарына катталат.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы көп мандаттуу шайлоо округуна каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-1-берене. Шайлоо участокторун түзүү
1. Добуш берүүнү өткөрүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө үчүн шайлоочулар үчүн эң жогорку ыңгайлуулуктарды түзүүгө мүмкүндүк берүүчү жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен шайлоо участоктору түзүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн шайлоочулардын добуш берүүсүн өткөрүү жана добуштарын эсептөөнү уюштуруу үчүн шайлоо участоктору аккредитациялоочу өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сунушу боюнча, эреже катары, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин аймагында түзүлүшү мүмкүн.
3. Шайлоо участоктору тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан 5 жылдык мөөнөткө, эреже катары, ар бир участокто 3000ден ашпаган шайлоочу эсебинде түзүлөт. Шайлоо участокторунун чек араларын башкаруу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тартиптин негизинде жүзөгө ашырылат. Шайлоо участокторунун тизмеги жана алардын чек аралары аймактык шайлоо комиссияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча аларды түзүү үчүн каралган тартипте такталууга тийиш.
Шайлоочулардын санына тийиштүү ушул бөлүктүн биринчи абзацынын жобосу Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары шайлоо участокторун түзүүдө колдонулбашы мүмкүн.
Эгерде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары бир аймакта жашаган же жүргөн шайлоочулардын саны ушул бөлүктүн биринчи абзацында белгиленген шайлоочулардын санынан ашып кетсе, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча жана аккредитациялоочу өлкөнүн компетенттүү органдарынын макулдугу боюнча бир жайда эки же андан ашык шайлоо участогу түзүлүшү мүмкүн.
4. Жарандардын шайлоо укуктарын, анын ичинде убактылуу жүргөн жерлериндеги шайлоо дареги боюнча добуш берүү укугун ишке ашырууну камсыз кылуу, аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоочулар үчүн эң жогорку ыңгайлуулуктарды түзүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча кошумча шайлоо участоктору түзүлүшү мүмкүн.
Кошумча шайлоо участоктору шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде гана түзүлөт жана иштейт. Аларды түзүү төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
- эгерде көп сандагы шайлоочулар ошол аймакта убактылуу турса жана добуш берген жерде туруктуу жашаган жери жок болсо;
- эгерде жакынкы шайлоо участокторунда шайлоочулардын саны ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоочулардын санынан ашып кетсе.
5. Аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча шайлоо участокторунун схемасын жана чек араларын иштеп чыгат.
Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча шайлоо участокторунун схемасын жана чек араларын карайт жана бекитет, алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен, аларды чек араларын жана даректерин көрсөтүү менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт жана калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн шайлоо участоктору жөнүндө маалымат, алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана жүргөн өлкөдө аккредитацияланган Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн сайтында жайгаштырылат.
(КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-глава
Шайлоочулардын тизмелери
14-берене. Шайлоочулардын тизмелерин түзүү
1. Шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруу, шайлоочуларды өздөрү жөнүндө маалыматтар менен тааныштыруу, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максатында ар бир шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмеси түзүлөт.
2. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Президентти шайлоолордо шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнү активдүү шайлоо укугуна ээ жана мыйзамдарга ылайык биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.
Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнүнө активдүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет.
Шайлоону даярдоо мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясынын жана калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) чечими боюнча жарандарды биометрикалык каттоо, анын ичинде, Кыргыз Республикасынын аэропортторунун, темир жол бекеттеринин аймагында да жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. Шайлоочулардын тизмесин түзүү Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган жекече (анын ичинде биометрикалык) маалыматтардын негизинде, шайлоо участокторунун чектерин эске алуу менен жүргүзүлөт.
Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүүнү, сактоону жана актуалдаштырууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
4. Шайлоочулардын алдын ала тизмеси курагы 18 жашка жеткен, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар жөнүндө маалыматтарды Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен автоматтык жүктөп алуу жолу менен жана шайлоо участокторунун чегин эске алуу менен түзүлөт.
Шайлоочулардын алдын ала тизмеси добуш берүү күнүнө чейин 80 календардык күн калганда шайлоочулардын мамлекеттик порталында участоктор, райондор жана шаарлар боюнча, шайлоочунун туруктуу жашаган жери, туулган күнү жөнүндө маалыматтарысыз, таанышуу жана көрсөтүлгөн маалыматтарды тиешелүү түрдө тактоо, тизмедеги каталарды жана так эместиктерди аныктоо үчүн жайгаштырылат.
5. Добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда, иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда (вахталык иштерде) болгон шайлоочулар, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, аскер бөлүктөрүндө жашаган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана башка адамдар жөнүндө маалыматтар аталган мекемелердин (ишканалардын, аскер бөлүктөрүнүн) жетекчилери тарабынан түзүлөт жана добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берилет.
Стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда жүрүшкөн шайлоочуларды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды эсепке алуу үчүн, жогоруда көрсөтүлгөн мекемелер карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ар бир жылдын 1-февралына жана 1-августуна карата көрсөтүлгөн шайлоочулардын анык саны жөнүндө маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына берип турууга милдеттүү.
6. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн, консулдук (убактылуу консулдук) эсепке турган жана биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулар жөнүндө маалыматтар тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жетекчилери тарабынан түзүлүп, тышкы иштер маселелерин тейлеген мамлекеттик орган аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясына добуш берүү күнүнө чейин 85 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүп берилет.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн, консулдук (убактылуу консулдук) каттоого турган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды берүүнүн формасын, түрүн жана тартибин тышкы иштер маселелерин тейлеген мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы аныктайт.
(Абзац КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. Шайлоочулардын мамлекеттик порталында жайгаштырылган жана ар бир шайлоо участогу боюнча түзүлгөн алдын ала тизме Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан басып чыгарылат жана добуш берүү күнүнө чейин 75 календардык күндүн ичинде участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берилет.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2020-жылдын 11-ноябрындагы N 2, 2021-жылдын 26-августундагы N 103, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
15-берене. Шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу, так эместиктерди оңдоо. Шайлоо дареги
1. Участкалык шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо участогунун аймагында жашап жаткан шайлоочулардын таанышып чыгуусу үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмесин добуш берүү күнүнө чейин 70 календардык күндүн ичинде илүүгө милдеттүү.
2. Шайлоочу шайлоочулардын алдын апа тизмесинде кандай болбосун катаны же так эместикти тапкан, ошондой эле анда өзү жок болгон учурда тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен кайрылууга жана мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлошуудан өтүү менен мамлекеттик порталдагы "шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу электрондук түрдө арыз берүүгө укуктуу. Мында шайлоочу жеке жана биометрикалык маалыматтары (манжаларынын издери жана (же) бетинин геометриясы) боюнча идентификациялоодон өтөт.
Арыз автоматтык түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү округдук, аймактык шайлоо комиссиясындагы тутумдук администраторуна аны тизмеге киргизүү, каталарды же так эместиктерди оңдоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн келип түшөт.
Шайлоочунун арызына жооп арыз кабыл алынган күндөн тартып 7 календардык күндөн кечиктирбестен, тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан "шайлоочунун кабинетинде" электрондук билдирүү формасында жөнөтүлөт.
3. (КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 35 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоочулар жөнүндө актуалдашкан маалыматты камтыган шайлоочулардын контролдук тизмесин түзөт жана участкалык шайлоо комиссияларына жиберет.
Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө чейин 30 календардык күн калганда шайлоочулардын таанышып чыгуусу үчүн шайлоочулардын контролдук тизмесин илүүгө милдеттүү.
Контролдук тизмеде тиешелүү участок боюнча тизмелерге киргизилген шайлоочулардын фамилиясынан, атынан, атасынын атынан, ошондой эле шайлоо участогунун номеринен башка маалыматтарды камтыбоого тийиш.
5. Шайлоочулардын тизмесине кирбей калгандыгы жөнүндө, андагы каталар же так эместиктер жөнүндө, шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө ниеттенгендиги жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күн калганда токтотулат. Арыздарды иштеп чыккандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын биротоло тизмесин түзөт. Мында шайлоочулардын контролдук жана биротоло тизмелери Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтар менен милдеттүү түрдө салыштырылууга жана актуалдаштырылууга тийиш.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 10 күн калганда жабдуу комплекттерин даярдоо үчүн шайлоочулардын электрондук түрдөгү биротоло тизмесин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берет.
Шайлоочулардын биротоло тизмесин алгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан биометрикалык маалымат базасы бар шайлоочулардын тизмесин жүктөө менен шайлоочуларды идентификациялоо боюнча жабдуунун сервердик комплекттерин даярдоо боюнча иштер жүргүзүлөт жана жабдуу комплекттерин шайлоо участокторуна жеткирүү үчүн шайлоо күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күн калганда номерленген, көктөлгөн, Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын биротоло тизмелерин эки нускада басып чыгарат жана тиешелүү участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берет. Мында илүү үчүн арналган, ар бир шайлоо участогу боюнча биротоло тизменин кагаз жүзүндөгү нускасы биротоло тизмеге киргизилген шайлоочулардын жашаган жери жөнүндө маалыматты камтыбашы керек. Шайлоочулардын биротоло тизмелеринде камтылган жеке маалыматтары бар маалыматтарды берүү, көчүрүү, жарыялоо жолу менен ачыкка чыгаруу мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.
Тиешелүү участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо участогунун шайлоочуларынын биротоло тизмесинин кагаздагы экинчи нускасын шайлоо участогуна илүүгө милдеттүү.
Шайлоочулардын илинген биротоло тизмелерин шайлоочу же байкоочу тарабынан фото-, көрмө тартууларга чектөө коюлбайт.
6. Добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүүгө укуктуу.
7. Шайлоочулардын тизмелерин актуалдаштырууну Борбордук шайлоо комиссиясы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүү аркылуу, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтардын тактыгын камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырат.
Өз ара аракеттенүү мыйзамдарда бекитилген ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен да жүзөгө ашырылат.
Шайлоочулардын тизмелерин түзүү, таанышып чыгуу, шайлоочулардын тизмесине кирбей калгандыгы жөнүндө, каталар же так эместиктер жөнүндө, шайлоо дареги боюнча добуш берүүнү каалагандыгы жөнүндө шайлоочулардын арыздарын карап чыгуу, добуш берүү күнү шайлоочуларды идентификациялоо, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги жана шайлоочулардын мамлекеттик порталындагы маалыматтарды салыштырып текшерүү жана синхрондоштуруу жөнүндө маселелер боюнча, ошондой эле ыкчам чечүүнү талап кылган башка маселелер боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2020-жылдын 11-ноябрындагы N 2, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
16-берене. Шайлоочуларды мамлекеттик эсепке алуу
1. Шайлоочуларды мамлекеттик эсепке алуу курагы 18 жашка жеткен, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик порталга автоматтык жайгаштыруу жолу аркылуу, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Шайлоолор аралыгындагы мезгилде шайлоочулардын тизмеси мамлекеттик порталда ай сайын жаңыланып турат, шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде күн сайын жаңыланат жана мамлекеттик порталда жайгаштырылат.
2. Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби мыйзамдар менен жөнгө салынат.
(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88, 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-глава
Талапкердин өкүлдөрү. Талапкерлердин статусу
17-берене. Талапкердин шайлоо комиссияларындагы өкүлүнүн статусу
1. Талапкерлер каттоодон өткөндөн кийин, анын инсандыгын ырастоочу документтерди, анын негизги жумуш орду жөнүндө маалыматтарды (ишинин түрүн), туруктуу жашаган жеринин толук дарегин жана байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен, тиешелүү шайлоо комиссиясына өзүнүн өкүлүн (мындан ары - шайлоо комиссияларындагы өкүл) дайындоого укуктуу.
Документтер тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин кабыл алынат.
2. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары, аны тиешелүү шайлоо комиссиясы каттаган учурдан тартып башталат.
3. Кыргыз Республикасынын 21 жашка чыккан, жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жараны шайлоо комиссияларында өкүл болууга укуктуу.
4. Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер, саясий, атайын мамлекеттик кызматты жана саясий муниципалдык кызматты ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, аскер кызматчылары жана укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте соттолгондугу алып салынбаган же жоюлбаган адамдар шайлоо комиссияларында өкүл болууга укуксуз.
5. Шайлоо комиссиясындагы өкүл бир эле мезгилде башка шайлоо комиссиясында өкүл боло албайт.
6. Мамлекеттик же муниципалдык кызматты айкалыштырган шайлоо комиссиясындагы өкүл өзүнүн кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууга укугу жок.
7. Шайлоо комиссияларындагы өкүлгө белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
18-берене. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары
1. Шайлоо комиссияларындагы өкүл төмөнкүлөргө укуктуу:
1) шайлоо комиссиясынын жыйналышында каралуучу документтер жана материалдар менен таанышууга;
2) анын компетенциясына кирген маселелер боюнча шайлоо комиссиясынын жыйналыштарынын күн тартибине сунуштарды киргизүүгө жана алар боюнча добуш берүү өткөрүүнү талап кылууга;
3) шайлоо комиссиясынын бардык жыйналыштарына катышууга жана жарыш сөзгө чыгууга;
4) шайлоо комиссиясынын жыйналышынын башка катышуучуларына күн тартибине ылайык суроолорду берүүгө жана аларга маңызы боюнча жооп алууга;
5) шайлоо комиссияларынын түздөн-түз шайлоого байланыштуу материалдары жана документтери менен таанышууга жана бул документтердин жана материалдардын (мыйзамда белгиленген тартипте ошондойлорго киргизилген купуя маалыматты камтыган документтерди жана материалдарды кошпогондо) көчүрмөлөрүн алууга;
6) шайлоо комиссияларынын аракеттерине (аракетсиздиктерине) ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте даттанууга;
7) көрсөтүлгөн документке ылайык шайлоочунун инсандыгын жана бюллетендин алынышынын тууралыгын текшерүүгө.
2. Шайлоо комиссияларындагы өкүл төмөнкүлөргө укуксуз:
1) шайлоо комиссиялары жүргүзүүчү текшерүүлөргө катышууга;
2) шайлоо комиссиясынын атынан түшүндүрмө жана көрсөтмө берүүгө, билдирүү жасоого;
3) добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду түзүүгө;
4) шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына кирген чечимдерди кабыл алууда добуш берүүгө катышууга;
5) шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана протоколдоруна кол коюуга.
3. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары, аларды дайындаган субъекттердин чечими боюнча кандай гана убакта болбосун токтотулушу жана башка адамга берилиши мүмкүн.
4. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары аны дайындаган субъекттердин каттоосу жокко чыгарылган учурда токтотулат.
5. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин токтотулат.
6. Катталган талапкер, саясий партия добуш берүүнүн жыйынтыктарына, шайлоонун натыйжаларына даттанган учурда, шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары даттануунун маңызы боюнча акыркы чечим чыгаргандан кийин токтотулат.
(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88, 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
19-берене. Талапкерлердин, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
1. Талапкерлер, саясий партиялар тиешелүү талапкерлердин, саясий партиялардын атынан иш алып баруучу экиден ашпаган ыйгарым укуктуу өкүлдү: шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү жана финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоого укуктуу.
Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө маалыматтар талапкер, талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан электрондук машина окуй турган түрдө да Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык тутумуна киргизилүүгө тийиш.
2. Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер, саясий, атайын мамлекеттик кызматты жана саясий муниципалдык кызматты ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, башка талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү ыйгарым укуктуу өкүл боло албайт.
3. Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмеси, ар бир ыйгарым укуктуу өкүлдүн фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган күнүн, паспортунун сериясын жана номурун, анын берилген күнүн, жашаган жеринин дарегин, негизги жумушунун же кызматынын ордун, ээлеген кызматын (негизги жумушу же кызматы болбогон учурда - ишинин түрүн), телефон номурун көрсөтүү менен Борбордук шайлоо комиссиясына берилет. Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлгө карата кошумча, ошондой эле каржы документтерине кол коюу укугу көрсөтүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясына берилген тизмеге, ошондой эле саналган ар бир адамдын ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишин жүзөгө ашырууга жазуу жүзүндөгү макулдугу тиркелет. Мында талапкер, саясий партия ыйгарым укуктуу өкүлдүн ушул берененин талаптарына ылайык келерин ырастайт жана берген маалыматтары үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
4. Борбордук шайлоо комиссиясы зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу өкүлдөргө ырастама берет же ушул конституциялык Мыйзамга ылайык каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат.
5. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан каттоо күбөлүктөрү берилгенден жана катталгандан кийин, талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалган болуп эсептелет, ыйгарым укуктуу өкүлдүн укуктарына жана милдеттерине ээ болот.
6. (КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. Шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүл:
1) Президенттикке талапкерди колдогон шайлоочулардын колун чогултууда кол коюу барактарын күбөлөндүрөт, коюлган колдордун санын эсептейт, кол чогултуунун жыйынтыгы тууралуу протокол түзөт;
2) тиешелүү шайлоо комиссиясына Президенттикке талапкерди колдогон кол коюу барактарын, ошондой эле талапкерди каттоо үчүн башка документтерди берет;
3) тиешелүү шайлоо комиссиясынан кол коюу барактары жана башка документтер кабыл алынганы жөнүндө кат жүзүндө ырастама (маалымдама) алат;
4) шайлоо алдында үгүт жүргүзөт, үгүт материалдарын таратат;
4-1) шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан аткарылган жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн документтерге (келишимдерге/макулдашууларга) кол коёт;
5) талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын берүүнүн тартибин аныктоодо, шайлоо комиссиялары жүргүзүүчү чүчү кулактарга катышууга укуктуу;
6) ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындаган талапкерге, саясий партияга тиешеси бар маселелер боюнча, шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга укуктуу;
7) талапкердин, саясий партиянын тапшыруусу боюнча ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;
7-1. Финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүл:
1) талапкердин, саясий партиянын шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн шайлоо фондун түзүү менен байланышкан маселелерди, акча каражаттарынын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуу жана анын мыйзамдуулугун контролдоо боюнча маселелерди, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча финансылык отчеттуулукту даярдоо жана тапшыруу боюнча маселелерди чечет;
2) финансылык эсептешүү документтерине жана финансылык отчетторго кол коюуга укуктуу;
3) талапкерге, саясий партияга тиешелүү финансылык маселелер боюнча шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга укуктуу;
4) финансылык маселелер бөлүгүндө ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
8. Талапкер, саясий партия бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирүү менен, ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын каалаган убакта токтотууга укуктуу.
9. Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинин курамында көрсөтүлгөн бардык талапкерлердин Президенттин кызматына, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердик статусун жоготкон учурдан тартып, бирок шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн кечиктирбестен аяктайт. Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 20 календардык күндөн кийин аяктайт.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2021-жылдын 26-августундагы N 103, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
20-берене. Талапкерлердин ишенимдүү адамдары
1. Талапкерлер ишенимдүү адамдарды дайындоого укуктуу.
2. Ишенимдүү адамдарды каттоо талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын жана жарандын өзүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арызынын негизинде бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Борбордук шайлоо комиссиясы ишенимдүү адамга белгиленген үлгүдөгү ырастама берет.
3. Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер, саясий, атайын мамлекеттик кызматты жана саясий муниципалдык кызматты ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок, башка талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү адамдар ишенимдүү адам боло албайт.
4. Ишенимдүү адамдар аларга талапкерлер тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде аракеттенет.
5. Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) талапкердин шайланышына өбөлгө болуучу үгүт жана башка иштерди жүзөгө ашырууга, алардын шайлоо алдындагы программаларын сунуштоого;
2) шайлоо алдындагы чогулуштарда, шайлоочулар менен жолугушууларда чыгып сүйлөөгө, шайлоо алдындагы дебаттарга жана дискуссияларга катышууга;
3) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;
4) добуш берүү өткөрүүдө, шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө жана добуш берүү жыйынтыктарын чыгарууда шайлоо участокторунда болууга;
5) шайлоо комиссияларынын документтери, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу, шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор менен таанышууга;
6) шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга, даттанууларды жана арыздарды кароого катышууга.
6. Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуксуз:
1) шайлоо комиссияларынын жумушуна кийлигишүүгө;
2) шайлоочунун өтүнүчү боюнча шайлоо бюллетендерин алганына ал үчүн кол коюуга, ошондой эле ал үчүн шайлоо бюллетендерин толтурууга;
3) эгерде алар ошол жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын журналисттери, чыгармачыл кызматкерлери же кызмат адамдары болуп саналган учурда, маалыматтык теле- жана радиопрограммаларды (берүүлөрдү) жүргүзүүгө, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоону чагылдырууга катышууга.
7. Талапкерлер бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына кабарландырып, аларга берилген ырастамаларды жокко чыгаруу менен ишенимдүү адамдарды каалаган убакта чакырып алууга укуктуу. Ишенимдүү адам каалаган убагында Борбордук шайлоо комиссиясына өзүнө берилген ырастаманы кайтарып берүү жана бул тууралуу аны дайындаган талапкерди кабарландыруу менен, өзүнүн демилгеси боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын таштоого укуктуу.
8. Ишенимдүү адамдардын ыйгарым укуктары аларды дайындаган, каттоодон өткөн талапкер статусүн жоготкондо токтотулат.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
21-берене. Талапкерлердин статусу
1. Ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, бардык талапкерлер бирдей укукка ээ жана бирдей милдеттерди аткарат.
1-1. Эгерде талапкердин үчүнчү жактар жасаган бузууларга түздөн-түз тиешеси бар экендиги далилденбесе, талапкер үчүнчү жактардын аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартылбайт, анын ичинде аны каттоо жокко чыгарылбайт.
2. Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот, эгерде ал төмөнкүлөрдөн болуп саналса:
1) Жогорку Кеңештин депутатын же Президентти кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматчы;
2) жергиликтүү кеңештин депутатын кошпогондо, муниципалдык саясий кызматчы;
3) мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, мекеменин, мамлекеттин (муниципалдык) катышуу үлүшү 30 пайыздан ашык иш-кананын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчиси.
2-1. Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуп турат, эгерде ал төмөнкүлөрдөн болуп саналса:
1) мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоочулук, дипломаттык) карабастан мамлекеттик кызматчы;
2) муниципалдык кызматчы;
3) жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкери.
3. Талапкер иштеген, кызмат өтөгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери жана органдардын тиешелүү кызмат адамдары талапкер арыз, рапорт менен кайрылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде, менчигинин түрүнө карабастан эмгек акысынын орточо өлчөмүн мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун токтотуп турууга милдеттүү.
4. Талапкерлер же болбосо алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапкер көрсөтүлгөн күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү буйруктардын (тескемелердин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына берет.
5. Ушул берененин 9, 10-бөлүктөрүндө каралган талапкердин ишинин кепилдиктери Борбордук шайлоо комиссиясы каттаган учурдан тартып, ушул конституциялык Мыйзамдын 53 жана 61-беренелеринде каралган тартипте келип чыгат.
6. Талапкердин ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген укуктары жана кепилдиктери - шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин, ал эми талапкер шайлоонун натыйжаларына даттануу берген учурда соттун чечими күчүнө киргенге чейин жайылтылат.
7. Катталган талапкер Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун натыйжалары жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланган учурдан тартып, ал эми мөөнөтүнөн мурда чыгып калганда - чыгып калган учурдан тартып, талапкердин статусу менен байланышкан укуктарынан айрылат жана милдеттеринен бошотулат. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы кайра добуш берүү дайындаган учурда, талапкерликтери боюнча кайра добуш берүү өткөрүлбөгөн катталган талапкерлер өз статусун шайлоо комиссиясы тарабынан кайра добуш берүү дайындалган күндөн тартып жоготот.
8. Талапкер, саясий партия ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте, шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрдү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү, ишенимдүү адамдарды дайындоого укуктуу. Талапкер, саясий партия ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда, өз өкүлдөрүнүн ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузган аракеттери үчүн жоопкерчилик тартышат.
9. Катталган талапкер шайлоо өткөрүү убагында администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси боюнча иштен (кызмат ордунан) бошотулбайт же анын макулдугусуз башка ишке (кызматка) которулбайт, аскер кызматына чакыртылбайт.
Катталган талапкердин шайлоого катышкан убагы ал талапкер болуп катталганга чейин иштеген адистиги боюнча жалпы эмгек стажына эсепке киргизилет.
10. Кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, катталган талапкер шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун натыйжалары жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланган күнгө чейин, Борбордук шайлоо комиссиясынын макулдугусуз сот тартибинде салынуучу жазык жоопкерчилигине тартылышы, кармалышы, камакка алынышы же жаза чараларына тартылышы мүмкүн эмес.
11. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда тиешелүү шайлоо округунда мурда депутаттыкка талапкер болуп катталган жана чыгып кеткен депутаттан кийин добуштардын көпчүлүк санын алган адам Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталганга чейин талапкердин статусу менен байланышкан укуктарга жана милдеттерге кайрадан ээ болот.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2021-жылдын 26-августундагы N 103, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
21-1-берене. Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануунун жол берилбестиги
1. Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу - бул талапкерлер, кызмат адамдары, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмаларынын мүчөлөрү жана уюштуруучулары шайлоодо, алардын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларды же мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуунун үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жумушчуларын контролдоосунун, бардык талапкерлердин теңдигин бузган тигил же бул талапкерлерди, саясий партияларды колдоонун саясий же башка формаларына өзгөрүп кетиши мүмкүн болгон финансыны жана аны бөлүштүрүүнү контролдоонун натыйжасында алынган адамдык, финансылык, материалдык, медиалык, институционалдык ресурстарды мыйзамсыз пайдаланышы.
2. Административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануунун түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого өбөлгө болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн карамагындагы же башка кызматтык көз карандылыкта турган адамдарды, башка мамлекеттик же муниципалдык кызматчыларды, мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын жана саламаттык сактоо мекемелеринин кызматчыларын, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерин, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлерин тартуу;
2) эгерде башка талапкерлер ушул эле жайларды ушундай эле шарттарда пайдалана албаган учурда, талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого өбөлгө болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээлеген жайларды пайдалануу;
3) талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого өбөлгө болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик мекемелердин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштөөсүн камсыз кылуучу телефондук, факсимиле жана башка байланыш түрлөрүн, маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү, уюштуруу техникасын пайдалануу;
4) талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого өбөлгө болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган транспорттук каражаттарды акысыз же жеңилдетилген шарттарда пайдалануу;
5) мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлеринин кол чогултуусу, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүсү;
6) кол чогултуу же шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарын артыкчылыктуу пайдалануу (башка талапкерлерге салыштырганда);
7) мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштурган, же болбосо мамлекеттик органдардын жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышкан массалык (ачык) иш-чараларды жүргүзүүдө үгүттөп сөз сүйлөө;
8) шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарында, үгүттөөчү басылма материалдарда аткарылган иштер жөнүндө отчетторду жарыялоо, талапкердин атынан тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынан төлөнбөгөн куттуктоолорду жана башка материалдарды таркатуу.
3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуунун үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жана алардын түзүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарын ээлеген талапкерлер кызматтык же кызмат ордунун абалынын артыкчылыктарын жана административдик ресурстун башка түрлөрүн пайдаланууга укуксуз.
Талапкер болуп эсептелбеген жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын, ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуунун үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жана алардын түзүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарын ээлеген адамдар талапкерди көрсөтүү же шайлоо максатында кызматтык же кызмат ордунун абалынын артыкчылыгын жана административдик ресурстун башка түрлөрүн пайдаланууга укуксуз.
4. Ушул берененин 2-бөлүгүндө саналган чектөөлөрдү сактоо кызмат адамдарына өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоол болбоого тийиш.
5. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмаларынын жетекчилерине, башкармалыгынын мүчөлөрүнө жана уюштуруучуларына, журналисттерге, жалпыга маалымдоо каражаттарын чыгарган уюмдардын башка чыгармачыл кызматкерлерине, эгерде көрсөтүлгөн адамдар талапкердин, саясий партиянын ишенимдүү адамы же ыйгарым укуктуу өкүлү болуп саналса, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоо өнөктүгүн чагылдырууга катышууга тыюу салынат.
6. Ушул берененин талаптарын бузган адамдар мыйзамдарда каралган жазык же болбосо башка жоопкерчиликти тартат.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2021-жылдын 26-августундагы N 103 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-глава
Шайлоону маалыматтык камсыз кылуу
22-берене. Шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү
1. Шайлоону маалыматтык камсыз кылуу шайлоочуларды кабарландырууну, шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнү өзүнө камтыйт жана жарандардын эркин аң-сезимдүү жана эркин билдирүүлөрүнө жана шайлоонун айкын өтүшүнө өбөлгө түзөт.
2. Шайлоочуларды кабарландырууну мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар, ушул конституциялык Мыйзамга жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары жарандарды өз убагында жана так кабарландыруу үчүн жоопкерчилик тартат.
Шайлоо комиссиялары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларга маалымдоо боюнча зарыл болгон атайын чараларды көрөт.
Бул үчүн маалымат материалдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар үчүн сурдокотормону же субтатрди колдонуу менен укма-көрмө форматта (санариптик алып жүрүүчүдө) даярдалууга, окуу үчүн ыңгайлуу болгон, чоңойтулган арип менен басылып чыгууга, ошондой эле Брайль арибин же башка атайын каражаттарды пайдалануу менен даярдалууга тийиш.
2-1. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 75 календардык күн калганда шайлоочулардын тизмеси менен таанышып чыгуу, өздөрүнүн маалыматтарын шайлоочулардын тизмесинен тактоо зарылчылыгы жөнүндө шайлоочуларга жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка жеткиликтүү жолдор аркылуу маалымдоого милдеттүү. Мамлекеттик телерадио уюмдары, республикалык бюджеттен каржылануучу башка телерадио уюмдар жана санариптик берүүнүн социалдык пакетине кирген телерадио уюмдары шайлоочуларды өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшерүүнүн зарылчылыгы жөнүндө, добуш берүүгө катышуунун тартиби жөнүндө, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоо өнөктүгүнүн этаптары жана шайлоо процессинин башка маселелери тууралуу маалымдоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жетиштүү көлөмдө акысыз эфир убактысын берүүгө милдеттүү.
Шайлоочуларды көрсөтүлгөн, катталган талапкерлер жөнүндө, талапкердин жана саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы, талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы финансылык отчеттору жөнүндө маалымдоону Борбордук шайлоо комиссиясы жүзөгө ашырат.
2-2. Талапкер талапкерлерди каттоо мөөнөтү бүткөн күндөн тартып 5 күндөн кечиктирбестен, өзүнүн шайлоо алдындагы программасын кеминде бир республикалык мезгилдүү басылмага жарыялайт. Басылманын көчүрмөсү талапкердин шайлоо алдындагы жарыяланган программасы менен Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылган же башка ыкма менен таратылган маалыматтык материалдардын мазмуну калыс, так болушу керек, талапкерлердин, саясий партиялардын теңдигин бузбоосу тийиш, аларда кандайдыр бир талапкерге, саясий партияга артыкчылык берилбеши керек.
Маалыматтык теле жана радио программаларда, мезгилдүү басылмалардагы (менчигинин түрүнө карабастан) жарыялоолордо катталган талапкерлер, саясий партиялар жөнүндө маалыматтар, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы иш-чараларды өткөрүүсү жөнүндө билдирүүлөр өзүнчө маалыматтык блок катары, комментарийсиз берилүүгө тийиш. Мындай маалыматтык блокторго талапкерлер, финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр, саясий партиялар акы төлөбөйт. Аларда кайсыл бир талапкерге же саясий партияга артыкчылык берилбөөгө тийиш, кайсыл бир талапкерди же саясий партияны, мунун ичинде анын шайлоо алдындагы ишин чагылдыруу убактысы, мындай билдирүүлөр үчүн берилген эфир убактысынын же басылма аянтынын көлөмү боюнча кодулоого жол берилбөөгө тийиш.
4. Шайлоого байланыштуу коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) шайлоочуларды кабарландыруунун бир түрү болуп саналат. Пикир сурамжылоонун жыйынтыктарын жарыялоо ушул берененин 5-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
5. Шайлоого байланыштуу коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда, көрсөтүлгөн жарыялоону (чагылдырууну) жүзөгө ашырып жаткан жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар, жарандар жана уюмдар пикир сурамжылоону жүргүзгөн уюмду же жеке жакты, анын жүргүзүлгөн убагын, сурамжылангандардын санын (иргелген), маалыматты чогултуу усулун, сурамжылоо жүргүзүлгөн аймакты, суроонун так баяндалышын, мүмкүн болуучу кемчиликтерге статистикалык баа берүүнү, сурамжылоону жүргүзүүнү табыштаган жана аны жарыялоого акы төлөгөн жакты көрсөтүүгө милдеттүү.
6. Добуш берүү күнүнө чейинки акыркы 5 календардык күндө, ошондой эле добуш берүү күнү коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын, шайлоонун натыйжаларынын божомолдорун, шайлоого байланышкан башка изилдөөлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда жарыялоого (чагылдырууга) жол берилбейт.
7. Коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүнүн талаптарынын сактабоо мындай маалыматтарды камтыган материалдарды үгүттөө деп таанууга жана колдонуудагы мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.
8. Кыргыз Республикасынын жарандарына, талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо өткөрүүдө мамлекет тарабынан ушул конституциялык Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эркин үгүт жүргүзүү камсыз кылынат.
9. Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар шайлоого катышуу үчүн, ар кандай талапкерлерди жактап же аларга каршы үгүт жүргүзүүгө, талапкерлердин шайлоо алдындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого укуктуу.
Үгүттөө чогулуштарда, митингдерде жана жалпыга маалымдоо каражаттары митингдерде, жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле интернет-басылма аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Шайлоо комиссиялары үгүт жүргүзүүнү жана шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүнү камсыз кылууга тийиш.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үгүт жүргүзүү үчүн республикалык бюджет каражаттарынын эсебинен жолугушууларды өткөрүүнүн бардык талаптарына ылайык келген жайды, үгүт материалдарын илүү үчүн орундарды же аянттарды берүүгө тийиш.
10. Төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат:
1) тигил же бул талапкер үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;
2) айрым талапкерлерге карата колдоону билдирүү;
3) талапкерди шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;
4) талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу.
11. Шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу.
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 16-ноябрындагы N 11-п токтому;
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 27-ноябрындагы чечими
12. Талапкерлерге, саясий партияларга жалпыга маалымдоо каражаттарына жетүүнүн тең шарттарына кепилдик берилет.
13. Шайлоо өткөрүүдө үгүттөө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
1) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;
2) концерттерди, театралдаштырылган оюндарды жана спорттук иш-чараларды кошпогондо, ачык үгүт иш-чараларын (митингдер, чогулуштар, теледебаттар жана башкалар) өткөрүү аркылуу;
3) басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен;
4) ушул конституциялык Мыйзамда тыюу салынбаган башка тариздерде.
14. Талапкер, саясий партиялар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн үгүт иштеринин таризин жана мүнөзүн өз алдынча аныктоого укуктуу.
15. Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, мамлекеттик саясий кызмат орундарын, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иштери менен алектенишкен уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, 18 жашка толо элек адамдар, чет элдик жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери үгүт жүргүзүүгө, кандай болбосун үгүт материалдарын чыгарууга жана таркатууга укуксуз.
16. Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк теле- жана радио программалар жазылып алынган түрүндө берилет. Талапкерлердин жана саясий партиялардын ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген теле- жана радио программаларды жазып алып берүүгө тыюу салынат. Мындай учурларда көрсөтүлгөн маалыматтарды таратканы үчүн жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчилик тартышат.
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 24-июнундагы N 9-р чечими
17. Эгерде көрсөтүлгөн адамдар ушул жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучулары же интернет-басылманын ээлери жана бир эле убакта талапкерлер же болбосо алардын өкүлдөрү болуп саналса, ушул конституциялык Мыйзамга ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын журналисттерине, башка чыгармачыл кызматкерлерине, ошондой эле кызмат адамдарына маалыматтык теле- жана радио программаларын алып барууга, ушул жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылма аркылуу шайлоону чагылдырууга катышууга тыюу салынат. Ушул эреже мамлекеттик жана жергиликтүү телерадио уюмдарынын мамлекеттик жана жергиликтүү каналдарында талапкерлер акысыз обо убактысын пайдаланганда, ушул конституциялык Мыйзамдын 24-беренесинде каралган тартипте үгүттөп чыгып сүйлөөлөрүнө тиешелүү болбойт.
18. Уюштуруучулары (тең уюштуруучулары, ээлери) мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга ведомстволук баш ийүүдөгү мекемелер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары, ошондой эле салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда жеңилдиктери бар жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.
19. Ушул берененин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туура келбеген жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары талапкерлерге, саясий партияларга келишимдик негизде, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген телерадио уюмдарынын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын талапкерлерге, саясий-партияларга берүүнүн тартиби жөнүндө нускамаларга ылайык талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын, басма аянттарын берүүгө укуктуу.
Обо убактысын берүүнүн, мезгилдүү басма сөздө же интернет-басылмада жарыялоо үчүн акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдей болууга тийиш.
20. Шайлоо өткөрүүдө берилген эфирдик убакытты, басылма аянтты же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы, интернет-басылманын ээлик кылуучусу тарабынан аккредитация максатында шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш. Берилген маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өзүнүн расмий сайтында, жалпы маалымдоо үчүн шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 25 календарлык күндөн кечиктирбестен жарыяланат.
(КР 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2021-жылдын 26-августундагы N 103, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
23-берене. Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнүн мөөнөттөрү
1. Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт.
2. Кайра добуш берүүнү өткөрүү учурунда, шайлоо алдындагы үгүт иштери кайра добуш берүүнү дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып башталат жана кайра добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтотулат.
3. Мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жайгаштырылган басылма үгүт материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берүү күнү мурунку орундарында сакталат.
(КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-берене. Телекөрсөтүү жана радио боюнча шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү
1. Талапкерлер ушул конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келген жана шайлоо өткөрүлүп жаткан аймактарда телерадио берүүлөрдү жүзөгө ашыруучу телерадио уюмдарынын каналдарында аларга акысыз берилүүчү обо убактысына укуктуу. Көрсөтүлгөн обо убактысы теле- жана радио программалар аудиториянын көпчүлүгүн чогултуучу - саат 20дан саат 24кө чейинкиге мезгилге туура келиши керек.
2. Президентти шайлоодо үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик телерадио уюму бөлүп берген акысыз обо убактысынын жалпы көлөмү жумуш күндөрү бир сааттан кем болбоого тийиш. Көрсөтүлгөн акысыз обо убактысы, катталган жана берүүгө келген талапкерлердин ортосунда тең негизде бөлүштүрүлөт.
Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн акысыз эфир убактысынын жалпы көлөмү иш күндөрү мамлекеттик жана региондук телерадиоуюмдарынын каналдарында отуз мүнөттөн кем эмес болууга тийиш.
3. Акысыз бөлүнгөн эфир убактысынын жалпы көлөмүнүн жарымынан кем эмеси талапкерлерге дебаттарды жана ушуга окшогон үгүт иш-чараларын биргелешип өткөрүүлөрү үчүн гана берилет. Бардык талапкерлерге акысыз эфир убактысындагы бул үлүшүн пайдаланууга бирдей негиздерде жол берилиши керек.
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына берилген телерадио уюмдарынын каналдарында жүргүзүлүүчү биргелешкен үгүт иш-чараларына (дебаттарда жана башка ушуга окшогон иш-чараларга) катталган талапкерлер жеке өздөрү гана катыша алышат.
Катталган талапкердин же саясий партиянын өкүлдөрүнүн жана колдоочу топторунун мындай иш-чараларга катышуусуна жол берилбейт.
Биргелешкен үгүт иш-чараларына катышуудан баш тартканда же келбей калганда акысыз эфир убактысы башка убакта берилбейт.
4. Ушул конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келген телерадио уюмдары, шайлоонун деңгээлине жараша, талапкерлердин, саясий партиялардын үгүт жүргүзүүсү үчүн акы төлөнүүчү обо убактысынын сактамын калтырууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн обо убактысы келишимдин негизинде тиешелүү талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча акыга берилүүсү тийиш. Сактамга калтырылган акы төлөнүүчү обо убактысынын жалпы көлөмү акысыз обо убактысынын жалпы көлөмүнөн кем болбошу, ошондой эле акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдей болушу керек. Мында ар бир талапкер, саясий партия сактамда калтырылган обо убактысынын жалпы көлөмүнөн ал көлөмдү талапкерлердин, саясий партиялардын жалпы санына бөлүштүрүүдөн алынган үлүш чегиндеги убакытты алууга укуктуу.
Мында талапкерлерге, саясий партияларга берилген акы төлөнүүчү оболук убакыттын баасы шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашышы мүмкүн эмес.
5. Талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөзүн бөлүүгө, ошондой эле аларды кандайдыр бир чечмелөөлөр менен коштоого тыюу салынат.
6. Ушул конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 19-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келген телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге обо убактысын берүүнү жөнгө салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.
7. Талапкерлерге, саясий партияларга, менчигинин түрүнө карабастан, обо убактысын берген телерадио уюмдары обо убактысын ошондой эле шартта (баанын, обого чыгуу убактысынын, убакыт көлөмүнүн бирдейлиги жана башка шарттар) башка талапкерлерге, саясий партияларга берүүгө милдеттүү.
8. Шайлоо алдындагы үгүткө арналган теле жана радио берүүлөрдүн тартиби, көлөмү жана убактысы телерадио уюмдарынын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча, шайлоо комиссиялары тарабынан белгиленет жана талапкерлердин ортосунда теңчилик принцибин сактоо менен бөлүштүрүлөт.
9. Борбордук шайлоо комиссиясы чүчүкулак өткөрүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен, катталган талапкерлерге чүчүкулак өткөрүү күнү, убактысы жана орду жөнүндө маалымдайт жана акысыз эфир убактысын жана басылма аянттарын алуу үчүн чүчүкулакка катышуу боюнча алардан түшкөн өтүнмөлөрдү каттоого алат.
Мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында катталган талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт материалдарын, биргелешкен үгүт иш-чараларын акысыз негизде эфирге алып чыгуу күнүн жана убактысын аныктоочу чүчүкулакты тиешелүү телерадио уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Борбордук шайлоо комиссиясы өткөрөт. Чүчүкулак талапкерлерди каттоо бүткөндөн кийин, бирок добуш берүү күнүнө чейин 35 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт, ал эми кайра добуш берүү өткөрүүдө - кайра добуш берүү дайындалган күндөн тартып бир күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт. Чүчүкулактын натыйжалары протокол менен жол-жоболоштурулат. Чүчүкулактын натыйжасында аныкталган эфир убактысын бөлүштүрүү графиги шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилет жана ошого ылайык мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда жарыяланат.
Дебаттарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
10. Катталган талапкерлерге, катталган талапкерлерди көрсөткөн саясий партияларга эфир убактысын, басылма аянтын берген телерадио уюмдар жана мезгилдүү басма сөздүн редакциялары (менчигинин түрүнө карабастан) алардын көлөмүнө жана баасына, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген эсеп жүргүзүү таризине жана тартибине ылайык, өзүнчө эсеп жүргүзүүгө милдеттүү. Мындай эсептин маалыматтары шайлоо алдындагы үгүт мезгилинде ар 10 күн сайын жана добуш берген күндөн кийинки 10 күндүк мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2021-жылдын 26-августундагы N 103, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
25-берене. Басылма жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылма аркылуу шайлоо алдында үгүт жүргүзүү
1. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан расмий билдирүүлөрдү жана материалдарды, ченемдик жана башка актыларды жарыялоо үчүн гана уюштурулган басылмаларды кошпогондо, ушул конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келген мезгилдүү басылма жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле интернет-басылма талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген материалдар үчүн тең шарттарда А4 өлчөмүндө бир беттен кем эмес акысыз басылма же тиешелүүлүгүнө жараша электрондук аянтын бөлүп берүүгө тийиш. Адистештирилген (балдар, техникалык, илимий жана башка) басма сөз же интернет-басылмалары үчүн шайлоо өнөктүгүнө кандай гана түрдө болбосун толук катышпаган шартта, кандай гана таризде болбосун үгүт материалдарын жарыялоодон баш тартууга жол берилет.
2. Талапкерлерге, саясий партияларга басма же интернет аянттарын берген мезгилдүү басылмалар менчигинин түрүнө карабастан, ошондой эле шарттарда (баанын, көлөмдүн бирдейлиги жана башка шарттар) башка талапкерлерге, саясий партияларга басма же электрондук аянттарын берүүгө милдеттүү. Мында басма же электрондук аянтынын баасы шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашышы мүмкүн эмес.
(КР 2017-жылдын 5-июнундагы N 96 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
26-берене. Көпчүлүк катышкан иш чараларды өткөрүү аркылуу шайлоо алдында үгүттөө
1. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары талапкерлерге, саясий партияларга, чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, көпчүлүк алдындагы дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштурууга көмөк көрсөтүүгө, көпчүлүк катышкан иш чараларды өткөрүүнүн коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү.
2. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жайларды бөлүп берүү жөнүндө арыздары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алар берилген күнү каралат.
Талапкерге, саясий партияга шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жай бөлүп берүүдөн баш тартылган учурда, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү жүйөлүү чечимди берүүгө милдеттүү.
Эгерде көрсөтүлгөн жай көпчүлүк катышкан иш чараларды өткөрүү үчүн талапкерлердин бирине, саясий партиялардын бирине берилген учурда, ошол эле жайды башка талапкерге, башка саясий партияга берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.
3. Мамлекеттик же муниципалдык менчикте, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын балансында турган жайлар талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, алардын ишенимдүү адамдарынын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн бирдей шарттарда берилет.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
27-берене. Басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу
1. Талапкерлер, саясий партиялар басма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чыгарууга жана таратууга укуктуу. Үгүт материалдарын Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары даярдоого тыюу салынат. Басма жана башка үгүт материалдарынын нускалары же алардын көчүрмөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.
Талапкерлер, саясий партиялар жалпы нускасынын бир пайызынан аз эмес саны ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар үчүн окуганга ыңгайлуу чоңойтулган арипте, сурдокотормону же субтитрди колдонуу, ошондой эле Брайль арибин же атайын каражаттарды колдонуу менен басылып чыккан үгүт материалдарын жарыялоого жана таркатууга милдеттүү.
2. Бардык басылма жана үгүт материалдары үгүт материалдарын даярдаган уюмдун, жеке ишкердин аталышын жана дарегин (фамилиясын, аты-жөнүн), үгүт материалдарын даярдоого табыштама берген талапкердин фамилиясын, аты-жөнүн, саясий партиянын аталышын, алардын чыгарылган нускасы жана датасы жөнүндө маалыматты, аларды жасоого тиешелүү шайлоо фондунан акы төлөө жөнүндө маалыматты, ошондой эле талапкердин же талапкердин, саясий партиянын табыштамага акы төлөгөн финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясын, аты-жөнүн камтуусу тийиш. Көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын тара-тууга тыюу салынат.
Тиешелүү шайлоо фондунан алдын ала төлөбөстөн жана ушул беренеде белгиленген талаптарды бузуу менен шайлоо алдындагы үгүт материалдарын даярдоого тыюу салынат.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участогунда үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды бөлүүгө жана жабдууга милдеттүү. Талапкерлерге, саясий партияларга үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бирдей шарттар камсыз кылынышы керек. Мындай жайлар шайлоочулардын келүүсүнө ыңгайлуу болуп, шайлоочулар аларга жайгаштырылган маалыматтар менен тааныша ала тургандай жерде болуусу керек. Катталган талапкерлерге, талапкерлердин тизмелерине шайлоо алдындагы басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бирдей аянттар берилүүгө тийиш. Бөлүнгөн орундун аянты аларда шайлоо комиссиясынын маалыматтык материалдарын, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн жетиштүү болушу керек. Талапкерлер, саясий партиялар тиешелүү округдук аймактык шайлоо комиссиясынан шайлоо алдындагы басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн жерлердин тизмесин алууга укуктуу.
4. Үгүт материалдарын эстеликтерге, эстелик мамыларга жана тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар имараттарга, ошондой эле шайлоо комиссияларынын орун жайларына, алардын кире бериш жерлерине жана добуш берүүчү жайларга жайгаштырууга тыюу салынат.
Үгүт материалдарын жайгаштыруу максатында жашыл өсүмдүктөрдү, бак-дарактарды, тоонун боорлорун жана чокуларын жана дөбөлөрүн, башка табигый дөңсөөлөрдү кандай болбосун түрдө пайдаланууга жол берилбейт.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 10 календардык күндүн ичинде тиешелүү аймактарды үгүт материалдарынан тазалоону камсыз кылууга милдеттүү.
6. Жалган жасалма үгүт материалдары же ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдары таратылып жатканы жөнүндө маалымат алган шайлоо комиссиясы бул иштерге бөгөт коюу боюнча чараларды көрөт жана укукка каршы үгүт иштерин болтурбоо жана мыйзамсыз үгүт материалдарын алып коюу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү укук коргоочу жана башка органдарга кайрылууга укуктуу.
7. (КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптар радио боюнча жүзөгө ашырылуучу шайлоо алдындагы үгүткө жайылтылбайт.
(КР 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2021-жылдын 26-августундагы N 103, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
28-берене. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү укугун кыянаттык менен пайдалануунун жол берилбестиги
1. Шайлоо комиссиялары шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын көзөмөлдөйт жана кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрөт.
2. Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин кыянат пайдаланууга жол берилбейт: улуттук, этностук, расалык, диний, аймактар аралык кастыкты, басмырлоолорго, кастыкка чакырган гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды пропагандалоого; же бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү зомбулук менен өзгөртүү жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыктарына; согушту пропагандалоого; чет мамлекеттердин саясий жана мамлекеттик ишмерлери менен көпчүлүк катышкан иш-чараларды жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу менен өткөрүүгө, башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөттөрүн пайдалануу менен фото жана көрмө материалдарды пайдаланууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянаттык менен пайдалануунун башка түрлөрүнө тыюу салынат.
Ибадат кылуу имараттарына, курулмаларына жана аларга тиешелүү аймактарга, кооптуу жана зыяндуу өндүрүштөрү бар объекттерге, электр станцияларга, темир жолдорго, мунай куурларга жана жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларына, пенитенциардык тутумдун объекттерине, саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарына, мектепке чейинки балдар мекемелерине, мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү уюмдардын ичинде жана уюмдарга жакын жерлерде үгүт иш-чараларын жүргүзүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт.
Шайлоо алдындагы үгүттү өткөрүүдө, үгүттүк материалдарда тикелей жана кыйыр өздөштүрүп алынган маалыматтык бөлүктөрдү жана элементтерди (сүрөттөлүштөрдү) көрсөтүүгө же башкача пайдаланууга же диний тематикага шилтеме жасоого, диний багыттагы жайларда шайлоо алдындагы үгүттү, чогулуштарды жана саясий мүнөздөгү башка иш-чараларды жүргүзүүгө жол берилбейт.
3. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тизмекке ылайык, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиянын символикасын, талапкердин сүрөтүн камтыган басылма үгүт материалдарын, төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн орогучтарды кошпогондо, шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга: шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө; шайлоочуларга белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга; товарларды жеңилдетилген шартта сатууга; кандай болбосун товарларды акысыз таркатууга, акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүлөргө тыюу салынат.
Талапкердин, саясий партиянын жана аткаруучунун ортосунда жазуу жүзүндө жол-жоболоштурулган эмгек мамилелеринин алкагында аткарылган жумушка талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынан акы төлөө сатып алуу болуп эсептелбейт.
4. Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз.
5. Талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, башка жактар шайлоо алдындагы өнөктүктөргө катышууда билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишмердик беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз. Мындай жарыялоолорго жол берген жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча төгүндөөнү акысыз жарыялоо же чындыкка дал келбеген же аны бурмалаган макалага же кабарга түшүндүрмө берүү мүмкүнчүлүгүн түзүүгө милдеттүү. Төгүндөөлөр же түшүндүрмөлөр жооп берилип жаткан маалымат басылган бетте, электрондук аянтчада, ошондой эле арип менен мезгилдүү басылманын кийинки санында, интернет-басылмаларда - төгүндөө же түшүндүрмө келип түшкөн күнү, ал эми телекөрсөтүү же радио боюнча - төгүндөө же түшүндүрмө келип түшкөн күндөн кийинки күндөгү чыгарылышта берилет. Төгүндөөнү же башка түшүндүрмөнү жарыялоо үчүн эфир убактысы талапкерге, саясий партияга баштапкы маалымат жарыяланган сутканын ошол эле убактысында берилиши керек жана анын көлөмү баштапкы маалыматты берүү үчүн берилген эфир убактысынын көлөмүнөн аз болбоого, бирок эки мүнөттөн кем болбоого тийиш.
6. Талапкер, саясий партия үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн берилген телеберүүнү ишке ашыруучу уюмдардын каналдарында үгүт жүргүзүү үчүн акысыз берилген эфир убактысын, басылма продукцияны, аянтчаны төмөнкү максаттарга колдонууга укугу жок:
1) талапкерге (талапкерлерге) каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратууга;
2) (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги N 81 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3) кайсы бир талапкер (кайсы бир талапкерлер), катталган талапкерди көрсөткөн саясий партия тууралуу маалыматтарды терс комментарийлер менен таратууга;
4) талапкерге, катталган талапкерди көрсөткөн саясий партияга карата шайлоочуларда терс мамилени жаратууга көмөктөшүүчү маалыматтарды таратууга.
7. Талапкерге, саясий партияга шайлоо алдындагы үгүттөө мөөнөтү бүткөнгө чейин алардын кадыр-баркына зыян келтире турган маалыматты жарыялаган жалпыга маалымдоо каражаттарында ушул берененин 5-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө талапкердин, саясий партиянын беделин коргоо иретиндеги төгүндөөнү же башка түшүндүрмөлөрдү жарыялоого мүмкүндүк берилбеши бул жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет-басылмаларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитациядан ажыратууга негиз болушу мүмкүн.
Шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде талапкерлердин аты-жөнүн же сүрөттөрүн пайдалануу менен коммерциялык жана шайлоо менен байланышпаган башка ишмердүүлүк жарнагын, ошондой эле талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялардын аталышын, эмблемаларын жана башка символикаларын пайдаланган жарнакты төлөө тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен гана жүргүзүлөт. Добуш берүү күнү жана добуш берүү күнүнөн мурунку күнү мындай жарнакка, анын ичинде шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен төлөнгөн жарнакка жол берилбейт.
8. Талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар ушул берененин 2, 3, 5 жана 6-бөлүктөрүнүн талаптарын бузган учурда, шайлоо комиссиялары, шайлоочулар, талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу жана күнөөлүү жактарды ушул конституциялык Мыйзамда жана колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама менен укук коргоо органдарына, сотко кайрылууга укуктуу.
Укук коргоо органдары укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө жана табылган фактылар менен көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз маалымдоого милдеттүү.
9. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн белгиленген тартиби сакталышын контролдойт жана жол берилген укук бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөт. Талапкер, саясий партия ушул конституциялык Мыйзамдын 22-28-беренелеринде белгиленген талаптарды бузган учурда, тийиштүү шайлоо комиссиясы аларга укук бузуу жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө укуктуу. Талапкер, саясий партия ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече жолу (эки же андан көп жолу) бузган учурда, тийиштүү шайлоо комиссиясы аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга укуктуу.
Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелери бузулгандыгы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу (актысы) менен ырасталган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
Ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузуу менен жалган басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын таркаткан учурда, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзам менен белгиленген шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылмалардын редакциясы, тармактык басылманын редакциясы бузган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы укук коргоо органдарына, сотко, маалымат саясаты чөйрөсүндөгү, анын ичинде электрондук жана массалык коммуникациялар, маалымат технологиялары жана байланыш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга укукка каршы үгүт иштерине бөгөт коюу жөнүндө мыйзамсыз үгүт материалдарын колдонуудан алып салуу жана телерадио уюмун, мезгилдүү басылманын редакциясын, тармактык басылма редакциясын, алардын кызмат адамдарын, ошондой эле башка адамдарды мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама менен кайрылууга милдеттүү.
10. Укук коргоо органдары жана башка органдар укукка каршы үгүт иштерине бөгөт коюу, жасалма жана мыйзамсыз даярдалган басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын даярдоону токтотуу жана аларды алып салуу, көрсөтүлгөн материалдарды даярдоочуларды жана аларга акы төлөө булактарын аныктоо боюнча чараларды көрүүгө, ошондой аныкталган фактылар жана көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясына, референдум комиссиясына токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2021-жылдын 26-августундагы N 103, 2023-жылдын 6-апрелиндеги N 81, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-глава
Добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби
29-берене. Добуш берүү үчүн жай
1. Добуш берүү үчүн жай мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан участкалык шайлоо комиссиясынын пайдалануусуна акысыз берилет.
2. Добуш берүүчү жайда жарык берүү тутуму менен жабдылган жана жазуу буюмдары менен камсыздалган атайын жабдылган кабиналар, мониторлор, видео-белгилөө жабдуусу, башка зарыл болгон жабдуу, принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөр жана автоматтык эсептөөчү урналар жайгаштырылат.
Жарык берүү тутумунда кубаттандыруунун альтернативдүү булагы, кол чырактар жана шамдар болууга тийиш. Электр жарыгы өчкөн учурда добуш берүү жарык (негизги же альтернативдүү булактын эсебинен) кайра берилгенге чейин токтотулуп турат. Мындай учурда участкалык шайлоо комиссиясынын ишине натыйжалуу байкоо жүргүзүү максатында байкоочулар, талапкерлердин өкүлдөрү автоматтык эсептөөчү урналардан, добуш берүүчү кабиналардан шайлоо комиссиясынын аракеттери, анын иш-милдеттерин аткаруусу толук көрүнүп тургандай аралыкта турууга укуктуу.
3. Добуш берүү үчүн жайда шайлоо комиссиясы кереге көрнөктөрдү жасайт, аларда бардык талапкерлер жөнүндө маалыматтык материалдар ар бир талапкердин катар номерин көрсөтүү менен жайгаштырылат. Көрсөтүлгөн материалдарда үгүт чакырыктары камтылбашы керек. Кереге көрнөктөрдө ошондой эле толтурулган шайлоо бюллетендеринин үлгүлөрү жайгаштырылат, алар катталган талапкерлердин фамилияларын, саясий партиялардын аталыштарын камтыбашы керек.
Көрүүсү боюнча майыптыгы бар шайлоочуларга маалымдоо үчүн маалыматтык тактада ири ариптер жана (же) Брайль арибин колдонуу менен аткарылган материалдар жайгаштырылат.
4. Добуш берүүчү жай принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөр, кабиналар, мониторлор, башка зарыл болгон жабдуу жана автоматтык эсептөөчү урналар менен бир эле убакта шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин өкүлдөрүнүн, байкоочулардын көз алдында болгудай жабдылууга тийиш.
Добуш берүүчү кабинада бардык талапкерлер жөнүндө маалыматтык материалдар чүчүкулак менен аныкталган кезекте жайгаштырылат. Маалыматтык материалдардын формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
Талапкер чыгып кеткен учурда талапкер жөнүндө маалыматтар толук көлөмүндө маалыматтык материалдардан чийип салынат.
Добуш берүүчү жайда монитор байкоочулардын, талапкерлердин өкүлдөрүнүн көрүп контролдоосу үчүн жеткиликтүү жерге орнотулууга тийиш.
5. Добуш берүүчү жай майыптыгы бар шайлоочулардын бул жайга тоскоолдуксуз кирүүсүн жана анда добуш берүүсүн, анын ичинде ыңгайлуу келип-кетүүчү жана жөө жүрүүчү жолдор, жеке автотранспорт токтотуучу атайын жерлер, имараттын биринчи кабаттарында добуш берүүчү жайлардын жайгаштырылышы же болбосо лифттердин болушу, эшиктердин улагасынын кеңдиги, пандустардын болушу (пандусту орнотуу мүмкүн болбосо, жардамга чакыруу баскычтары менен жабдылышы), төшөмөлдөр, тактилдик көрсөткүчтөр, жетиштүү жарык менен камсыздалышы керек.
Добуш берүүчү жайдагы жабдуулар (столдор, кабиналар жана автоматтык эсептөөчү урналар), ошондой эле маалыматтык такталар жеткиликтүү жана жашыруун добуш берүүнү камсыздоо зарылдыгын эске алуу менен жайгаштырылышы керек. Добуш берүүчү кабиналар кресло-коляска пайдалануучу шайлоочуларга тоскоолдуксуз кирүүгө мүмкүндүк берген параметрлерге ылайык келиши жана оптикалык коррекциялоо каражаттары (лупалар, жарыгы бар лупалар жана башкалар), кошумча жарык, стул, атайын трафарет менен жабдылышы керек.
6. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу шарттарын камсыз кылуу, добуш берүүчү жайдын максималдуу мүмкүн болгон жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында тийиштүү шайлоо комиссиясы социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен бирдикте ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын муктаждык картасын добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күндөн кечиктирбестен түзөт.
Тийиштүү шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрүн тартуу менен муктаждык картасын түзүүнүн жыйынтыктары боюнча, добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен добуш берүүчү жайды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын керектөө картасында көрсөтүлгөн керектөөлөрүнө ылайык келишин текшерүүнү уюштурат.
Эгерде добуш берүүчү жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кирүүсү үчүн атайын жабдуулар менен жабдылбаса, тийиштүү шайлоо комиссиясы шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн добуш берүүчү жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү кайрылуусун жөнөтөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары аларга шайлоо комиссиялары кайрылган учурда тиешелүү чараларды токтоосуз көрүүгө милдеттүү. Шайлоо комиссиясынын кайрылуусун аткарбоо мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88, 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2021-жылдын 26-августундагы N 103, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
30-берене. Шайлоо бюллетени
1. Добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочу шайлоо бюллетенин алат, ал катуу эсептеги документ болуп саналат. Анын таризин жана коргоо даражасын Борбордук шайлоо комиссиясы аныктайт.
(Экинчи абзац КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Шайлоо бюллетенинин таризи жана тексти добуш берүү күнүнө 25 календардык күн калгандан кечиктирилбестен, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет. Шайлоо бюллетенинин тексти анын бир гана бетинде жайгаштырылышы керек.
3. Президенттик шайлоодо шайлоо бюллетени талапкерлердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын чүчү кулакта аныкталгандай кезекте камтылат.
4. Жогорку Кеңештин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоолордо шайлоо бюллетени талапкерлердин фамилияларын, аттарын, аталарынын аттарын чүчү кулакта аныкталган кезекте камтыйт.
5. Ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтардын оң тарабында бош чарчы жайгаштырылат. Талапкерлердин тизмегинин аягында, анын оң жагына бош чарчыны жайгаштыруу менен, "Баарына каршы" деген сап жайгаштырылат.
5-1. (КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Шайлоо бюллетендери мамлекеттик же расмий тилде шайлоочуну идентификациялагандан кийин принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөн басып чыгарылат. Ар бир шайлоо бюллетени аны толтуруунун тартиби жөнүндө түшүндүрмөнү камтууга тийиш. Шайлоо бюллетени ага шайлоочунун койгон белгисин бюллетендин арт жагынан көрүүгө мүмкүн болбогон тыгыздыктагы кагазга басылууга тийиш.
Шайлоо участоктору майыптыгы бар адамдар шайлоо бюллетендерин өз алдынча толтуруусу үчүн атайын трафареттер, анын ичинде Брайль ариби колдонулган бюллетендер менен жабдылат.
7. (КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8. (КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9. (КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10. Талапкерлер чыгып кеткен учурда тиешелүү талапкерлер жөнүндө маалыматтар шайлоо бюллетендеринен чийип салынат.
11. Шайлоочулардын тизмеси жана башка шайлоо документтери, тиешелүү шайлоо комиссиясынын мөөрү сакталган атайын сейфи (шкаф) турган жай мөөр басылып бекитилет жана ички иштер органдарына кайтарууга тапшырылат. Мында сейф (шкаф) добуш берүү күнү добуш берүү жүзөгө ашырылуучу шайлоо участогунун орун жайынын ичинде болушу керек.
12. Шайлоо комиссияларынын орун жайларынан, ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузуу менен, шайлоо бюллетендерин алып чыгууга, ошондой эле көчүрмөсүн алууга жана таратууга тыюу салынат.
(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88, 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2021-жылдын 26-августундагы N 103, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
31-берене. Добуш берүү тартиби
1. Шайлоо күнү добуш берүү саат 8ден саат 20га чейин жүргүзүлөт. Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочуларды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башкача ыкма менен добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калгандан кечиктирбестен, ал эми мөөнөтүнөн мурда же кайра добуш берүүдө - добуш берүү күнүнө 7 календардык күн калгандан кечиктирбестен кабарлоого милдеттүү.
Шайлоо күнү эртең мененки саат 7де участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү жайындагы өз жыйналышында чүчү кулак аркылуу төмөнкү иштерди аткаруучу комиссия мүчөлөрүн аныктайт:
- добуш берүү күнүндө оператордун ишин контролдоону жана аны менен бирдикте шайлоочулардын электрондук тизмесинде жарандарды идентификациялоону жүргүзүүчү;
- шайлоочулардын кагаздагы тизмесиндеги жарандарды каттоону жүзөгө ашыруучу;
- идентификациялоону жүзөгө ашыруучу жана басып чыгарылган бюллетендерди, идентификациялоо чектерин берүүчү;
- шайлоочулардын жашыруун добуш берүү кабиналарына киришин, шайлоо бюллетендерин автоматтык эсептөөчү урналарга салышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана шайлоо жабдуусунун операторлору чүчү кулакка катышпайт.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда, ушул участоктун шайлоочуларынын тизмеси жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле орун жайдан тышкары добуш берүүнүн натыйжалары боюнча документтер турган мөөрлөнүп бекитилген сейфти (шкафты) ачат; сейфтен (шкафтан) шайлоочулардын кагаздагы тизмесин, шайлоочулардын электрондук тизмеси менен башка зарыл жабдууну алып чыгат, шайлоочулардын тизмесине киргизилген санды жарыялайт, өзү көрүп таанышууга жана кагаздагы жана электрондук тизмелерди салыштырууга мүмкүндүк берет, андан кийин аны добуш берүү күнү шайлоочуларды каттоого жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесин толтурууга жооптуу болгон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө таратып берет.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, талапкерлердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ичи бош, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен бекитилүүчү (пломбалануучу) автоматтык эсептөөчү урналарды кароо үчүн көрсөтөт. Мөөрлөнгөн автоматтык эсептөөчү урналарга участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы шайлоо участогунун номери, контролдук барактардын автоматтык эсептөөчү урналарга салынган убактысы, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, талапкерлердин өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлгөн контролдук барактарды сапат. Контролдук барактарга ошол адамдар кол коюшат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.";
(Абзац КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Добуш берүүчү жайда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү идентификациялоо боюнча жабдууну колдонуу менен, шайлоочунун жеке жана биометрикалык маалыматтары боюнча аны онлайн жана (же) оффлайн идентификациялоону операторлор менен биргелешип жүргүзөт. Шайлоочуну идентификациялоо саясий партиялардын талапкерлеринин өкүлдөрү жана байкоочулар шайлоочуну идентификациялоо жол-жобосун жана мониторду көрүп тургандай аралыкта жана шарттарда жүргүзүлүүгө тийиш.
Шайлоочуну идентификациялоо шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документти көрсөткөндө жүзөгө ашырылат.
Шайлоочунун биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча аны идентификациялоо үчүн шайлоочунун макулдугу талап кылынбайт.
Мында талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар үчүн көрүнүктүү жерге илинген монитордо төмөнкүдөй маалыматтар чагылдырылат:
- бул шайлоо участогунда шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны;
- бул шайлоо участогунда ошол учурда идентификациядан өткөрүлгөн жана идентификациядан өткөнү жөнүндө чек алган шайлоочулардын саны;
- идентификациядан өтүп жаткан шайлоочунун фото сүрөтү;
- жабдуулардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргелешип Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган башка маалыматтар.
Шайлоочуну идентификациялагандан кийин чек жана тиешелүү округдун бюллетени басып чыгарылат.
Жабдуу ушул шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын биротоло тизмесине кирген шайлоочуну идентификациялай албаган жана идентификациядан өткөнү жөнүндө чек бербеген ар бир учурда, эгерде идентификациялоо боюнча бир нече ирет көрүлгөн чаралар натыйжа бербесе, шайлоо комиссиясынын идентификациялоо процессин контролдоого жооптуу мүчөсү комиссиянын төрагасына билдирет, андан кийин жабдуунун идентификациялай албаганы жөнүндө эки нускада акт түзөт. Актыга шайлоо комиссиясынын идентификациялоо процессин контролдоого жооптуу мүчөсү, оператор жана тиешелүү шайлоочу кол коёт. Бир нускасы шайлоочуга тапшырылат, ал эми экинчи нускасы шайлоо комиссиясында калат, шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин шайлоо комиссиясы бул актыларды чара көрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жиберет. Мында шайлоочу добуш берүүгө киргизилбейт.
Шайлоочуга чек бербестен шайлоо бюллетенин берген учурда тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти тартат.
Автоматтык эсептөөчү урналарга салынган шайлоо бюллетендеринин санына негизделген добуш бергендердин саны жөнүндө маалыматтар участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан актыга киргизилет жана округдук, аймактык шайлоо комиссиясына ар бир 2 саат сайын өткөрүп берилет, округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын системалык администратору алынган маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына киргизет жана автоматтык түрдө жарыялайт. Автоматтык эсептөөчү урналарга салынган шайлоо бюллетендеринин санына негизделген добуш бергендердин саны жөнүндө биротоло маалыматтар дароо же шайлоо участоктору жабылгандан кийин, бирок бюллетендери бар урналар ачылганга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берилет.
3. Шайлоочу добуш берүү бюллетени менен чекти участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө берет, ал шайлоочуну шайлоочулардын кагаздагы тизмесине каттайт. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесине кол коёт.
Идентификациялоодон кайрадан өтүү аракетинде, эгерде шайлоочу идентификациялоодон өткөн болсо, серептөөчү монитордо бул шайлоочунун мурда идентификациялангандыгы тууралуу билдирүү ал жүргүзүлгөн шайлоо участогунун номерин көрсөтүү менен чагылдырылат.
Идентификациялоодон өткөн шайлоочулардын саны жөнүндө маалымат 9:00дөн 19:00гө чейин саат сайын борбордук серверге онлайн жөнөтүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында автоматтык түрдө жарыяланат.
4. Ар бир шайлоочу өзү үчүн добуш берет, башка шайлоочулар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.
5. (КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. (КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан атайын жабдылган кабинада же башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жабдылган жерде толтурулат. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган жер шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн эркин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөл жүргүзүүсүн камсыз кылууну эске алуу менен орнотулушу же даярдалышы керек. Автоматтык эсептөөчү урналар, эреже катары, добуш берүү үчүн атайы жабдылган эң жакынкы кабинадан бир жарым метрден ашпаган аралыкта, добуш берүү үчүн жайда турган адамдар бюллетендеги белгини көрүп биле албай тургандай жайгаштырылууга тийиш.
8. Президентти шайлоодо шайлоочу шайлоо бюллетениндеги талапкерге тиешелүү чарчыга кимдин пайдасына тандоо жасаганы тууралуу тиешелүү белгини же болбосо "Баарына каршы" позициясына белги коёт;
8-1. Жогорку Кеңештин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоодо шайлоочу шайлоо бюллетенине өзү тандаган бир гана талапкерге тийиштүү чарчыга белги коёт же болбосо "Баарына каршы" позициясына белги коёт.
8-2. (КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтурууда ката кетирип алдым деп эсептесе, ал бузулган шайлоо бюллетенинин ордуна жаңысын берүү өтүнүчү менен участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына кайрылууга укуктуу. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы ага жаңы шайлоо бюллетенин берет, мында шайлоочулардын тизмесиндеги анын фамилиясынын тушуна тиешелүү белги коёт. Шайлоо бюллетени кайрадан бир гана жолу басып чыгарылат. Бузулган бюллетень жок кылынып, бул жөнүндө акт түзүлөт.
10. Шайлоо бюллетенин алганына өз алдынча кол коюуга жана шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу, бул үчүн шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкер, талапкердин, саясий партиянын өкүлү, байкоочу болуп саналбаган башка шайлоочунун жардамынан пайдаланууга укуктуу. Бул учурда шайлоочу башка адамдын жардамынан пайдалануу жөнүндө өз ниетин участкалык шайлоо комиссиясына оозеки билдирет.
Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн өз алдынча кол коюуга, шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү жок шайлоочунун өтүнүчү боюнча дайындалган адам иш-аракеттерди шайлоочунун билдирген эркине толук ылайыктуу жасоого милдеттүү.
11. Толтурулган шайлоо бюллетендерин шайлоочулар тиешелүү мөөрлөнгөн (пломбаланган) автоматтык эсептөөчү урналарга салышат. Шайлоо бюллетенин добуш берүүчү жайдан алып чыгууга тыюу салынат. Автоматтык эсептөөчү урнага бюллетенди таштоо эрежелеринен кыйналган шайлоочунун өтүнүчү боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири же техникалык адис чакырылган учурларды кошпогондо, автоматтык эсептөөчү урналардын жанында шайлоо бюллетенин таштап жаткан шайлоочудан башка адамдардын болушуна тыюу салынат. Добуш берүүчү жайда турган адамдарга автоматтык эсептөөчү урнага сереп салууну далдалоого же башка ыкма менен ага байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылууга тыюу салынат.
12. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү жайындагы тартипке көз салат. Добуш берүү жайында коомдук тартип бузулган учурда, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү жайында коомдук тартипти камсыз кылуу максатында, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардамга кайрылууга укуктуу, алар тартип орнотулгандан кийин добуш берүү жайынан чыгып кетүүлөрү керек. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде берилген, шайлоо жүрүмүнүн субъекттеринин укуктарын бузбаган тескемелери добуш берүү жайында тургандардын баары үчүн милдеттүү. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жок болгондо, анын ыйгарым укуктарын участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы же шайлоо комиссиясынын ыйгарым укук берилген мүчөсү аткарат.
Добуш берүү үчүн жайга киргизүү талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн байкоо жүргүзүүсүнө шайлоочулар топтолушуп, тоскоолдук кылбай тургандай жүргүзүлүүгө тийиш.
13. Эгерде алар шайлоо комиссиясынын ишине же Кыргыз Республикасынын жараны өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылууга, ошондой эле добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузууга аракет кылса, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү токтоосуз анын жумушуна катышуудан четтетилет, ал эми байкоочу же башка адамдар добуш берүүчү жайдан сыртка чыгарылат. Бул жөнүндө чечим участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жазуу жүзүндө кабыл алат. Мында комиссия бул адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.
14. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары добуш берүү күнү коомдук коопсуздукту, коомдук транспорттун, байланыш каражаттарынын үзгүлтүксүз иштешин, добуш берүүчү жайларда электр жарыгы жана жылуулук болушун камсыз кылууга милдеттүү.
15. Шайлоо күнү автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү запастык автоматтык эсептөөчү урнаны пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык шайлоо комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.
Запастык автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү туруктуу орнотулган үкөктү пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.
Автоматтык эсептөөчү урналардын бузулуусунун натыйжасында алмашылгандардын иштөө жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилген учурда добуш берүү аяктагандан кийин жыйынтык отчетун түзүү үчүн аларды пайдаланууга жол берилет. Мында акт түзүлөт, ага участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышып отурган мүчөлөрү, операторлор, байкоочулар, талапкерлердин өкүлдөрү кол коюшат.
16. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнүн жана автоматтык түрдө саноочу урналарды пайдалануунун тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.
(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88, 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2021-жылдын 26-августундагы N 103, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
31-1-берене. Аралыктан, электрондук добуш берүү
1. Шайлоо өткөрүүдө аралыктан, электрондук добуш берүү колдонулушу мүмкүн. Аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө чечим шайлоо дайындалганда кабыл алынат.
2. Аралыктан, электрондук добуш берүү шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участогунда добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон жарандардын активдүү шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылууга багытталган.
3. Аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүүдө активдүү шайлоо укугун ишке ашыруу жана аралыктан, электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды түзүү мүмкүндүгү шайлоочулардын өз эркин билдирүүсүнүн сакталышына жана добуш берүүнүн купуялуулугунун сакталышына кепилдикти эске алуу менен камсыз кылынат.
4. Аралыктан, электрондук добуш берүү тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
5. Өзүнүн шайлоо участогунан тышкары бир округдун чегинде аралыктан добуш берүүгө жол берилбейт.
(КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
32-берене. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү тартиби
(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
33-берене. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнүн тартиби
1. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албаган шайлоочулар; добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайлардагы шайлоочулар; алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар; ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча аскер бөлүктөрүндө, эгерде алар убактылуу жүргөн жер өзүнүн жайгашкан орду боюнча кирген шайлоо участогунун аймагында туруктуу жашаса, добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери, тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилүүчү, жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда иштеген шайлоочулар, вахта ыкмасында иштеген шайлоочулар, үй камагында турган референдумдун катышуучулары добуш берүү күнү обочолонгон, калктуу конуштардын алыс жерлерде кызмат өтөп жатышкан аскер кызматкерлери, өзү жүргөн жери боюнча добуш беришет. Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
2. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20га чейинки мезгилде жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт. Шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен берилиши мүмкүн. Участкалык шайлоо комиссиясы берилген бардык арыздарды атайын реестрде каттоого алат. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө арызда шайлоочунун добуш берүүчү жайга келе албай турганынын себеби жана шайлоочу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш.
3. Участкалык шайлоо комиссиясында добуш берүүчү көчмө үкөктөрдүн зарыл болгон саны (бирок үчтөн ашык эмес) болуш керек. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү алдын ала мөөрлөнгөн (пломбаланган) добуш берүүчү көчмө үкөктөрдү жана принтери бар иденттификациялоочу түзүлүштү алган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү оператор менен биргелешип жүргүзөт. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү талапкерлердин, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлөт.
4. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө 2 күн калганда өзүнүн жыйналышында добуш берүүчү орун жайдан тышкары добуш берүүнү уюштура турган комиссиянын мүчөлөрүн (участкалык шайлоо комиссиясынын эки мүчөсүнөн кем эмесин) чүчү кулак менен аныктайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы чүчү кулакка катышпайт.
Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу жазуу жүзүндө ага арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү.
5. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жайдан тышкары ичи бош, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен бекитилүүчү (пломбалануучу) добуш берүүчү көчмө үкөктөрдү участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, талапкерлердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө карап чыгуу үчүн көрсөтөт. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы мөөрлөнгөн добуш берүүчү көчмө үкөктөргө шайлоо участогунун номери, контролдук барактардын добуш берүү үчүн үкөккө салынган убактысы, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, талапкерлердин өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлгөн контролдук барактарды салат. Контролдук барактарга ошол адамдардын колдору коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
6. Шайлоочуга келгенден кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү анын биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча идентификациялоону оператор менен бирдикте жүргүзөт. Идентификациялоодон кийин шайлоочуга чек жана тиешелүү шайлоо округунун бюллетени басып чыгарылат. Шайлоо бюллетендерин бергенде участкалык шайлоо комиссиясынын чүчү кулак менен аныкталган мүчөсү шайлоочуну шайлоочулардын кагаздагы тизмесинде каттайт, шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясын жана номурун коет жана ага шайлоо бюллетинин бергени жөнүндө кол коёт. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазманын тууралыгын текшерет жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесине кол коёт.
7. Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жерде толтурулат. Атайын жер шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн эркин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөл жүргүзүүсүн камсыз кылууну эске алуу менен тандалып алынышы керек.
Эгерде шайлоочу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экендигинен улам же ден соолугунун абалы боюнча шайлоо бюллетендерин алганда өз алдынча кол кое албаса же шайлоо бюллетендерин толтура албаса, ал ушул конституциялык Мыйзамдын 31-беренесинин 10-бөлүгүндө каралган тартипте башка шайлоочунун жардамынан пайдаланууга укуктуу.
8. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берген шайлоочунун паспортунун же инсандыгын ырастоочу документинин сериясы жана номуру шайлоочулардын тизмесине киргизилет жана шайлоочулардын тизмесинин тиешелүү тик тилкесинде "Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берди" деген белги коюлат.
9. Жайдан тышкары добуш берүүнүн аякташы боюнча добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдүн көзөнөктөрү участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана башка мүчөлөрү, байкоочулар тарабынан кол коюлган, А4 форматындагы мөөр басылган барак менен бекитилет (пломбаланат) жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Көчмө укөктөр сейфте (шкафта) сакталат, ал мөөр басылып кошумча бекитилет (пломбаланат).
Жайдан тышкары добуш берүүнүн аяктаганы тууралуу акт түзүлөт, анда добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыздардын саны, добуш берген шайлоочулардын саны, берилген шайлоо бюллетендеринин саны, берилген чектердин саны жана кайтарылган бузулган бюллетендердин саны тууралуу маалыматтар камтылат, ага участкалык шайлоо комиссиясынын катышкан бардык мүчөлөрү, талапкерлердин өкүлдөрү жана байкоочулар кол коёт. Акт түзүүдө катышкан ар бир адамга актыга кол коюлгандан кийин токтоосуз анын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет.
10. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берген шайлоочулардын добуштарын саноо добуш берүү үчүн жайда добуш берүү аяктагандан кийин, ушул конституциялык Мыйзамда аныкталган тартипте жана шарттарда жүргүзүлөт.
(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88, 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-глава
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо
34-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол
1. Участкалык, аймактык, округдук шайлоо комиссиялары тиешелүү шайлоо участогундагы, аймагындагы, округундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзөт.
2. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол таризи жана корголуу даражасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталуучу, катуу эсептеги документ болуп саналат.
3. Участкалык, аймактык, округдук шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорду толтурууларынын таризи жана тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.
(КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
35-берене. Участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүү жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби
1. Добуш берүү убактысы аяктагандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүүчү жайда турган шайлоочулар гана шайлоо бюллетендерин ала алышарын жана добуш бере ала турганы жөнүндө жарыялайт.
2. Шайлоочулардын добуштарын саноо участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан гана, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдо жана анын чоңойтулган таризинде (шайлоо комиссиясы белгилеген орунга илинген) шайлоо бюллетендерин жана шайлоочулардын добуштарын саноо боюнча аткарылуучу иш аракеттердин бардык натыйжалары тууралуу ырааттуу жарыялоо жана тиешелүү түрдө жол-жоболоо менен ачык жана айкын жүзөгө ашырылат.
Добуштарды саноо жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө процессинде талапкерлердин өкүлдөрү, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы аныктаган жана участкалык шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылбаган жерден фотосүрөт, кино-, көрмө тартылууларды жүргүзө алышат.
3. Шайлоочулардын добуштарын саноо добуш берүү аяктаары менен, шайлоочулардын добуш берүүсү өткөрүлгөн жайда башталат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленгенге чейин тыныгуусуз жүргүзүлөт. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз саноо жүргүзүлгөн жер ага участкалык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрүнүн жана шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрдүн жетимдүүлүгү камсыз болгондой жабдылууга тийиш. Мында саноого катышкан бардык адамдар үчүн санап жаткан участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн аракеттерин толук көрүп туруулары камсыз кылынышы керек.
Ар түрдүү деңгээлдердеги шайлоолор айкалыштырылган учурда, биринчи кезекте Президентти, андан кийин - Жогорку Кеңештин депутаттарын, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча добуштарды саноо жүзөгө ашырылат.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын кошпогондо, добуштарды саноо учурунда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө жазуучу буюмдарды пайдаланууга тыюу салынат.
3-1. (КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз саноонун алдында, участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоочуларды каттоого жооптуу мүчөлөрү шайлоочулардын тизмесинин ар бир бетине тиешелүү суммалык маалыматтарды киргизүүгө милдеттүү.
Суммалык маалыматтар киргизилгенден кийин шайлоочулардын тизмесинин ар бир бетине участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү кол коет, андан кийин бардык маалыматтарды жыйынтыктайт жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп берет. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы тизменин акыркы бетине шайлоочулардын тизмесинин бардык беттери боюнча маалыматтардын суммасы катары аныкталуучу жыйынды маалыматтарды киргизет, аларды өз колу жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөйт.
Шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны чектерди саноо жолу менен кошумча текшерилет.
(Абзац КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Шайлоочулардын тизмеси менен жумуштарды жүргүзгөндөн кийин, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып отургандарга алар менен көрүп таанышууну сунуш кылат.
Андан кийин шайлоочулардын тизмеси сейфке (шкафка) алып коюлат.
6. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдөгү шайлоо бюллетендерин саноого киришет. Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү жүргүзгөн мүчөлөрү пломбалардын, мөөрлөрдүн жана участкалык комиссиянын мүчөлөрү, көчмө үкөктөрдү мөөрлөп бекитүүдө катышкан адамдар койгон колдордун сакталганын көрсөтөт, добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдү кезек-кезеги менен ачат, андан кийин шайлоо бюллетендерин жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, эртең менен шайлоо үкөктөрүн мөөрлөп жабуу учурунда катышкан адамдардын колдору менен көзөмөлдөө барагын алып чыгышат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы көзөмөлдөө барактарын көрсөтөт.
Добуш берүү үчүн ар бир көчмө үкөктү ачаардын алдында добуш берүү үчүн ушул көчмө үкөктү жана берилген чектерди пайдалануу менен добуш берген шайлоочулардын саны жарыяланат. Добуш берүү үчүн ар бир көчмө үкөктөгү шайлоо бюллетендерин саноо өз-өзүнчө жүргүзүлөт.
Эгерде добуш берүү үчүн көчмө үкөктөгү шайлоо бюллетендеринин саны, алынган шайлоо бюллетендеринин жана берилген чектердин саны жөнүндө белгиде камтылган шайлоочулардын арыздарынын санынан көп экени белгиленсе, добуш берүү үчүн ушул көчмө үкөктөгү бардык шайлоо бюллетендери, участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен жараксыз деп таанылат жана төмөнкү оң бурчун кесүү жолу менен керектен чыгарылат, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго тиркелет жана анда участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү жүргүзүүнү камсыз кылган мүчөлөрүнүн фамилиялары жана аты-жөндөрү көрсөтүлөт. Бул жараксыз шайлоо бюллетендери өзүнчө таңгакталат жана мөөрлөнүп чапталат, мында пакетте шайлоо участогунун номуру, үкөктүн номуру жана шайлоо бюллетендеринин саны көрсөтүлөт жана "Добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алынган жараксыз шайлоо бюллетендери" деген жазуу жазылат.
Көчмө үкөктөн алынган шайлоо бюллетендери автоматтык эсептөөчү урналарга салынат.
7. Добуштарды саноо учурунда аныкталбаган тариздеги шайлоо бюллетендери эсепке алынбайт. Мазмуну жана (же) таризи Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен шайлоо бюллетенинин текстине жана таризине ылайык келбеген бюллетендер аныкталбаган тариздеги шайлоо бюллетендери деп таанылат.
8. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөөнүн алдында участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы автоматтык эсептөөчү урналар боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялайт, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго тиркелет жана участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышкан мүчөлөрүнүн, талапкерлердин өкүлдөрүнүн, саясий партиялардын талапкерлеринин өкүлдөрүнүн, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн алдында жарыя кылынат.
Автоматтык эсептөөчү урналар добуш берүүнүн бүткүл мезгилинде добуш берүүнүн купуялуулугунун ачылышына жол бербөөгө жана зымдуу жана зымсыз тарамдарга кошулбоого тийиш. Автоматтык эсептөөчү урналардан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды алуу добуш берүү күнү саат 20дан кийин, бирок саат 23төн кечиктирбестен кечиктирбестен участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Автоматтык эсептөөчү урналардын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн отчеттору, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчеттор добуш берилүүчү жайда турган саясий партиялардын талапкерлеринин бардык өкүлдөрүнө, байкоочуларга берилет.
Автоматтык эсептөөчү урнадан алынып чыккандан кийин шайлоо бюллетендери эсептелип чыгат, ал эми натыйжалары добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жазылат.
Автоматтык эсептөөчү урнадан алынып чыккан бюллетендердин саны шайлоочуларга берилген бюллетендердин санына дал келүүгө же аз болууга тийиш. Эгерде автоматтык эсептөөчү урнадагы шайлоо бюллетендердин саны шайлоочуларга берилген бюллетендердин санынан көп болуп чыкса, анда участкалык шайлоо комиссиясы себептерди аныктоо жана жоюу боюнча чараларды көрөт.
Эгерде себептери аныкталып жана жоюлгандан кийин, автоматтык эсептөөчү урнадагы жарактуу шайлоо бюллетендеринин саны шайлоочуларга берилген бюллетендерге караганда көп болуп чыкса, автоматтык эсептөөчү урнадагы бардык шайлоо бюллетендери участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен жараксыз деп табылат жана ылдыйкы оң бурчун кесүү жолу менен жокко чыгарылат.
9. Президентти шайлоодо участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү үчүн көчмө жана туруктуу орнотулган үкөктөрдөн алынып чыккан шайлоо бюллетендерин ар бир талапкер үчүн, "Баарына каршы" позициясына берилген добуштар боюнча иргешет, ошол эле учурда аныкталбаган тариздеги шайлоо бюллетендерин жана жараксыз шайлоо бюллетендерин бөлүп чыгышат. Шайлоо бюллетендерин иргөөдө участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо бюллетендеринде камтылган шайлоочулардын белгилерин жарыялашат жана шайлоо бюллетендерин көрүп көзөмөлдөө үчүн саноого катышып олтургандардын баарына көрсөтүшөт.
9-1. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү үчүн көчмө жана туруктуу орнотулган үкөктөрдөн алынып чыккан шайлоо бюллетендерин ар бир талапкер үчүн, "Баарына каршы" позициясына берилген добуштар боюнча иргешет, ошол эле учурда аныкталбаган тариздеги шайлоо бюллетендерин жана жараксыз шайлоо бюллетендерин бөлүп чыгышат. Шайлоо бюллетендерин иргөөдө участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо бюллетендеринде камтылган шайлоочулардын белгилерин жарыялашат жана шайлоо бюллетендерин көрүп көзөмөлдөө үчүн саноого катышып олтургандардын баарына көрсөтүшөт.
10. Иргелген шайлоо бюллетендери менен участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көзөмөлү астында талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар таанышууга укуктуу.
11. Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуштарын саноо белгиленген формадагы шайлоо бюллетендери боюнча ар бир талапкер жана "Баарына каршы" позициясы боюнча өз-өзүнчө жүргүзүлөт. Иргелген шайлоо бюллетендерин саноо үн чыгарып, аларды бир таңылчактан экинчисине бирден алып коюу жолу менен, саноого катышып отурган адамдар саноону уга турган жана шайлоочунун шайлоо бюллетениндеги белгисин көрө турган аралыкта жана жолтоо жаратпаган тартипте жүргүзүлөт. Ар башка таңылчактардагы шайлоо бюллетендерин бир убакта саноого жол берилбейт.
Ар бир талапкер жана "Баарына каршы" берилген шайлоо бюллетендериндеги шайлоочулардын тиешелүү белгиси (добушу) боюнча аныкталуучу, алынган маалыматтар добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган таризине киргизилет.
11-1. (КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11-2. (КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
12. Жараксыз шайлоо бюллетендери өзүнчө саналат жана кошулат. Шайлоочунун эркин билдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон шайлоо бюллетендери, ошондой эле добуш берүүчү көчмө үкөктөн алынган жараксыз шайлоо бюллетендери (эгерде добуш берүүчү көчмө үкөктөгү шайлоо бюллетендеринин саны алынган шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө белги бар шайлоочулардын арыздарынын санынан ашып кеткен факты орун алган болсо) жараксыз болуп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген коргоо белгилери коюлбаган шайлоо бюллетендери да жараксыздарга кирет.
Арткы бетинде белгини, сызыкты же алардын мазмунуна карабастан башка жазууларды камтыган бюллетендер жараксыз деп таанылбайт.
Шайлоо бюллетенин жараксыз деп таанууда шектенүүлөр болгон учурда, участкалык шайлоо комиссиясы маселени добуш берүү менен чечет, мында шайлоо бюллетенинин арткы бетине анын жараксыздыгынын себеби көрсөтүлөт жана бул жазуу белги участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын колу менен ырасталат, комиссиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Жараксыз шайлоо бюллетендеринин жалпы саны добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган таризине киргизилет.
12-1. (КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
13. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жараксыз шайлоо бюллетендеринин санын санайт, жарыялайт жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго жана анын чоңойтулган таризине жазат, ал шайлоочулардын эркин аныктоого боло турган шайлоочулардын белгилери боюнча аныкталат.
14. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуштарды саноодо бардык катышып отурган адамдарга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көзөмөлү алдында шайлоо бюллетендерин көрүп таанышууну сунуш кылат. Автоматтык эсептөөчү урналардагы маалыматтар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары добуш берүүнү кол менен эсептөөнүн маалыматтары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарына дал келбеген учурда, талапкердин, саясий партиянын өкүлүнүн же байкоочунун добуштарды кайра эсептөөнү жүргүзүү талабы боюнча талапкердин, саясий партиянын өкүлүнүн же байкоочунун түздөн-түз катышуусунда жана алар тараптан көрүп туруп көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берүү менен шайлоо бюллетендери кайра эсептелет. Мында шайлоо бюллетендерин саноо үн чыгаруу менен жүргүзүлөт.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен эсептөөнүн натыйжалары боюнча белгиленет.
15. Мындан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен тартипке ылайык добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго киргизилген маалыматтардын көзөмөлдүк өз ара катыштарын текшерүү жүргүзүлөт.
16. Добуштарды саноо жүргүзүлгөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналыш өткөрөт, анда добуш берүү жана шайлоочулардын добуштарын саноо учурундагы тартип бузуулар жөнүндө келип түшкөн арыздар (даттануулар) каралат, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алынат. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү келип түшкөн арыздар (даттануулар) боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын кабыл алган чечимдерине макул болгон арыз ээлери менен участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюшат. Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюуда, протоколдун мазмуну менен макул эмес участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзгөчө пикирлерин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлгөндөн кийин, иргелген шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери, чектер, автоматтык эсептөөчү урналардын отчеттору, идентификация боюнча баштапкы жана жыйынтык отчет өзүнчө пакеттерге таңгакталат, аларда шайлоо участогунун номуру, шайлоо бюллетендеринин саны, шайлоочулардын тизмелеринин аталыштары көрсөтүлөт. Пакеттер мөөрлөнүп чапталат, аларга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдору коюлат жана өзүнчө мүшөккө же кутуга салынат. Мүшөктө же кутуда шайлоо участогунун номуру жана анын ичиндеги документтердин тизмеси көрсөтүлөт. Мүшөк же кутуга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдору коюлуу менен мөөрлөнүп чапталат. Шайлоо бюллетендерин, шайлоочулардын тизмесин, чектерди, автоматтык эсептөөчү урналардын отчетторун, идентификация боюнча баштапкы жана жыйынтык отчетту таңгактоо, ошондой эле аларды мүшөккө же кутуга салуу талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын катышуусунда жүзөгө ашырылат, аларга мүшөккө же кутуга өз колдорун коюу мүмкүнчүлүгү берилет. Пакет, мүшөк же куту жогору турган шайлоо комиссиясынын же соттун чечими боюнча гана ачылышы мүмкүн.
17. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол эки нускада толтурулат, күнү жана убактысы (сааты, мүнөтү) коюлуу менен, участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышып олтурган мүчөлөрүнүн колдору коюлат. Эгерде ага участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү кол койсо, протокол жарактуу болуп саналат. Протоколго кол коюуда протоколдун мазмуну менен макул эмес участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү протоколго өзгөчө пикирлерин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.
Көңүл буруңуздар! 17-пунктта "жыйынтыгы жөнүндө" деген сөздөр жок болгондуктан КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамы менен берилген өзгөртүүлөр киргизилген жок.
18. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин, участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары катышып олтурган бардык талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн алдында токтоосуз жарыяланат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жарыялангандан кийин, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол, шайлоочуларды жана автоматтык эсептөөчү урналарды идентификациялоо тууралуу алгачкы, жыйынтыктоочу чектер автоматтык эсептөөчү урналар аркылуу сканерлөө жолу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине жөнөтүлөт.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол ката толтурулган учурда, комиссия тиешелүү акт түзөт, ал да сканерленет жана жаңыдан толтурулган жана кол коюлган добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине жөнөтүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине келип түшкөн сканерленген документтер протоколду толтуруунун тууралыгы текшерилгенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланат.
19. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюлгандан кийин, анын биринчи нускасы, шайлоо бюллетендерин кошуп алганда шайлоо документтери, шайлоочулардын тизмелери, арыздар (даттануулар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер, участкалык шайлоо комиссиясы түзгөн актылар, автоматтык эсептөөчү урналардын отчеттору, идентификация боюнча баштапкы жана жыйынтык отчет менен бирге участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан, токтоосуз талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн коштоосунда округдук, аймактык шайлоо комиссиясына жеткирилет.
Тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталуучу чет мамлекеттердин аймагында же алыскы жерлерде турган шайлоо участокторунун участкалык шайлоо комиссиялары ушул бөлүктө көрсөтүлгөн документтерди жеткирүүнү Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырат.
20. Протоколдун экинчи нускасы, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү комиссиянын иши аяктаганга чейин алардын аныктыгы жана сакталышы үчүн мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартуучу участкалык шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат.
21. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун чоңойтулган таризи жалпы элдин таанышуусу үчүн, участкалык шайлоо комиссиясы белгилеген жерге илинип коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын иши аяктаганга чейин сакталат.
22. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюлгандан кийин, участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы добуштарды саноого катышкан ар бир адамга добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун мөөр менен күбөлөнгөн көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
23. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү участкалык шайлоо комиссияларынын кире беришиндеги такталарга токтоосуз илинет.
Шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмеси добуш берүү күнүнөн кийин 7 календардык күндөн кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланат.
(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88, 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2021-жылдын 26-августундагы N 103, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
36-берене. Округдук, аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруунун тартиби
1. Участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорунун биринчи нускалары, ушул мыйзамдын 35-беренесинин 19-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шайлоо документтери менен бирге, аларга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол койгондон кийин, токтоосуз акт боюнча округдук, аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет, ал тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.
2. Округдук, аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан түздөн-түз келип түшкөн протоколдордун негизинде тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууну жүзөгө ашырат. Тиешелүү округдук, аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан протоколдорду кабыл алуу жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген тартипте жана мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун туура түзүлгөнүн алдын ала текшергенден кийин, округдук, аймактык шайлоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо комиссияларынын маалыматтарын кошуу жолу менен тиешелүү аймактагы шайлоонун жыйынтыктарын чыгарат. Округдук, аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча жыйынды таблица жана протокол түзөт, аларга участкалык шайлоо комиссияларынын саны, келип түшкөн протоколдордун саны жөнүндө маалыматтар киргизилет, алардын негизинде добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун кошулган маалыматтары түзүлөт.
Тиешелүү аймактагы шайлоонун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюунун алдында, округдук, аймактык шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрөт, анда комиссияга келип түшкөн добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды саноого жана участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун түзүүгө байланыштуу арыздар (даттануулар) каралат. Шайлоо комиссиясы ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алат, андан кийин шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана келип түшкөн арыздар (даттануулар) боюнча шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимдерге макул болгон арыз ээлери шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюшат. Округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюуда аймактык протоколдун мазмуну менен макул эмес шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзгөчө пикирлерин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат. Андан кийин шайлоо комиссиясы тиешелүү аймактагы шайлоонун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коет.
3. Шайлоонун жыйынтыктары тууралуу протокол эки нускада түзүлөт жана округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын бардык катышкан мүчөлөрү тарабынан кол коюулат. Протоколдорго тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу эки нускада түзүлүүчү жыйынды таблица, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери, ошондой эле келип түшкөн арыздар (даттануулар) жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер тиркелет.
4. Округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасы кол коюлгандан кийин, жыйынды таблицанын биринчи нускасы менен бирге токтоосуз Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
5. Протоколдун экинчи нускасы бардык шайлоо документтери менен бирге, архивге берилгенге чейин округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы тарабынан кайтарылуучу жайда сакталат.
6. Шайлоонун жыйынтыктары тууралуу протоколдун чоңойтулган таризи жалпы элдин таанышуусу үчүн округдук, аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан белгилеген жерге илинип коюлат жана шайлоо комиссиянын жумушу аяктаганга чейин сакталат.
7. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдордо жана (же) жыйынды таблицаларда каталар, ылайык келбестиктер табылган же округдук, аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун түзүлүшүнүн тууралыгына шектенүүлөр пайда болгон учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссиясы тарабынан добуштарды кайра саноону жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Кайра саноо Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн (мүчөлөрүнүн) милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт. Добуштарды кайра саноодо талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар катышып турууга укуктуу. Шайлоочулардын добуштарын кайра саноонун жыйынтыктары боюнча шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол түзөт, ага "Добуштарды кайра саноо" деген белги коюлат. Протокол токтоосуз Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
8. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюлгандан кийин, участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы добуштарды саноого катышкан ар бир адамга добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун мөөр менен күбөлөнгөн көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
(КР 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
36-1-берене. Аралыктан, электрондук добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо
Добуш берүү аяктагандан кийин маалыматтык шайлоо тутуму тиешелүү шайлоо участоктору жана округдар боюнча бекитилген форма боюнча аралыктан, электрондук добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө электрондук протоколду автоматтык түрдө түзөт. Аралыктан, электрондук добуш берүүнүн жыйынтыктары маалыматтык шайлоо тутумунун сайтында чагылдырылат. Аймактык шайлоо комиссияларындагы тутумдук администраторлор электрондук протоколду басып чыгарышат жана ошол комиссиянын иш-аракет чөйрөсүнө кирген округдар боюнча округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп беришет.
Электрондук протокол төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- аралыктан, электрондук добуш берүү аркылуу добуш берген шайлоочулардын саны;
- алынган добуштардын саны көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси;
- "Баарына каршы" позициясы үчүн берилген добуштардын саны;
- Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталуучу башка маалыматтар.
Тиешелүү аймакта Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу округдук жана аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Маалыматтык шайлоо тутумунда ар бир округ боюнча аралыктан, электрондук добуш берүүнүн электрондук протоколу түзүлөт, ал Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо ар бир округ боюнча шайлоонун натыйжаларын чыгарууда округдук, аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан эске алынат.
Аралыктан, электрондук добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду басып чыгаруу процессинде талапкерлер, талапкерлердин өкүлдөрү, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан сүрөткө тартуу, киного, видеого тартуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
Эгерде аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүүдө аралыктан, электрондук добуш берүүнүн катышуучуларынын эркин билдирүүсүнүн так аныкталышына мүмкүндүк бербеген бузууларга жол берилсе, шайлоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык аралыктан, электрондук добуш берүүнүн жыйынтыктары округдук же аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн.
Мындай учурда шайлоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык, шайлоонун натыйжалары аралыктан, электрондук добуш берүүнү эске албастан, шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат.
(КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
37-берене. Шайлоонун натыйжаларын аныктоонун тартиби
1. Борбордук шайлоо комиссиясы түздөн-түз округдук шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен, добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоонун натыйжаларын аныктайт.
Борбордук шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрөт, анда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү тартип бузуулар жөнүндө келип түшкөн бардык арыздарды (даттанууларды) карайт, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алат.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол түзөт, ага алардын негизинде шайлоонун натыйжалары аныкталуучу, түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын саны жөнүндө маалыматтар, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун жалпы кошунду маалыматтары боюнча жыйынды таблица, келип түшкөн протоколдордун маалыматтары киргизилет.
3. Эгерде шайлоочулардын башка талапкерлерге караганда көп сандагы добуш алган талапкерлер үчүн берилген добуштарынын саны шайлоочулардын бардык талапкерлерге каршы берилген добуштарынын санынан аз болсо, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо болбой калды деп таанылат. Мындай учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.
Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны автоматтык эсептөөчү урнадан алынган белгиленген формадагы шайлоо бюллетендеринин саны боюнча, ал эми кошумча контролдоо зарыл болгондо - идентификациядан өткөндүгү жөнүндө чектер боюнча да аныкталат.
4. Округдук, аймактык шайлоо комиссиясы төмөнкү учурларда шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таанууга укуктуу:
1) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген бузуулар орун алса;
2) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында, шайлоочулардын эрктерин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар орун алса;
3) жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;
4) соттун чечими боюнча.
5) эгерде автоматтык эсептөөчү урнадагы шайлоо бюллетендери анык эмес деп таанылса.
Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган учурда, шайлоонун жыйынтыктары калган шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары бир же бир нече шайлоо участокторунда жараксыз деп таанылган учурда, алар шайлоонун натыйжаларына таасирин тийгизе турган болсо, ошол шайлоо участкаларында тиешелүү шайлоо комиссиясы кайра добуш берүү дайындаган күндөн тартып, 2 жумалык мөөнөттө кайра добуш берүү өткөрүлөт.
4-1. Эгерде шайлоолорго даярдануу, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө учурунда талапкер, саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыгын анык белгилөөгө мүмкүндүк бербеген бузуулар орун алса, же шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир көрсөтүлсө, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер, талапкерлер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп таанууга укуктуу.
Шайлоо мыйзамдарынын бузулушун аныктоонун натыйжасында добуш берген күндөн кийин талапкер, талапкерлер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп таанылган учурда шайлоочулардын талапкерге, талапкерлерге берген добуштары шайлоо бюллетендерин жараксыз бюллетендерге кошуу менен жараксыз деп таанылат. Мындай талапкердин, саясий партиянын кайра шайлоого катышуусуна жол берилбейт.
(Абзац КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Шайлоо участкасында ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси алган добуштардын санын так аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген добуш берүүнүн, добуштарды саноонун, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол түзүүнүн тартибин бузуулар шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын анык белгилөөгө мүмкүнчүлүк бербеген тартип бузуулар деп түшүнүлөт.
Шайлоо участогунда добуш берүүнүн, добуштарды саноонун же добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоонун жүрүшүндө шайлоочулардын өз эркин билдирүүлөрүнө таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууларына, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан бузуулар шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар деп түшүнүлөт.
6. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп тааныйт:
1) эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн бирин камтыган шайлоо участокторунун бөлүгүндөгү добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылса;
2) эгерде талапкер (талапкерлер) боюнча добуш берүүлөрдүн анык эмес деп таанылган жыйынтыктары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын камтыса.
(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88, 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2021-жылдын 26-августундагы N 103, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
37-1-берене. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялоонун тартиби
1. Ар бир шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөнүнө жараша анын расмий сайтына токтоосуз жайгаштырылат, алар юридикалык мааниге ээ болбогон алдын ала маалымат болуп саналат.
2. Ар бир шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор добуш берүү күнүнөн тартып 18 календарлык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат.
3. Шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмелери добуш берүү күнүнөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат.
4. Аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдору добуш берүү күнүнөн тартып 19 календарлык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат.
(КР 2017-жылдын 5-июнундагы N 96 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
38-берене. Кайра шайлоо
1. Эгерде шайлоо жараксыз жана болбой калды деп таанылган, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкер, көп мандаттуу шайлоо округу боюнча катталган талапкерлер шайланбай калган учурда, кайра шайлоо дайындалат. Кайра шайлоо бир айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат жана тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлөт. Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо, башка аракеттер, анын ичинде шайлоо боюнча шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрүн аныктоо, ушул конституциялык Мыйзамда жана Борбордук шайлоо комиссиясынын актыларында каралган тартипте жүзөгө ашырылат. Кайра шайлоону өткөрүү жөнүндө билдирүү кайра шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 7 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
2. Кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда, иш аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан шайлануучу орунга талапкерликке көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.
3. Эгерде мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын кызмат адамдарынын чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) шайлоонун жыйынтыктарын жана (же) натыйжаларын жараксыз деп таануу үчүн негиз катары кызмат кылган учурда, кайра шайлоо шайлоого катышкан жана кайра шайлоого катышууну каалоолорун билдирген талапкерлердин, саясий партиялардын арасында өткөрүлөт.
(КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Көңүл буруңуздар! КР 2020-жылдын 22-октябрындагы N 1 конституциялык Мыйзамынын 1-беренесине ылайык берилген берененин колдонулушу токтотулду.
39-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын жарыялоо
1. Аймагында шайлоо комиссиясынын иш аракети жайылтылган ар бир шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары, шайлоонун натыйжалары шайлоо округу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жана түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколунда камтылган маалыматтардын көлөмүндө, алардын талабы боюнча шайлоочуларга, талапкерлерге, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнө, байкоочуларга, эл аралык байкоочуларга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө таанышуу үчүн берилет.
Ар бир шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшүүсүнө жараша Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына токтоосуз жайгаштырылат. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылган добуш берүүнүн жыйынтыктарынын маалыматтары юридикалык мааниге ээ болбогон алдын алма маалымат болуп эсептелет.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө жалпы маалыматтарды шайлоонун натыйжасы чыгарылгандан кийин бир күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жиберет.
3. Шайлоонун натыйжаларын, ошондой эле талапкерлердин, талапкерлердин тизмелеринин ар бири алган шайлоочулардын саны жөнүндө маалыматтарды; алардын негизинде аныкталган түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунда камтылган маалыматтарды кошуп алганда, Президенттик кызматка талапкерлердин ар бири, көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлер алган добуштардын, бардык талапкерлерге каршы добуштардын натыйжаларын расмий жарыялоо, шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР 2021-жылдын 26-августундагы N 103, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык))
8-глава
Шайлоону каржылоо
40-берене. Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү каржылык камсыз кылуу
1. Шайлоо комиссияларынын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Каржылоонун тартиби Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзамдарда аныкталат.
2. Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү программаларын, маалыматтык, билим берүү, илимий-изилдөө программаларын, шайлоону техникалык даярдоону, шайлоочулардын укуктук маданиятын жогорулатууну кошпогондо, чет мамлекеттердин, Кыргыз Республикасында катталган чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, башка чет өлкөлүк юридикалык жактардын, алардын бөлүмдөрүнүн жана өкүлчүлүктөрүнүн, чет өлкөлүк жарандардын, эл аралык уюмдардын, катышуучусу чет өлкөлүк жарандар болуп саналган юридикалык жактардын шайлоону каржылоосуна тыюу салынат.
(КР 2022-жылдын 18-октябрындагы N 97 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
41-берене. Шайлоо фонддору
1. Жарандар талапкерликке көрсөтүлгөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтерди бергенге чейин шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорун ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте түзөт.
Талапкерди көрсөткөн саясий партия шайлоо комиссиясы тарабынан ушул конституциялык Мыйзамдын 54 жана 62-беренелеринде каралган тартипте саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катталгандан кийин өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн 5 календардык күндүн ичинде шайлоо фондун түзөт.
Талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар катталгандан кийин, шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоо үчүн ачылган өздөрүнүн шайлоо фонддорунун эсептерин жүргүзүүнү улантат.
(Абзац КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фонду мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен төмөнкү каражаттардын, атап айтканда, төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
- талапкердин, саясий партиянын өз каражаттарынан;
- ушул берененин 3-бөлүгүндө саналган жактарды кошпогондо, жарандардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.
2-1. Талапкердин, саясий партиянын өз каражаттарын жана ыктыярдуу кайрымдуулуктарды шайлоо фондуна төгүү банктык эсептешүү эсеби аркылуу накталай эмес төлөм же болбосо банктык мекемелердин эсептик-кассалык бөлүмдөрү аркылуу накталай төлөм түрүндө жүргүзүлөт. Мындай кайрымдуулук жашыруун деп таанылбасы үчүн, идентификациядан өтпөгөн төлөм тутумдары аркылуу акча каражаттарын накталай эмес которууга же төгүүгө тыюу салынат.
Ыктыярдуу кайрымдуулукту төгүүдө жаран төлөм документинде өзү жөнүндө төмөнкү маалыматтарды көрсөтөт: жеке идентификациялык номерин (ЖИН), фамилиясын, атын, атасынын атын.
Юридикалык жактын ыктыярдуу кайрымдуулугун төгүүдө төлөм тапшырмасында ал жөнүндө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт: салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН), аталышы.
3. Шайлоо фонддоруна төмөнкүлөрдүн ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнө жол берилбейт:
- чет мамлекеттердин, чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, башка чет өлкөлүк юридикалык жактардын, алардын бөлүмдөрүнүн жана өкүлчүлүктөрүнүн, катышуучусу чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар болуп саналган чет өлкөлүк жарандардын, эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактарынын;
- жарандыгы жок адамдардын;
- мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;
- мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын;
- уставдык капиталында мамлекеттик же муниципалдык үлүш бар, ошондой эле салыктар, жыйымдар жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча жеңилдиктерден пайдаланган юридикалык жактардын;
- аскер бөлүктөрүнүн, аскердик мекемелердин жана уюмдардын;
- укук коргоо органдарынын, соттордун;
- кайрымдуулук менен алектенген уюмдардын;
- диний уюмдардын;
- атын атабай кайрымдуулук кылуучулардын (атын атабай кайрымдуулук кылуучу болуп төмөнкү маалыматтардын бирин: фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган жеринин дарегин, паспорттук маалыматтарын көрсөтпөгөн, ошондой эле өзү жөнүндө анык эмес маалыматтарды көрсөткөн жаран түшүнүлөт).
Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна мамлекеттик бюджеттин же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдында карызы бар юридикалык жактардын, юридикалык жак түзбөстөн ишкердикти жүзөгө ашыруучу жеке жактардын акча каражаттарын кошууларына жол берилбейт. Көрсөтүлгөн юридикалык, жеке жактар шайлоо фондуна акча каражаттарын которгон учурда талапкер, саясий партия жоопкерчилик тартпайт. Эгерде талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна жогоруда көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактардан акча каражаттары келип түшсө, анда соттун чечими боюнча банк же башка мекеме бул каражаттарды мамлекеттик бюджетке же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которууга милдеттүү.
Эгерде кайрымдуулук ушундай кайрымдуулукту жасоого укугу болбогон жаран же юридикалык жак тарабынан берилген болсо, ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык ал кайрымдуулук берүүчүгө толугу менен кайра кайтарылууга тийиш.
Эгерде кайрымдуулук ушул конституциялык Мыйзамдын ушул беренесинин 2-бөлүгүнүн 54, 62-беренелеринин талаптарын бузуу менен жаран же юридикалык жак тарабынан берилген болсо, анда ал кайрымдуулук берүүчүгө толугу менен кайра кайтарылууга тийиш же ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген кайрымдуулуктун максималдуу өлчөмүнөн ашкан бөлүгү кайра кайтарылууга тийиш, мында кайра кайтаруунун себептери көрсөтүлөт.
Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайра кайтаруу менен байланышкан чыгымдар аларды берген жарандардын жана уюмдардын эсебинен жабылат.
4. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фонддоруна келип түшкөн акча каражаттары шайлоо дайындалган күнгө Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн саналат. Белгиленген өлчөмдөн ашык түшкөн акча каражаттары шайлоо фондуна чегерилүүгө жатпайт жана жарандарга жана уюмдарга кайтарылып берилет. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайтарып берүүгө байланышкан чыгымдар аларды чегерген жарандардын жана уюмдардын эсебинен жабылат.
Кайра добуш берүү өткөрүлгөн учурда талапкердин бардык чыгымдарынын келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын жалпы чектик суммасы шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен бир жарым эсеге көбөйтүлүшү мүмкүн.
5. Шайлоо фондун түзүүчү бардык акча каражаттары банктык мекемедеги атайын эсепке которулат. Ушул эсеп Борбордук шайлоо комиссиясынын уруксаты менен талапкер, саясий партия тарабынан ачылат. Шайлоо фонддоруна келип түшүүчү акча каражаттары улуттук валютада гана кабыл алынышы керек. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер эсептелбейт жана төлөнбөйт.
Талапкер, саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун бир гана атайын эсебин ачууга укуктуу.
6. Банктык же мобилдик тиркемелердин тизмеги көрсөтүлгөн эсептерди ачуунун, жүргүзүүнүн, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тартиби банктык же башка мекемелер менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.
7. Шайлоо фонддорунун каражаттарын тескөө укугу аларды түзгөн талапкерлерге, саясий партияларга, алардын каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө таандык.
8. Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу болот. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн.
9. Шайлоо фонддорунун каражаттары шайлоо алдындагы үгүткө, талапкерди колдоо үчүн кол чогултууга багытталган шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү менен түзмө-түз байланышкан жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү, товарларды жана материалдарды сатып алуу боюнча уюштуруу-техникалык чараларды финансылык камсыз кылууга гана пайдаланылышы мүмкүн, анын ичинде:
- шайлоо төгүмүн ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген өлчөмдө төгүү;
- маалыматтык жана консультациялык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөргө, тартылган кызматкерлердин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө;
- жарнама-басма кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө (үгүт материалдарын чыгаруу жана жайылтуу, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда кулактандырууларды жана сүйлөнгөн сөздөрдү жарыялоо);
- жайларды, жабдууларды ижарага алуу;
- транспорттук жана иш сапары боюнча чыгымдарды жабуу;
- байланыш кызматтарын көрсөтүү;
- кеңсе товарларын, жабдууларды ж.б. сатып алуу
9-1. Майыптыгы бар талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине өзүнүн шайлоо фондунан каражат төгөт:
Жогорку Кеңештин депутаттыгына майыптыгы бар адамдардан турган талапкерлер үчүн шайлоо төгүмү майыптыктын тобун эске алуу менен белгиленет:
- III топтогу майыптарга - мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн жети жүз эсе өлчөмүндө;
- I жана II топтордогу майыптарга - мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн беш жүз эсе өлчөмүндө.
Талапкерди каттоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документ (түп нускасы) жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте майыптыгы бар экендигин белгилеген маалымкат берилет.
9-2. Талапкерлер өзүнүн шайлоо фондунун эсеби боюнча акча каражаттарынын келип түшүүсүнүн жана чыгымдалышынын эсебин жүргүзүүгө жана Борбордук шайлоо комиссиясына өзүнүн шайлоо фондунун өлчөмдөрү жана түзүүнүн бардык булактары, ошондой эле жүргүзүлгөн бардык чыгымдар жөнүндө финансылык отчетторду берүүгө милдеттүү. Шайлоо фонддорун түзүүнүн жана каражаттарын чыгымдоонун тартиби, отчеттордун мөөнөттөрү жана формалары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
10. Жарандар жана юридикалык жактар талапкерди шайлоого көмөктөшүүчү иш аракеттерге шайлоо фонддору аркылуу гана каржылык (материалдык) колдоо көрсөтүүгө укуктуу. Юридикалык жактарга, алардын филиалдарына, өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле жеке адамдарга шайлоого түздөн-түз же кыйыр түрдө байланыштуу жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, товарларды сатууну бекер аткарууга же негизсиз төмөндөтүлгөн бааларда аткарууга тыюу салынат. Талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, байкоочулары, шайлоо комиссиялардагы өкүлдөрү, өздөрүнүн ыйгарым укуктарын, шайлоого түздөн-түз же кыйыр түрдө байланыштуу жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү бекер аткарууга укуктуу.
11. Талапкерлерге, саясий партияларга шайлоочулардын колун чогултууга, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө, башка шайлоо алдындагы иш чараларды жүзөгө ашырууга өздөрүнүн шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттардан тышкары акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.
12. Банк же башка мекемелер Борбордук шайлоо комиссиясынын талабы боюнча - күн сайын 24 сааттын ичинде талапкердин, саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын келип түшүүлөрү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясына берип турууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн маалыматтар келип түшкөнүнө жараша милдеттүү түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жекече маалыматтар жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен жайгаштырылуусу тийиш.
13. Талапкерди каттоодон баш тартылган, талапкер өз талапкерлигин алып салган же талапкерди каттоо жокко чыгарылган (алып салынган) учурда шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттары салынган каражаттарга пропорциялуу түрдө аларды берген жарандарга жана уюмдарга токтоосуз кайтарып берүүгө тийиш. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайтарып берүүгө байланышкан чыгымдар аларды берген жарандардын жана уюмдардын эсебинен жабылат.
14. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу белгилүү жумуштарды аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө жарандар жана юридикалык жактар менен келишимдер (макулдашуулар) талапкердин жеке өзү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан түзүлөт. Талапкердин, саясий партиялардын атайын эсептеринен төлөөлөр боюнча келишимдер жана макулдашуулар добуш берүү күнүнүн алдыңкы күнүнөн кеч түзүлүшү мүмкүн эмес.
Жеке жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөр боюнча, ошондой эле атайын эсепте турган, чыгымдалбаган акча каражаттарын кайра кайтаруу боюнча бардык финансылык операциялар добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күндөн кечиктирбестен токтотулат.
Шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен байланышкан иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу (берүү) үчүн талапкердин, саясий партиянын жана жеке, юридикалык жактардын ортосундагы эсептешүүлөр накталай эмес тартипте гана жүзөгө ашырылат. Банктык эсептешүү эсеби бар болгондо мындай эсептешүүлөрдү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилүүчү тизмекке киргизилген мобилдик банктык тиркемелердин тутумдары аркылуу жүргүзүүгө жол берилет.
Мында талапкердин, саясий партиянын шайлоо өнөктүгү менен байланышкан белгилүү бир жумуштарды аткаргандыгы (кызматтарды көрсөткөндүгү) үчүн даректүү социалдык жардам алуучу, аз камсыз болгон жана жеңилдиктерге укугу бар адамдарга накталай эмес эсептешүү аркылуу акы төлөөсү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн мыйзамдарда каралган социалдык төлөмдөрдү төлөөдөн баш тартуусуна себеп болуп саналбайт.
14-1. Талапкер, саясий партия Кыргыз Республикасынын жарандары менен үгүт боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу жөнүндө келишимдерди төмөнкүдөй чектерде түзүүгө укуктуу:
- саясий партия бир талапкер үчүн 1000 үгүтчүдөн ашпайт, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер 10000 үгүттөөчүдөн ашпайт;
- көп мандаттуу округдан талапкер 1000 үгүтчүдөн ашпайт.
15. Кайра добуш берүү өткөрүүдө аларга карата кайра добуш берүү өткөрүлүп жаткан талапкерлердин атайын эсептери боюнча каржылык аткарымдар кайра добуш берүү күнү дайындалган күнү кайра ачылат.
16. Шайлоо төгүмү кайтарылбайт жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которулат.
16-1. (КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
17. Атайын эсептеги чыгымдалбаган акча каражаттарынын калдыктары добуш берүү күнүнөн кийин талапкерлерге, саясий партияларга кайтарылып берилет.
18. Шайлоо фонддорунун каражаттарына, көрсөтүлгөн фонддорго ыктыярдуу кайрымдуулук менен берилген жана чегерилген каражаттарга, ошондой эле көрсөтүлгөн фонддордун чыгымдарына салык салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.
19. Шайлоо фондунун атайын эсеби талапкер, саясий партия жыйынтык финансылык отчетту бергенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын көрсөтмөсү боюнча банктык мекеме тарабынан жабылат.
20. Талапкерлер, саясий партиялар өздөрүнүн шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүшүнүн жана чыгымдалышынын эсебин жүргүзүүгө жана тиешелүү финансылык отчетторду Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө милдеттүү. Финансылык отчеттордун тартиби, мөөнөттөрү жана формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
21. Шайлоо фонддорунун каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат, шайлоо өнөктүгүн финансылоо жөнүндө талапкерлердин, саясий партиянын финансылык отчеттору, шайлоо төгүмдөрүнүн келип түшкөн каражаттарынын суммасы жана мамлекеттик бюджетке которулган сумма жөнүндө маалымат жеке маалыматтар жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.
(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88, 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2020-жылдын 11-ноябрындагы N 2, 2021-жылдын 15-июлундагы N 84, 2021-жылдын 26-августундагы N 103, 2022-жылдын 18-октябрындагы N 97, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
42-берене. Шайлоону өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарынын чыгымдалышын көзөмөлдөө
1. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибин көзөмөлдөө шайлоо комиссиялары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышын көзөмөлдөө, ошондой эле талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүү булактарын, каражаттардын туура эсептелишин жана пайдаланылышын көзөмөлдөө, талапкерлердин, саясий партиялардын каржылык отчетторун текшерүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында саны 7 кишиден аз эмес көзөмөлдөө-текшерүү тобу түзүлөт. Көзөмөлдөө-текшерүү тобун уюштуруунун жана иштөө тартибин Борбордук шайлоо комиссиясы аныктайт.
3. Көзөмөлдөө-текшерүү тобуна төмөнкүлөр кирет: көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси, анын орун басары, көзөмөлдөө-текшерүү тобуна дайындалган шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, укук коргоо, каржылык жана башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин тартылган адистери, ошондой эле ишке тартылган эксперттери. Көрсөтүлгөн органдар, уюмдар жана мекемелер, Борбордук шайлоо комиссиясынын суроо-талабы боюнча шайлоону дайындоо жөнүндө расмий чечим жарыяланган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен адистерди анын карамагына жиберүүгө милдеттүү.
4. Тартылган адистер көзөмөлдөө-текшерүү тобунда иштеп жаткан убакытка негизги жумуштарынан бошотулат, аларга жумуш орду (кызматы), белгиленген кызматтык маянасы жана негизги иштеген жери боюнча башка төлөмдөр сакталат. Көрсөтүлгөн тартылган адистерге, эксперттерге ошондой эле шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сыйлык акы төлөнүшү мүмкүн.
5. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишин уюштурууну, укуктук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну Борбордук шайлоо комиссиясы жүзөгө ашырат.
6. Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Борбордук шайлоо комиссиясынын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча:
1) талапкерлердин, саясий партиялардын, төмөн турган шайлоо комиссияларынын каржылык отчетторун текшерет;
2) талапкерлерден, саясий партиялардан, шайлоо комиссияларынан өзүнүн компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча маалыматтарды суратат жана алат;
3) талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнү каржылоого, шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүгө түздөн-түз байланышкан башка иш чараларды жүзөгө ашырууларынын белгиленген тартибинин сакталышын көзөмөлдөйт;
4) көзөмөлдөө-текшерүү тобунун карамагына кирген бардык маселелер боюнча мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга, ошондой эле жарандарга кайрылат, шайлоону каржылык камсыз кылууга байланыштуу зарыл маалыматтарды жана материалдарды суратып алат. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун кайрылууларына жооптор жана ал сураткан материалдар - 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнүнө 5 жана андан аз күн калганда жана добуш берүү күнү - токтоосуз берилет;
5) шайлоону каржылоодогу каржылык бузуулар жөнүндө документтерди (корутундуларды, маалымкаттарды, эксперттик баалоолорду) түзөт;
6) талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоодо алар тарабынан кетирилген эреже бузуулар үчүн талапкерлерге, саясий партияларга, ошондой эле жарандарга жана юридикалык жактарга карата жоопкерчилик чарасын колдонуу жөнүндө маселени тиешелүү шайлоо комиссиясынын алдына коет;
7) текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, корутундуларды жана эксперттик баалоолорду даярдоого адистерди жана эксперттерди тартат.
(КР 2021-жылдын 26-августундагы N 103, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9-глава
Шайлоо эркиндигинин кепилдиктери
43-берене. Шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын шайлоонун эркиндигин камсыз кылуу боюнча иштери
1. Шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары, прокуратура органдары, ички иштер органдары Конституциянын, ушул конституциялык Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын так сакталышын камсыз кылат.
2. Добуш берүү күнү жана анын алдындагы күнү соттор, прокуратура органдары, ички иштер органдары үчүн жумуш күнү болуп саналат.
3. Ички иштер органдары шайлоо участкасынын аймагында добуш берүүнү өткөрүүдө шайлоо комиссиялары талап кылган, ошондой эле коомдук тартип бузулган учурда, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын чакыруусу боюнча добуш берүү үчүн жайда коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
4. Мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка субъекттеринин жарандардын шайлоо укуктарын, ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузган чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык прокуратура органдарына, ички иштер органдарына, шайлоо комиссияларына же сотко даттанылышы мүмкүн.
Мында ушул бөлүктүн үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, ички иштер органдары коомдук тартипти бузууга тиешелүү арыздарды (даттанууларды), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралган, шайлоо процессинин субъекттеринин аракеттерине карата арыздарды кароо боюнча иштерди жүргүзөт.
Прокуратура органдары аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан шайлоо мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөйт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралган алардын иш-аракеттерине карата арыздарды (даттанууларды) карайт.
Ушул бөлүктүн үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн адамдарды копшогондо, шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде жоопкерчилиги каралган, шайлоо процессинин субъекттеринин иш-аракеттерине карата арыздарды мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде карайт.
Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоо комиссияларынын бардык деңгээлдеринде ыкчам аракеттенүүчү координациялык топтор түзүлөт, алардын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет. Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топтун негизги функциялары шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна карата ыкчам аракет көрүү жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу жарандарга маалымдоо болуп эсептелет.
Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топтун иш тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
Мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрыла алышат. Арыздар (даттануулар) жүйөлүү болуп, аларга негизделген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.
5. Шайлоочулардын, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоо жүрүмүнүн башка субъекттеринин шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздары (даттануулары) прокуратура жана ички иштер органдары тарабынан арыз (даттануу) келип түшкөн учурдан тартып 2 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнүн алдындагы күнү токтоосуз каралуусу тийиш. Эгерде шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурда, алар боюнча чечимдер 3 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Прокуратура органдары, ички иштер органдары арыз (даттануу) боюнча кабыл алынган чечимдин көчүрмөсүн тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз жөнөтөт.
6. Арыздары (даттанууларды) кароодон баш тартылган учурда, прокуратура органдары, ички иштер органдары баш тартуунун негиздерин баяндоо менен чечимдин көчүрмөсүн токтоосуз берүүгө милдеттүү.
(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88, 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
44-берене. Шайлоо жүрүмүнүн субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) даттануу
1. Шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын шайлоо жүрүмүнүн субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиктери) жогору турган шайлоо комиссиясына, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) сотко даттанылышы мүмкүн.
2. Шайлоо комиссияларынын жарандардын шайлоо укуктарын бузган чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, коомдук байкоочулар, арыз (даттануу) менен кайрылышы мүмкүн.
(Экинчи абзац КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Арыздарды (даттанууларды) ошондой эле шайлоо укуктарын, шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө маселе каралган башка учурларда, кызыкдар жактар же алардын өкүлдөрү кароонун күнү, убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылат. Көрсөтүлгөн жактар каралып жаткан маселенин маңызы боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө жана далилдерди келтирүүгө укуктуу.
4. Участкалык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын шайлоо жүрүмүнүн субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) округдук, аймактык шайлоо комиссиясына даттанылат.
5. Шайлоо жүрүмүнүн субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган округдук, аймактык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылат.
6. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) биринчи баскычтагы сотко, биринчи баскычтагы соттун чечими - Жогорку сотко даттанылат. Жогорку соттун чечими акыркы болуп саналат жана ага даттанууга болбойт.
7. Арыздар (даттануулар), шайлоо субъектине анын укуктары бузулганы, чечимдер кабыл алынганы, аракеттер (аракетсиздиктер) жасалганы жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып токтоосуз, бирок 3 календардык күндөн кечиктирбестен берилет.
8. Шайлоонун даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздар (даттануулар) шайлоо комиссиялары жана соттор тарабынан арыз (даттануу) келип түшкөн учурдан тартып 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнүн алдыңкы күнү - токтоосуз каралууга жатат. Эгерде шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурда, алар боюнча чечимдер 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Чечимди кабыл алган органдын колу коюлган жана мөөрү басылып ырасталган чечим жазуу жүзүндө токтоосуз арыз ээсине тапшырылат.
9. Арызды (даттанууну) кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечимге карата арыз (даттануу) - жогору турган шайлоо комиссиясына, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине даттануу чечим чыгарылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде сотко берилет. Аракетсиздикке даттанылган учурда, арыз (даттануу) - жогору турган шайлоо комиссиясына, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын аракетсиздигине даттанганда аракет көрүү керек болгон күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде сотко берилет.
10. Жогору турган шайлоо комиссиясы төмөн турган шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырат же аны жокко чыгарат жана арыздын (даттануунун) маңызы боюнча чечим кабыл алат.
11. Сот арыздардын (даттануулардын) негиздүүлүгүн белгилейт жана талашылган чечимдерди, аракеттерди (аракетсиздиктерди) мыйзамсыз деп тааныйт жана Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарат, же болбосо эгерде талашылган чечимдер, аракеттер (аракетсиздиктер) мыйзамдуу болуп саналары аныкталса, арыздарды (даттанууларды) канааттандыруудан баш тартылат.
12. Арыздарды (даттанууларды) берүү мөөнөттөрү калыбына келтирилүүгө жатпайт. Арыздарды (даттанууларды) берүү мөөнөтү чечим кабыл алынгандан, аракет (аракетсиздик) жасалгандан кийинки күнү башталат. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.
13. Талаш-тартыштарды кароо менен байланышкан материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталууга тийиш.
(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88, 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2019-жылдын 8-августундагы N 116. 2021-жылдын 26-августундагы N 103, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
45-берене. Шайлоо комиссиялардын добуш берүү жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу чечимдерине даттануу
1. Шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө чечимдерине талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана байкоочулар арыздар (даттануулар) менен кайрыла алышат.
2. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө тууралуу участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерине округдук, аймактык шайлоо комиссияларына даттанылат; аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерине Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылат; Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерине биринчи инстанциядагы сотко даттанылат; биринчи инстанциядагы соттун чечимдерине Жогорку сотко даттанылат.
3. Арыздар (даттануулар) добуш берүүнүн жыйынтыгы белгиленген же шайлоонун натыйжалары аныкталган учурдан тартып, 3 календардык күндүн ичинде берилет.
4. Келип түшкөн арыздар (даттануулар) шайлоо комиссиялары же соттор тарабынан келип түшкөн учурдан тартып 3 күндүк мөөнөттө каралууга жатат. Эгерде арызда (даттанууда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурда, алар боюнча чечимдер 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Чечимди кабыл алган орган тарабынан кол коюлган жана мөөрү басылып ырасталган чечим жазуу жүзүндө токтоосуз арыз ээсине тапшырылат.
5. Кабыл алынган чечимдерге арыздар (даттануулар) чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилет.
6. Сот ушул конституциялык Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу чечимин жокко чыгарышы мүмкүн.
7. Соттун чечими чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, кызмат адамдары, шайлоо комиссиялары жана шайлоо жүрүмүнүн башка катышуучулары үчүн аткарылууга милдеттүү.
Сот тарабынан кабыл алынган жүйөлүү чечим токтоосуз арыз ээсине, жоопкерге же алардын өкүлдөрүнө, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.
Ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө кассациялык даттануусунун берилиши, Борбордук шайлоо комиссиясынын биринчи инстанциядагы соттун чечимин аткаруусун токтото турат.
8. Биринчи инстанциядагы соттун чечимине даттануу соттун чечими чыгарылган учурдан тартып, 3 календардык күндүн ичинде берилиши мүмкүн.
9. Райондук (шаардык) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине даттануу кассациялык тартибинде Жогорку сотко келип түшкөн күндөн тартып, 5 календардык күндүн ичинде каралат.
Кассациялык даттануусу Жогорку сотко алып келинет, ал милдеттүү түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлүн чакырат.
Соттун чечимине кассациялык даттануусу чечим чыгарган тиешелүү сот аркылуу алып келинет. Даттанууну түздөн-түз кассациялык инстанциясына берүү даттанууну кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
Кассациялык инстанциясынын сотунун токтому чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет, акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.
10. Арыздарды (даттанууларды) берүү мөөнөттөрү калыбына келтирилүүгө жатпайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр бүткөндөн кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.
11. Талаш-тартыштарды кароо менен байланышкан материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталууга жатат.
12. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери жана токтомдору тигил же бул негиздер боюнча сот тарабынан кайра каралууга тийиш эмес.
(КР 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2021-жылдын 26-августундагы N 103, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
46-берене. Талапкерди каттоону жокко чыгаруу, шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө чечимдерин жокко чыгаруу үчүн негиздер
1. Шайланган талапкердин каттоосу, талапкер өзүнүн пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтарды жашырып койгонунун, анын ичинде талапкердин мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу же ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган жагдайлардын бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандыгы жөнүндө, колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген негиздерде анын башка пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтар талапкер тарабынан жашырган фактылары далилденген учурларда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат.
2. Талапкерди каттоо төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:
1) ушул конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин 6-бөлүгүндө жана 61-беренесинин 14-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдө талапкер өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө арыз бергенде;
2) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо талапкер же саясий партия шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайызынан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда, же болбосо талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашык чыгымдаганда;
3) ушул конституциялык Мыйзамдын 21, 53 жана 61-беренелеринде белгиленген талаптар бузулганда;
4) талапкердин мамлекеттик кызматтагы жана муниципалдык кызматтагы адамдар, мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын жана саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлери, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери менен аларды шайлоо алдындагы үгүт ишине катыштырбастан жана иш убактысынан тышкары жолугушууларын кошпогондо, талапкер, анын өкүлдөрү тарабынан талапкерди шайлоо максатында административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануунун жол берилбестиги тууралуу ушул конституциялык Мыйзамдын 21-1-беренесинде каралган талаптар бузулганда;
5) талапкердин, саясий партиянын жетекчилигинин же аткаруу органынын кызматкерлеринин же алардын өкүлдөрүнүн ушул конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга түздөн-түз тиешеси болгон фактылар ырасталганда;
6) талапкердин, саясий партиянын жетекчилигинин, аткаруу органынын кызматкерлеринин, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, байкоочулардын, ошондой эле жакын туугандарынын шайлоочуларды сатып алууну, же ушул конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө белгиленген бузууларды жасаган же ага тиешеси болгон фактылар ырасталганда;
7) талапкерге карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргенде.
3. (КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Президентти шайлоонун жыйынтыктары аныкталгандан кийин жана шайланган талапкерге мандатты тапшырганга чейин, ушул талапкерде пассивдүү шайлоо укугу болбогондугу тууралуу, анын ичинде, анда мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандык экени жөнүндө маалыматтар ырасталган, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, шайлоонун натыйжалары жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жокко чыгарылат жана шайлоо жараксыз деп таанылат.
Эгерде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктагандан кийин жана шайланган талапкерди Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттаганга чейин анда пассивдүү шайлоо укугунун жок экени тууралуу, анын ичинде, мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгону бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандык экени жөнүндө маалыматтар ырасталган, ошондой эле ал каза болгон учурда, ушул шайланган талапкерди каттоо жөнүндө чечим кабыл алынбайт. Бул учурда ушул конституциялык Мыйзамдын 65-беренесинин талаптарын эске алуу менен кийинки шайланган талапкер катталат.
5. Ушул беренеде көрсөтүлгөн негиздер шайланган талапкерди, анын ичинде талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу, шайлоонун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу үчүн толук жетиштүү болуп саналат.
6. Шайлоо өнөктүктүгүнүн жүрүшүндө алардын өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары же үгүтчүлөрү тарабынан жасалган бузуулар үчүн, эгерде ошол бузууларга талапкердин өзүнүн түздөн-түз тиешеси далилденбесе, талапкерлер жоопкерчилик тартпайт. Талапкерди каттоону жокко чыгаруу анын билип туруп, макулдугу же тикелей көрсөтмөсү менен жасалган, ушул конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2, 3 жана 4-бөлүктөрүн бузуусун ырастаган, мыйзамдуу күчүнө кирген сот өкүмүнүн негизинде гана мүмкүн.
(КР 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2021-жылдын 26-августундагы N 103, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
47-берене. Шайлоо укуктарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкү адамдар жазык же башка жоопкерчиликтерди тартат:
1) күч колдонуу, алдоо, коркутуу, будамайлоо же башка ыкма менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо жана шайлануу укугун жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылган, же болбосо добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузган; же жарандардын шайлоочулардын тизмеси менен таанышууга укугун бузган; же жарандарды талапкерди колдоп кол коюуга мажбурлаган же аларга тоскоолдук кылган, ошондой эле кол коюу маалыматтарын оңдоого катышкан, же шайлоочуларды сатып алууну жүзөгө ашыргандар;
2) шайлануу максатында администрациялык ресурсту кыянаттык менен пайдалангандар же каттоого алынган шайлоочулар (шайлоочулардын тизмеси) жөнүндө маалыматтарды өз учурунда түзбөгөндөр жана көрсөтүлгөн маалыматтарды тиешелүү шайлоо комиссияларына жөнөтөр алдында тактабагандар; же шайлоону каржылоо эрежелерин бузгандар, анын ичинде, шайлоо комиссияларына каражаттарды которууну кармагандар; же жарандарга башка адамдар үчүн добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү үчүн шайлоо бюллетендерин бергендер; же шайлоо документтерин жасалма жасоону жүзөгө ашыргандар, билип туруп жалган документтерди түзгөн жана бергендер; же билип туруп добуштарды туура эмес саноону же билип туруп добуш берүүнүн жыйынтыктарын туура эмес белгилөөнү, шайлоонун натыйжаларын туура эмес аныктоону жүзөгө ашыргандар; өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерге карабастан, добуш берүүнүн жыйынтыктары, шайлоонун натыйжалары тууралуу маалыматтарды бербегендер же жарыялабагандар;
3) талапкерлер, саясий партиялар жөнүндө жалган маалыматтарды билип туруп таркаткандар, же талапкерлердин, алардын жакын туугандарынын жана талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген башка аракеттерди жасагандар, же болбосо шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, байкоочулардын, эл аралык байкоочулардын, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн укуктарын, анын ичинде маалыматтарды жана шайлоо документтеринин көчүрмөлөрүн өз убагында алуу укуктарын бузгандар; же байкоочуларды, эл аралык байкоочуларды, талапкерлерди, талапкерлердин, саясий партиялардын тизмесин, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн каттоодон негизсиз баш тарткандар; шайлоо участкаларында шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылгандар; же шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандар, анын ичинде добуш берүү күнүнүн алдыңкы күнү жана добуш берүү күнү үгүт жүргүзгөндөр; алардын өз милдеттерин аткарууларына байланыштуу шайлоо комиссияларынын жумушуна тоскоолдук кылгандар же мыйзамсыз кийлигишкендер; добуш берүүчү жайдан шайлоо бюллетендерин алып чыккандар; же шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө отчетторду, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каржылык отчетторун жана шайлоону өткөрүүгө бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө каржылык отчетторун бербегендер же жарыялабагандар, ошондой эле шайлоого катышуу үчүн ушул конституциялык Мыйзамда каралган өргүүнү берүүдөн баш тарткан жумуш берүүчүлөр.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-глава
Президентти шайлоо
48-берене. Президентти шайлоону дайындоо
1. Президентти кезектеги шайлоо иштеп жаткан Президенттин шайланган ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат.
2. Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо Конституцияда каралган учурларда, иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат жана иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып 3 айлык мөөнөттө өткөрүлүшү керек. Бул учурда ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо иш аракеттеринин мөөнөттөрү чейрекке кыскартылат.
3. Эгерде Жогорку Кеңеш Президентти шайлоону же мөөнөтүнөн мурда шайлоону ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө дайындабаган учурда, Президентти шайлоо же мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган болуп эсептелет. Мындай учурларда шайлоону дайындоонун мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күн шайлоонун дайындалган күнү болуп эсептелет.
4. Борбордук шайлоо комиссиясы ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыкканда, шайлоону өткөрүү күнү дайындалган болуп эсептелгенден тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына Президентти шайлоону же мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүнүн күнүн расмий жарыялайт жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген мөөнөттө шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат.
(КР 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2025-жылдын 28-апрелиндеги N 82 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
49-берене. Президенттин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү тартиби
1. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт. Шайлоочулардын 30 миңден кем эмес колун топтогон жана өз шайлоо фондунун каражатынан Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебине мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он миң эсе өлчөмүндө шайлоо төгүмүн төккөн адам Президенттикке талапкер болуп каттала алат.
2. Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күнү башталат жана шайлоо күнүнө чейин 75 календардык күн калганда аяктайт.
3. Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү укугу өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен чыккан жарандарга, ошондой эле шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө карата белгиленген тартипте катталган саясий партияларга таандык.
Саясий партияларды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндө функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу бийликтин аткаруу бутагынын мамлекеттик органы катталган саясий партиялардын тизмесин түзөт жана шайлоону дайындоо жөнүндө чечим күчүнө кирген күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен, ар бир саясий партиянын жетекчисин, саясий партиянын мүчөлөрүн көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоочу булактарга тизмени жарыялайт жана ошол эле мөөнөттө аталган тизмени Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтөт.
4. Саясий партия тарабынан Президенттин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү анын уставында каралган тартипте, саясий партиялар жөнүндө мыйзамдардын жана ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. Талапкер тапшырылган документтердин ишенимдүүлүгү үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
Саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколу талапкердин Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызын тиркөө менен саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына машина менен окуй турган түрдө тапшырылат.
Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди берген адамга аларды алгандыгы тууралуу жазуу жүзүндө ырастама (маалымдама) берүүгө милдеттүү.
Ырастама (маалымдама) документтер тапшырылгандан кийин токтоосуз берилет.
5. Президенттин кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү үчүн талапкер же талапкерди көрсөткөн саясий партия Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкүдөй документтерди (Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген форма боюнча басылма түрүндө) берет:
1) өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга ниеттенгендиги жөнүндө талапкердин арызын;
2) талапкер саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн учурда - Президенттин кызмат ордуна аталган саясий партиядан талапкер болуп көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызын тиркөө менен саясий партиянын талапкерди көрсөтүү тууралуу чечиминин протоколу, ошондой эле саясий партиянын уставынын жана саясий партияны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
3) паспорттун көчүрмөсүн;
4) ушул конституциялык Мыйзамдын 51-беренесинде каралган сертификатты;
5) төмөнкүдөй документтерди:
- башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги тууралуу;
- талапкердин кайсыл бир учурда соттолгондугу, соттуулугу бар экендиги жөнүндө, эгерде талапкер колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде кылмыш деп таанылган жосундары үчүн тиешелүү мыйзам актыларына ылайык соттолгон болсо, талапкердин соттолуусуна негиз болгон Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин беренесинин (беренелеринин) номерин (номерлерин) жана аталышын (аталыштарын), чет мамлекеттин мыйзамынын беренесин (беренелерин) көрсөтүү менен, же соттуулугунун жоктугу жөнүндө;
6) жеке маалыматты, анын ичинде башка мамлекеттин жарандыгынын (анын ичинде мурдагы жарандыктары, башка жарандыгы) бар же болбосо жоктугу жагынан маалыматтарды топтоого жана талдап чыгууга жазуу жүзүндөгү макулдукту.
6. Талапкер ооруп калган, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайларда жаткан учурларды кошпогондо, ал ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына жеке өзү тапшырууга милдеттүү (мында талапкердин арыздагы колунун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү керек же талапкер дарыланып жаткан стационардык дарылоо-алдын алуу мекемесинин администрациясы, ал шектүү же айыпталуучу катары камакта кармалган мекеменин администрациясы тарабынан жазуу жүзүндө күбөлөндүрүлүүгө тийиш). Талапкердин өтүнүчү боюнча документтерди берүүгө адамдын ыйгарым укуктары талапкер нотариат жөнүндө мыйзамдарга ылайык берген ишеним кат менен ырасталууга тийиш.
Шайлоо документтерин берүү, аларда камтылган маалыматтардын толуктугу жана ишенимдүүлүгү үчүн, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен берилүүчү документтердин таризделишинин шайкештиги үчүн жоопкерчиликти талапкер жана көрсөтүү тартибине карабастан саясий партия тартат.
Жазык же башка жоопкерчиликке алып келүүчү мыйзамдар бузулган белгилер табылган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы укук бузуу фактысын аныктоо жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн тиешелүү документтерди жана материалдарды укук коргоо органдарына же башка ыйгарым укуктуу органдарга, сотко жөнөтөт.
7. Борбордук шайлоо комиссиясы ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык документтер берилгенден кийин, документтерди берген адамга аларды алгандыгы жөнүндө берилген документтердин алынган датасын жана тизмесин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү ырастаманы (маалымдаманы) токтоосуз берүүгө милдеттүү.
8. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринде толук эместик жана (же) ылайык эместиктер бар экендигин тапса, документтерди алгандан кийин 48 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерге же талапкерди көрсөткөн саясий партияга табылган ылайык эместиктер жөнүндө билдирет. Талапкер же саясий партия билдирүүнү алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл документтерди, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.
Эгерде талапкер 48 сааттын ичинде зарыл болгон же оңдолгон документтерди бербесе, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерге документтерди кайтарып берет, мында мурда берилген жазуу жүзүндөгү ырастама (маалымдама) жараксыз деп эсептелет. Документтерди кайтарып берүү ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттүн чегинде талапкерди кайталап көрсөтүүгө тоскоолдук кылбайт.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2021-жылдын 26-августундагы N 103, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
50-берене. Президенттин кызматына талапкерге карата коюлуучу талаптар
1. Кыргыз Республикасынын Президенти 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
2. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык Президент болуп шайлана албайт.
3. Президент болуп добуш берүү күнүнө карата 35 жашка чыккан, чет мамлекеттин жарандыгы жок, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.
4. Президенттин кызмат ордуна талапкердин Конституцияда ага карата коюлган талаптарга ылайыктуулугун Борбордук шайлоо комиссиясы ушул конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер алынгандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү ырастаманы (маалымдаманы) талапкерге берген учурдан тартып 10 календардык күндүн ичинде аныктайт. Мында Президенттин кызмат ордуна талапкердин Кыргыз Республикасында жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашагандыгы тууралуу факт чек аралар боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматынын негизинде белгиленет.
Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн талапкер Конституциянын жана ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келерин ырастаган маалымдаманы көрсөтүлгөн талапкерге берүүгө милдеттүү.
5. Борбордук шайлоо комиссиясы Конституциянын жана ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келген көрсөтүлгөн талапкерлердин маалыматтарын (фамилиясы, аты, атасынын аты) аны көрсөткөн субъектти (өзүн-өзү көрсөтүү, саясий партия) көрсөтүү менен расмий сайтка жарыялайт.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2021-жылдын 26-августундагы N 103, 2025-жылдын 28-апрелиндеги N 82, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
51-берене. Президенттин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо
1. Президенттин кызмат ордуна талапкер Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген, мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык "Ортодон жогору" деңгээл катары мүнөздөлүүчү, карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш. Тилди билүүнүн деңгээли белгиленген үлгүдөгү сертификат (мындан ары - мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат) менен ырасталат.
2. Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү мекеме тарабынан тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча берилет.
3. (КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2021-жылдын 26-августундагы N 103 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
52-берене. Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдогон колдорду чогултуу
1. Президенттин кызмат ордуна талапкер 30 миңден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынууга тийиш.
2. Кол чогултуу талапкердин шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып жүргүзүлөт жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат. Кол коюу барактарын даярдоо жана кол чогултуу менен байланышкан бардык чыгымдар талапкердин шайлоо фонду аркылуу гана жүргүзүлөт. Талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу кол коюу барактарын даярдоо акысы төлөнгөн күндөн тартып башталат.
3. Кол активдүү шайлоо укугуна ээ шайлоочулардын арасында гана чогултулат. Шайлоочулардын колдорун чогултуу иштеген, кызмат өтөгөн, окуган, жашаган жерлерде, шайлоо алдындагы иш-чараларда, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамда үгүттөөгө жана кол чогултууга тыюу салынбаган башка жерлерде жүргүзүлөт.
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигин түрүнө карабастан уюмдардын башкаруу органдарынын, мекемелердин, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кол чогултууга катышуусуна, ошондой эле шайлоочуларды кол чогултуу процессине мажбурлоого жана кол койгондугу үчүн аларга сыйакы төлөөгө жол берилбейт.
4. Шайлоочулардын колдорун чогултуу укугу Кыргыз Республикасынын жашы жеткен, аракетке жөндөмдүү жаранына таандык.
5. Шайлоочулар ар башка талапкерлерди колдоп кол коюуга, бирок бир эле талапкерди колдоп бир гана жолу кол коюуга укуктуу.
6. Кол коюу барагынын формасы, колдорду чогултуунун жана текшерүүнүн тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.
Мында берилген колдордун саны шайлоочулардын 60 миң колунан ашууга тийиш эмес.
7. Президенттикке талапкерди колдоп кол чогултуу боюнча кол коюу барактары мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он миң эселенген өлчөмүндөгү шайлоо төгүмүн төлөгөндүгүн ырастаган документ менен бирге ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан шайлоо күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берилет. Борбордук шайлоо комиссиясы 10 күндүк мөөнөттө каттоо кызматтарынын кызматкерлерин жана сот-эксперттик иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттерин тартуу менен коюлган колдордун аныктыгын текшерет. Кол коюу барактарын кабыл алууда Борбордук шайлоо комиссиясы ар бир кол коюу барагын мөөр менен күбөлөндүрөт жана кол коюу барактары кабыл алынгандыгы жөнүндө жазуу түрүндө ырастама берет.
8. Коюлган колдордун аныктыгын текшерүү ушул беренинин 1-бөлүгүнө ылайык Президентикке талапкерге зарыл болгон сандагы ишенимдүү колдорду аныктаганга чейин жүргүзүлөт.
Текшерүү жүргүзүүнүн ар бир учуру жөнүндө каттоо үчүн колдорду тапшырган бардык талапкерлер кабарландырылышы керек. Коюлган колдорду текшерүүдө колдордун белгиленген санын тапшырган бардык талапкерлер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышууга укуктуу.
9. Эгерде ушул беренеде каралган талаптар сакталбаса, кол коюу барактары жараксыз деп эсептелет.
10. Борбордук шайлоо комиссиясы жекече маалыматтарды жана кол коюу барактарында көрсөтүлгөн жарандардын башка маалыматтарын текшерүүнү, анын ичинде мыйзамдарга ылайык ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен текшерүүнү жүзөгө ашырат.
11. Борбордук шайлоо комиссиясы текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкерге, анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө талапкерди колдогон шайлоочулардын ишенимдүү колдорунун Конституцияда жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген санын тапшыргандыгын ырастаган Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү документти берет.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
53-берене. Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо
1. Каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо күнүнө чейин 45 календардык күндөн кечиктирбестен ушул конституциялык Мыйзамдын 49-беренесине жана 52-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык мурда берилген документтерге толуктоо катары Борбордук шайлоо комиссиясына биографиялык маалыматтары бар анкетаны берет.
Борбордук шайлоо комиссиясы бардык документтер берилгенден кийин документтерди берген адамга токтоосуз түрдө аларды алгандыгы тууралуу, алган датасын жана берилген документтердин тизмесин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү ырастама (маалымдама) берет.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде аларды текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө чечим чыгарат. Так эместиктер же жетишпеген документтер табылган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы жетишпеген документтерди толуктоо же каталарды оңдоо жөнүндө жазуу жүзүндө корутунду берет. Документ берген адам жазуу жүзүндөгү корутунду алынган күндөн тартып 3 күндүн ичинде жетишпеген документтерди толуктоого же кетирилген каталарды оңдоого милдеттүү. Жазуу жүзүндөгү корутундуда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, Борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим чыгарат.
3. Каттоодон баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ушул конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди каттоо үчүн зарыл болгон документтерди бербөө;
2) талапкерди колдоп берилген шайлоочулардын ишенимдүү колдорунун санынын жетишсиздиги;
3) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;
4) ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген учурларда талапкер өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү;
5) ушул конституциялык Мыйзамдын 21-1-беренесинде каралган талаптарды сактабагандык;
6) эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турса же турган болсо.
Эгерде талапкер, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл болгон документтердин баарын бербесе, бирок каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин аларды кошумча берсе, шайлоо комиссиясы талапкерди каттоого милдеттүү.
4. Талапкерди каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутка аралыгында талапкерге же болбосо саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө баш тартуунун негизин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн чечим 5 күндүк мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.
5. Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө чейин 35 календардык күн калганда аяктайт.
6. Президенттин кызмат ордуна талапкер кандай болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу, бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына жеке өзү жазуу жүзүндө арыз берет же өз өкүлү аркылуу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн арызын жөнөтөт. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде талапкерди каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү.
7. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттагандан кийин 5-календардык күндөн кечиктирбестен ар бир талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, иштеген жана жашаган жерин, ошондой эле анын партиялык таандыктыгы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөзгө жарыялайт.
8. Борбордук шайлоо комиссиясы каттагандан кийин 2 календардык күндүн ичинде талапкерлерге катталган датасын көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү күбөлүктөрүн берет.
(КР 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
54-берене. Президенттин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фонду
1. Президенттин кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкердин Конституциянын, ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө маалымдама Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан берилгенден кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн, ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте өзүнүн шайлоо фондун түзөт.
2. Шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эске алынуучу үгүттүк-маалыматтык мүнөздөгү материалдардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
1) эсептик көрсөткүчтөн 150000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, талапкердин өз каражаттарынан;
2) эсептик көрсөткүчтөн 500000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, талапкерге саясий партия тарабынан бөлүнгөн каражаттардан;
3) алардын ар бири эсептик көрсөткүчтөн 500000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ыктыярдуу берүүлөрүнөн;
4) алардын ар бири эсептик көрсөткүчтөн 500000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ыктыярдуу берүүлөрүнөн.
Талапкердин шайлоо фондунан келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы 2000000 жолудан көп эсептик көрсөткүчтөн ашпоосу керек.
Шайлоо фондун түзүү тартибин бузуу жана шайлоо фондунун чыгымдарынын чектелген суммасынан ашырып жиберүү мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.
3. (КР 2017-жылдын 5-июнундагы N 96 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2019-жылдын 8-августундагы N 116. 2021-жылдын 26-августундагы N 103 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
55-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана Президентти шайлоонун натыйжаларын аныктоо
1. Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары өз жыйналыштарында өз аймактарындагы шайлоонун жыйынтыктарын чыгарат жана документтерди токтоосуз Борбордук шайлоо комиссиясына берет.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо күнүнөн кийин 20 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен Президентти шайлоонун натыйжаларын аныктайт. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыктарына ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылган учурда, шайлоонун натыйжаларын аныктоо алар сот тарабынан биротоло каралганга чейин токтотулуп турат.
3. Добуш берүүнүн биринчи турунда шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүн алган талапкер Президенттин кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.
56-берене. Кайра добуш берүү
1. Эгерде шайлоо бюллетенине Президенттин кызмат ордуна экиден ашык талапкер киргизилсе жана алардын бири да шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын кыйла көп добушун алган эки талапкер боюнча кайра добуш берүүнү дайындайт.
2. Кайра добуш берүү ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын сактоо менен, шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 20 күндүн ичинде өткөрүлөт. Кайра добуш берүү күнү жөнүндө билдирүүнү Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.
3. Эгерде кайра добуш берүүнү өткөргөнгө чейин Президенттин кызматына талапкердин бири чыгып кетсе, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча, жалпы шайлоодо алгачкы жолу кайра добуш берүү дайындалган талапкерлерден кийин, шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер кайра добуш берүү өткөрүү үчүн экинчи талапкер деп таанылат. Эгерде башка талапкерлер калбаган учурда, шайлоо бир талапкер боюнча өткөрүлөт.
4. Кайра добуш берүүдө шайлоочулардын добушунун кыйла көбүрөөк санын алган талапкер шайланды деп эсептелет.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
57-берене. Кайра шайлоо
Шайлоо жараксыз деп таанылган учурда, ошондой эле эгерде шайлоо бюллетенине эки талапкер киргизилип жана алардын бири да шайланбай калса, же кайра добуш берүүдө бир да талапкер шайланбаса, Жогорку Кеңеш бир айдын ичинде Президентти кайра шайлоону дайындайт.
Кайра шайлоо ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө өткөрүлөт.
Кайра шайлоо өткөрүү жөнүндө билдирүү тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин 3 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
58-берене. Президенттин кызматына киришүүсү
1. Шайланган Президент шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Кыргызстан элине төмөнкүдөй мазмундагы ант берет:
"Мен ..., Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына киришип жатып, Кудайдын жана элимдин алдында мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын адилеттүү ишке ашырууга, адамдын жана жарандын укуктарын коргоого, Кыргыз Республикасынын Конституциясын так аткарууга, элибиздин биримдигин жана мамлекетибиздин бүтүндүгүн жана коопсуздугун сактоого ант беремин.".
Ант Президент тарабынан мамлекеттик тилде берилет.
Президенттин ант берүү аземи республикалык телекөрсөтүү жана радио боюнча алып берилет.
2. Президентти шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялоо Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырат.
3. Борбордук шайлоо комиссиясы шайланган Президентти каттайт жана Президенттин кызмат ордуна киришип жатканда, ага Президент болуп шайланганы тууралуу ырастама, айырмалоо белгилерин - Президенттин төш белгисин жана фамилиясы, аты, атасынын аты, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү чегилип жазылган Штандартын (желегин) тапшырат.
(КР 2011-жылдын 25-ноябрындагы N 221 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-глава
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо
59-берене. Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоону дайындоо
1. Жогорку Кеңештин депутаттары 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
2. Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.
3. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен чыккан жарандарга таандык.
4. Шайлоо өткөрүлгөн күнгө карата 25 жашка толгон, жогорку кесиптик билими бар, депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүүнүн алдында республикада акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.
Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоодо өндүрүштүк, илимий, кызматтык себеп же башка зарылчылык боюнча өлкөнүн чегинен тышкары иш сапарларына байланыштуу ар бир жылда алты айга чейинки үзгүлтүктөргө жол берилет.
5. Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоолор Президент тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 100 календардык күндөн эрте эмес жана 90 календардык күндөн кеч эмес дайындалат. Учурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт аяктаган айдын жекшембиси добуш берүү күнү болуп саналат. Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт ал шайланган күндөн тартып эсептелет. Добуш берүүнүн натыйжасында ал ыйгарым укуктуу курамда шайланган күн Жогорку Кеңештин шайланган күнү болуп саналат.
6. Президент Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан учурда жана Конституцияда каралган учурларда - ал чечим кабыл алган же Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттө дайындайт.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо иш-аракеттеринин мөөнөттөрү үчтөн бирине кыскарат.
7. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө Президенттин жарлыгы кол коюлган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга тийиш.
8. Эгерде Президент ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындабаса, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалды деп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы 2 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү датасын расмий жарыялайт жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат.
9. Тиешелүү шайлоо округдарында чыгып кеткендердин ордуна көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаты чыгып кеткен учурда депутаттык мандат тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округунда добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көпчүлүк санын алган ошол эле жыныстагы шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берилет.
Талапкерлердин тизмесинде тиешелүү жыныстагы көрсөтүлгөн адамдар жок болгон учурда мандат ошол эле тизмедеги, карама-каршы жыныстагы, ошол эле шайлоо округунда добуштардын көпчүлүк санын алган кезек боюнча кийинки талапкерге өткөрүп берилет.
10. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тиешелүү шайлоо округдарынан чыгып кеткендердин ордуна эркектердин да, аялдардын да квотасы боюнча эки жыныстагы талапкерлер жок болгон учурда өткөрүлөт.
(КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
60-берене. Саясий партиялар тарабынан көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү тартиби
1. Саясий партиялардан көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү көп мандаттуу шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин аяктайт.
2. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жолу менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга саясий партияларды каттоо иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органында шайлоо жарыяланганга чейин катталган жана (же) кайра катталган саясий партияларга жол берилет.
3. Саясий партияларды мамлекеттик каттоо иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы катталган саясий партиялардын тизмесин түзөт жана шайлоону дайындоо жөнүндө чечим күчүнө кирген күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен, ар бир саясий партиянын жетекчисин көрсөтүү менен тизменин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактарында жарыяланышын камсыз кылат жана ошол эле мөөнөттө көрсөтүлгөн тизмени Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтөт.
4. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоого катышуу ниетин билдирген саясий партиялар ушул конституциялык Мыйзамга ылайык саясий партиядан талап кылынуучу шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалыматтарын көрсөтүү менен Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого катыша тургандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү кабарлоону жөнөтүүгө тийиш. Саясий партиянын уставынын нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелген жазуу жүзүндөгү кабарлоого саясий партиянын жетекчисинин колу коюлууга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияга кабарлоону алгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастаманы жана саясий партиянын шайлоо фондун түзүү максатында атайын шайлоо эсебин ачуу үчүн маалымдаманы кечиктирбей берүүгө милдеттүү.
5. Саясий партия шайлоо документтеринде пайдаланылган кыскача аталышын жана эмблемасын, эгерде алардын сыпаттамасы анын уставында камтылган аталышынан жана эмблемасынан айырмаланса, Борбордук шайлоо комиссиясы менен макулдашат. Саясий партиянын аталышы жана эмблемасы Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин аларды өзгөртүүгө шайлоо процесси аяктаганга чейин жол берилбейт.
6. Саясий партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына саясий партиянын курултайында жашыруун добуш берүү менен ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден талапкер көрсөтөт. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү ар бир талапкер талапкерлигин койгон көп мандаттуу шайлоо округун көрсөтүү менен жүзөгө ашырылат.
7. Саясий партия аталган ушул партиянын мүчөлөрү болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын жарандарын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып көрсөтүүгө укуктуу.
8. Саясий партия башка саясий партиялардын мүчөлөрү болуп саналган жарандарды Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып көрсөтүүгө укуксуз.
9. Саясий партия көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерди, талапкерлерди ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен кезексиз курултайда жашыруун добуш берүү менен кайра чакыртып алууга укуктуу.
10. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын курултайынын саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.
Саясий партиянын курултайынын чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин тиешелүү шайлоо округдары боюнча көрсөтүлгөн талапкерлердин курамы өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.
11. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүүдө саясий партия талапкерлердин жалпы санынын 70 пайызынан ашпаган бир жыныстагы адамдардын өкүлчүлүгү жөнүндөгү талапты сактоого милдеттүү.
12. Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкер жөнүндө маалыматтар саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө басма (кагаз) түрүндө жана электрондук сактагычта берилет. Талапкерлер жөнүндө маалыматтар саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан да Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат тутумуна электрондук машинада окула турган түрдө киргизилүүгө тийиш.
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жөнүндө маалыматтарды текшерүүдө соттолгондугу жана жогорку кесиптик билими бар (жок) экендиги жөнүндө расмий корутундуларды Борбордук шайлоо комиссиясына берет.
(КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
60-1-берене. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлерди көрсөтүү тартиби
1. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин аяктайт.
2. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерди көрсөтүү Кыргыз Республикасынын жаранынын Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арыз берүүсү аркылуу жүргүзүлөт. Мында талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн үч миң эсе өлчөмүндө шайлоо төгүмүн төгөт.
3. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көп мандаттуу шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.
(КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
61-берене. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо
1. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлерди каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:
1) саясий партиянын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн чечимин;
2) көп мандаттуу шайлоо округу боюнча көрсөтүлгөн ар бир талапкер тарабынан толтурулган, талапкер жөнүндө маалыматтарды (биографиялык жана башка маалыматтарды) камтыган атайын форманы, паспортунун көчүрмөсүн, жогорку кесиптик билими жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, иштеген же окуган жеринен маалым катты, башка мамлекеттин жарандыгынын жок экендиги жөнүндө декларацияны, соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды, чет мамлекеттин жарандыгынын (анын ичинде мурдагы жарандыктарынын, башка жарандыктарынын) бар же болбосо жок экендиги боюнча жеке маалыматтарды иштеп чыгууга жазуу жүзүндөгү макулдугун;
3) шайлоо төгүмүн төккөндүгүн күбөлөндүрүүчү документти.
Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүчү документтер саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
2. Майыптыгы бар жана буга байланыштуу өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды өз алдынча жазууга, ушул конституциялык Мыйзамда каралган башка документтерди толтурууга мүмкүнчүлүгү жок адам Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкер болуп көрсөтүлгөн учурда ошол адам бул үчүн башка адамдын жардамын пайдаланууга укуктуу. Мында каттоо документтерин толтурууга жардам көрсөтүп жаткан адамдын ыйгарым укуктары нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
3. Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн документтерди берген адамга аларды алгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө ырастаманы (маалымдаманы) берүүгө милдеттүү. Ырастама (маалымдама) документтер берилгенден кийин дароо берилет.
4. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар өздөрүнүн шайлоо фонддорунун каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебине ар бир талапкер үчүн шайлоо төгүмүн мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн үч миң эсе өлчөмүндө төгөт.
5. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү 40 календардык күндөн кечиктирбестен, добуш берүү күнү саат 18ге чейин Борбордук шайлоо комиссиясына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерди көрсөтүү жөнүндө арызды жана төмөнкү документтерди берет:
1) талапкер тарабынан толтурулган, талапкер жөнүндө маалыматтарды (биографиялык жана башка маалыматтарды) камтыган атайын форманы, паспортунун көчүрмөсүн, жогорку кесиптик билими жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, иштеген же окуган жеринен маалым катты, башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө декларацияны, соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды, чет мамлекеттин жарандыгынын (ошондой эле мурдагы жарандыктарынын, башка жарандыктарынын) бар же болбосо жок экендиги боюнча жеке маалыматтарды иштетүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугун;
2) шайлоо төгүмүн төккөндүгүн күбөлөндүрүүчү документти.
6. Борбордук шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерди, саясий партиядан талапкерлерди көрсөтүү тартибинин ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келишин текшерет жана талапкерлерди каттайт же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Аталган текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутумун колдонуу менен да жүргүзүлөт. Мында эгерде шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринде бул талапкерди каттоодон баш тартуу үчүн негиз болгон шайкеш эместикти тапса, документтерди алгандан кийин 48 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы бул жөнүндө талапкерге, саясий партияга кабарлоого милдеттүү. Талапкер, саясий партия кабарлоону алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.
7. Бир эле адамды бирден ашык көп мандаттуу шайлоо округу боюнча каттоого жол берилбейт.
8. Ушул конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 4-1-бөлүгүндө каралган факты болгондо талапкерди каттоого жол берилбейт.
9. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт.
10. Эгерде ушул беренеде белгиленген мөөнөттөрдө көп мандаттуу шайлоо округу боюнча бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо үчтөн аз талапкер катталса, анда Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча шайлоо талапкерлерди кошумча көрсөтүү жана кийинки шайлоо иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн 25 календардык күнгө кийинкиге жылдырылат.
11. Талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде саясий партиянын өкүлүнө, талапкерге баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
Талапкерди каттоодон баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:
- талапкерди каттоо үчүн ушул конституциялык Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө;
- ушул конституциялык Мыйзамда каралган талапкерди көрсөтүү тартибин сактабоо;
- талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;
- башка саясий партиядан талапкерди каттоо фактысынын болушу же болбосо талапкерди бирден ашык көп мандаттуу шайлоо округунда каттоо фактысынын болушу;
- талапкердин, саясий партиянын өзүнүн шайлоо фондун түзбөөсү;
- талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы;
- эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турса же болгон болсо.
12. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди каттоодон баш тартуу тууралуу чечим аны алган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде сотко даттанылышы мүмкүн.
13. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер каалаган убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына жеке өзү жазуу жүзүндө арыз берүү же болбосо ыйгарым укуктуу адамы аркылуу нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн арызды берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде талапкерди каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
14. Саясий партия каалаган убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө тиешелүү арыз берүү менен көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча көрсөтүлгөн талапкерди, талапкерлерди чакыртып алууга жана шайлоого катышуудан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттоо тууралуу чечимди жокко чыгарууга милдеттүү.
15. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлер катталгандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен, көрсөтүлүүчү субъекттин аталыштарын, ошондой эле талапкерлердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн) көрсөтүү менен көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөздө жарыялайт.
16. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттоодон кийин 2 календардык күндүн ичинде катталган датасын көрсөтүү менен аларга Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин ырастамаларын берет.
(КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
62-берене. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фонду
1. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар шайлоо өнөктүктүгүн каржылоо үчүн ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте өз шайлоо фонддорун түзөт.
2. Шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эсепке алынуучу үгүт-маалыматтык мүнөздөгү материалдардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
1) эсептик көрсөткүчтөн 15000 эседен ашпаган талапкердин өз каражаттарынан;
2) эсептик көрсөткүчтөн 1000000 эседен ашпаган саясий партиянын өз каражаттарынан;
3) өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 2000 эседен ашпаган жеке жактардын кайрымдуулук каражаттарынан;
4) өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 30000 эседен ашпаган юридикалык жактардын кайрымдуулук каражаттарынан.
Талапкерлерди көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондуна түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы ар бир талапкерге эсептик көрсөткүчтөн 200000 эседен ашпайт.
Шайлоо фондун түзүү тартибин бузуу жана шайлоо фондунун чыгымдарынын чектелген суммасынан ашып кетүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
(КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
62-1-берене. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин шайлоо фонду
1. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер шайлоо өнөктүктүгүн каржылоо үчүн ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте өз шайлоо фондун түзөт.
2. Шайлоо фонду Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эсепке алынуучу төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
- эсептик көрсөткүчтөн 100000 эседен ашпаган талапкердин өз каражаттарынан;
- эсептик көрсөткүчтөн 10000 эседен ашпаган көрсөтүлгөн саясий партия тарабынан талапкерге бөлүнгөн каражаттардан;
- өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашпаган жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарынан;
- өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашпаган юридикалык жактардын кайрымдуулук каражаттарынан.
Талапкерлердин шайлоо фондуна түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 200000 эседен ашпайт.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин шайлоо фондун түзүү тартибин бузуу жана шайлоо фондунун чыгымдарынын чектелген суммасынан ашып кетүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
(КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
63-берене. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо
1. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо болгон жок же жараксыз деп таанылган учурда кайра шайлоо дайындалат. Кайра шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат.
2. Кайра шайлоо ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө өткөрүлөт, мында шайлоо иш-аракеттеринин мөөнөттөрү үчтөн бирине кыскартылат. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен, кайра шайлоо өткөрүү жөнүндө билдирүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
3. Кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.
(КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
64-берене. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана расмий жарыялоо
1. Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы республика боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоонун натыйжаларын аныктайт.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен көп мандаттуу шайлоо округу боюнча ар бир талапкер үчүн берилген добуштарды эсептөөнү жүргүзөт.
3. Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган болуп тиешелүү аймактык шайлоо округунун добуш берүүгө катышкан шайлоочуларынын эң көп сандагы добушун алган үч талапкер таанылат.
Талапкерлердин алган добуштары бирдей болгондо көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган болуп каттоо үчүн документтердин топтомун датасы жана убактысы боюнча эрте берген талапкер эсептелет.
4. Тиешелүү көп мандаттуу округ боюнча мандаттарды бөлүштүрүүдө бир жыныстагы өкүлдөр үчүн экиден ашык мандат бөлүнүшү мүмкүн эмес.
5. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоодо 30дан кем эмес депутаттык мандат бир жыныстагы депутаттарга таандык болууга тийиш.
6. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун жыйынтыктары аныкталган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
(КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
65-берене. Жогорку Кеңештин депутаттарын каттоо, депутаттын бош мандатын ээлөө
1. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин бул тууралуу шайлоого катышууга уруксат берилген саясий партияларга жана депутат болуп шайланган талапкерге билдирет. Депутат болуп шайланган талапкер 3 күндүк мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө арызынын көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
2. Эгерде депутат болуп шайланган талапкер 3 күндүк мөөнөттө өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө талапты аткарбаса, анын депутаттык мандаты ушул конституциялык Мыйзамдын 64-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүндө каралган тартипте кезек боюнча кийинки талапкерге өткөрүп берилет.
3. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары аныкталгандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден өздөрүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө арыздарын алгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттайт жана аларга ырастаманы жана белгиленген үлгүдөгү төш белгини тапшырат.
4. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда депутаттык мандат Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча ушул конституциялык Мыйзамдын ушул беренесинин 6-бөлүгүндө каралган тартипте кийинки талапкерге өткөрүп берилет.
5. Депутаттын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:
1) ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө жазуу жүзүндө анын арыз берүүсү;
2) сот тарабынан аны аракетке жөндөмсүз деп таануу;
3) депутаттын каза болуусу;
4) аны дайынсыз жоголду же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кирүүсү;
5) ага карата соттун айыптоочу өкүмүнүн күчүнө кирүүсү;
6) депутаттык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга ылайык келбеген ишке өтүүсү же ишти таштабоосу;
7) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого чыгып кетүүсү;
8) жарандыктан чыгуусу, башка жарандыгынын бар экендигинин же болбосо башка жарандыкты алуу фактысынын аныкталышы;
9) бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарына жүйөлүү себептерсиз 10 же андан ашык иш күн келбөөсү;
10) шайлоонун жараксыз деп таанылышы;
11) депутаттык мандатты чакыртып алуу.
6. Депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округунда добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын эң көп сандагы добушун алган талапкерге ушул конституциялык Мыйзамдын 64-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүнүн ченемдерин сактоо менен берилет.
(КР 2025-жылдын 9-июнундагы N 113 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-глава
Корутунду жоболор
66-берене. Өткөөл жоболор
(КР 2017-жылдын 5-июнундагы N 96 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
67-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 5-июлундагы N 54 жарыяланды
2. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 9, 436-ст.);
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекске өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., N 10, 775-ст.);
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., N 10, 777-ст.);
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 1, 3-ст.);
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодекси, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 1, 20-ст.);
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 7, 735-ст.);
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 9, 871-ст.).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Р.Отунбаева |
2011-жылдын 30-июнунда |
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |